Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

Нарымбаев: Сотторду тандоо оңой-олтоң болбойт


Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарымбаев сот реформасы тууралуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү менен жолугат экен. Анда кайсы маселелердин тегерегинде сөз болот?

Данияр Нарымбаев: Өзүңөр жакшы билгендей, Сотторду тандоо кеңеши былтыр шайланган. Быйыл бир жыл болот. Башка президенттин мезгилинде болгон окуя. Роза Отунбаева да Сотторду тандоо кеңеши түзүлгөндө, жолугуп таанышып пикир алышкан болчу. Жаңы президент да жолугуп пикир алмашканы жатат. Себеби сот системасында аябай чоң проблемалар турат. Алдыда Жогорку Соттон тарта жергиликтүү сотторго чейин судьяларды тандоо, конституциялык палатаны түзүү турат.

Президент Сотторду тандоо кеңешин башынан колдоп келатат. Анткени кеңеш чоң кыйынчылыктарга такалып калган. Азыр баарыбыз биригип, кеңешти түзүп мүчөлөрүн шайлап таштап койбостон, алардын проблемаларын чечкенге, шарт түзүп бергенге мамлекет милдеттүү.

“Азаттык”: Азыр ошол сиз айткан туңгуюктан чыгуунун, маселени чечүүнүн жолдору табылдыбы?

Данияр Нарымбаев: Жалпысынан алганда сот системасында эки маселе бар. Биринчиси кадр маселеси. Азыр Конституцияда айтылгандай, биз судьялардын баарын жаңыдан шайлашыбыз керек. Айрымдары ордунда калат, айрымдарына жаңы судьялар келет.

Экинчи чоң маселе - бул соттордун ишине байланыштуу мыйзамдар, эрежелер, каражат маселеси, ички түзүлүшү, инстанциялар аралык мамиле деген сыяктуу маселелер бар. Президент мына ушуну түшүнүп, кызматка киришер замат мындан ары макулдашып, биригип чечим кабыл алалы деп өзүнүн жардыгы менен комиссия түзгөн. Ага үч бийлик бутагынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирген.

Түзүлгөн комиссия бир айдан ашык катуу иштеп, биргелешкен сунуштарды президентке бердик. Бардык проблемаларды анализдеп чыгып, сунуштарыбызды бергенбиз. Эки жумадан ашык убактан бери президент таанышып жатат. Таанышып бүткөндөн кийин өзүнүн пикирин тактап туруп, тиешелүү жардык чыгарса керек. Ошонун негизинде атайын жумушчу топтор түзүлүп, жай ичи катуу иштеп, мыйзам долбоорлорду даярдап, күзүндө парламенттин кароосуна жөнөтөбүз.

“Азаттык”: Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев өткөн жолку жыйында судьяларды тандоону саясатка аралаштырууга жол бербөө керек деп айтты. Сиздин баамыңызда, саясаттын таасири тийип жатабы?

Данияр Нарымбаев: Судьяларды тандоо келечекте саясатсыз өтүшү керек. Биз муну максат кылып ушуга умтулушубуз керек. Бирок азыр чындап ачык айтыш керек, биз муну таптаза өткөрө албайбыз. Сөзсүз түрдө шайланбай калгандардын, алардын тарапкерлеринин арасында нааразы болгондор болот. Бейөкмөт уюмдар да бул жараянга тыкыр көз салып турат.

Кийлигишүүлөр болбой койбойт. Ошол эле талапкерлер жөн эле жатып албастан депутаттарга жол таап, дагы башка аракеттерди кылышат. Себеби бул чоң иш да. Мисалы Жогорку Сотко 40 жаштагы киши шайланса, анда ал 30 жылга, 70 жашка чейин шайланып атпайбы. 30 жыл судья болуп иштейт. Ошондуктан мыйзамдуу болобу, мыйзамсызбы, айтор бүт күч-аракетин жумшайт. Муну ачык айтып, мойнубузга алышыбыз керек.

Менимче, президент Сотторду тандоо кеңеши менен жолукканда ушул негизги сөз болот болушу керек. Азыр биздин алдыбызда бул процессти мүмкүн болушунча таза, адилетүү өткөрүү милдети турат.
XS
SM
MD
LG