Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:12

Атамбаев: База тагдыры глобалдык маселе болуп калды


Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында. Бишкек, 29-декабрь.
Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында. Бишкек, 29-декабрь.

Президент Алмазбек Атамбаев 29-декабрда журналисттер менен жолугушуп, ой бөлүштү.

Анда мамлекет башчы өлкөнүн ички жана тышкы саясатына баа берди. Бирок баарын Башкек этегиндеги АКШнын транзиттик борборунун тагдыры кызыктырды.
Бардыгы "бюджет аткарылбайт, дефолт болобуз, маяна берилбейт, көчөдө калабыз", - деп айтып жаткан. Биз бюджетте каралбаган миллиарддаган каражатты сарптасак дагы, бюджетте каралган миллиарддаган акча келбей калса дагы жыл аягында капчыгыбызда 1,5 миллиард сом бар...

Президент Атамбаев өлкөдө туруктуулук жана элдин бүтүндүгү сакталышын өтүп бараткан жылдагы эң башкы жетишкендик катары баалады.

Бийлик толугу менен мыйзамдуу жолго түшүп, коалициялык көпчүлүк конструктивдүү саясий күчтөрдөн куралганын белгиледи:

- Коалиция биринчи аракеттен эле түзүлдү. Жаңы өкмөттүн курамы бирөөлөргө жагабы, жакпайбы бекиди. Кыргызстан абдан кичинекей мамлекет. Парламенттик башкарууну тандап алды. Кайсы партиялар парламентте отурса каалайбызбы, каалабайбызбы ошолор менен тил табышып өкмөт түзүп жатабыз. Мен жазында министрликтерди жок дегенде экөөнү кыскарталы деп сурансам да болбой коюшкан. Бул жолу чоң кыскартуулар болуп жатат.

Атамбаев мындай кыскартуулардан бюджетке 200 миллион сом үнөмдөлөөрүн да билдирди. Азыркы парламенттин мөөнөтү аяктаганга чейин иштешин кааларын айтты.

Президент экономикага токтолуп, 11 айда ички дүң өнүм 8,5 пайызга өскөнүн, инфляция ооздукталганын белгиледи. Кыргызстан банкрот болот деген жоромолдорду орунсуз деп баалады:

- Бардыгы "бюджет аткарылбайт, дефолт болобуз, маяна берилбейт, көчөдө калабыз", - деп айтып жаткан. Биз бюджетте каралбаган миллиарддаган каражатты сарптасак дагы, бюджетте каралган миллиарддаган акча келбей калса дагы жыл аягында капчыгыбызда 1,5 миллиард сом бар. Ошол эле ЕврАзЭШ бир жарым жылдан бери насыя беребиз деп жатып аягында бербей койду. "Булар дефолт болот, маяна бере албай калат", дешти. Андай болгон жок, андайга жол бербейбиз.

Атамбаев коррупция менен айыгышкан күрөш болоорун да айтты. Сот реформасын тезирээк ишке ашыруу керектигин белгиледи:

- Кыргыз элине эң керектүү нерсе бул - адилеттүү сот. Анткени коррупционерди кармап алып барсак деле чыгарып жибереби деген коркунуч бар. Сот реформасын тез арада өткөрүшүбүз керек. Бул жолу парламент бизди колдоп берет деп ойлоп турам. Бийлик бутактарынын баарын эле тазалабасак болбойт. Коррупция, криминал менен күрөшкөндөй эле күрөш болот. Мындан ары Кыргызстанда мыйзамдан өйдө турган адам болбойт. Мыйзамды бузсаң, уурдасаң, анда сенин ордуң түрмөдө.

Келечектеги ой-максатын ортого салып энергетикалык, экономикалык, коопсуздукту камсыздоо зарыл деп белгиледи.
Кыргыз элине эң керектүү нерсе бул - адилеттүү сот. Анткени коррупционерди кармап алып барсак деле чыгарып жибереби деген коркунуч бар. Мындан ары Кыргызстанда мыйзамдан өйдө турган адам болбойт. Мыйзамды бузсаң, уурдасаң, анда сенин ордуң түрмөдө...


Президент тышкы саясатка да токтолуп Орусиянын стратегиялык өнөктөш экенин дагы баса белгиледи. Москвадагы соңку сапары маалында орус-кыргыз алакасындагы маселелер жөнгө салынды деп айтты.
Тышкы саясаттагы келишимдер мындан ары Кыргызстандын кызыкчылыгына жараша гана көрүлөрүн айтып өттү.

Атамбаев Кыргызстандагы АКШнын аскердик базасы Манас аба майданында жайгашып турганын опурталдуу деген оюн кайталады. Анын пикиринче, бул базанын келечеги глобалдык планга чыгып, АКШ менен Орусиянын өз ара мунасасы аркылуу чечилсе оң болчудай. Транзиттик борбордун нукура жарандык статуска ээ болгону Кыргызстанга оңтойлуу болмок дегендей ой кыйытты жаңы президент.

Июнь коогасынын артында ким турганын акыр аягына териштирерин ишендирди. Улуттар аралык мамилени козуткандар кылмыш жообуна тартыларын эскертти.

Ал арада айрым серепчилер Атамбаев экономикалык маселелерге басым жасап, премьер-министр кезиндеги “чапанынан” арыла албай жатканын, президенттин милдети таптакыр башка экенин айтып сындап жатышат.

Саясат таануучу Эмил Жураевдин баамында, Атамбаев айрыкча экономикалык жаатта убадаларды бергенде астейдил болушу керек:

- Жаңы конституция боюча, президенттин ыйгарым укуктарына жараша өтө чоң убадаларды ишке ашыруу, айрыкча экономикага байланыштуу убадаларды ишке ашыруу бир аз кыйыныраак болот. Мисалы темир жол куруу, түндүк менен түштүкту бириктирген унаа жол салуу, дагы энергетика жаатында бир топ долбоорлорду айтып кетиптир. Булардын баары негизи өкмөттүн карамагындагы маселелер.

Атамбаев ант кармап, президенттик кызматка киришкенине бир ай болуп калды. Ошентип өткөөл учурдун президенти Роза Отунбаева шайлоодон жеңип чыккан Алмазбек Атамбаевге кызматын өткөрүп бериши менен Кыргызстандын эгемен тарыхында биринчи жолу президенттик бийлик тынч жол менен алмашты. Эми Атамбаев Баш мыйзамга ылайык, өлкөнү алты жыл башкармакчы.

XS
SM
MD
LG