Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:34

Саясат

Ташиев: Күчтүү саясатчыларды тартабыз

Оппозициялык маанайдагы “Бүтүн Кыргызстан” менен “Ата Журт” партиялары биргелешип иштөө чечимине келишти.

Текст көлөмү - +
Биригүү максаты, мындан кийинки кадамдар туурасында “Ата-Журт” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев кеп салат.

Маекти толугу менен ушул жерден угуңуз




"Азаттык":
Камчыбек мырза, ошентип эки партия биригүү чечимине келди. Эми мындан кийинки кадамдар кандай болот?

Камчыбек Ташиев: Эң негизги маселе - биригүү чечимин кабыл алдык. Мындан ары бир партияга биригебизби, же жаңы партия түзөбүзбү, аны сүйлөшүүлөрдүн негизинде жакынкы күндөрдө чечебиз. Ал эми биригүүнүн негизги максаты – акыркы 4-5 жылдан бери иштеп жаткан мамлекетти бөлүп-жаруу идеясын токтотуу. Ар ким өзүнчө саясатчы, өзүнчө башкаруучу, өзүнчө жетекчи, өзүнчө кыйын болуп атат. Биз ушул процессти токтотушубуз керек. Азыр биригүү, партияларды ирилештирүү процессине өтүшүбүз керек. Күчтүү-күчтүү саясатчылар биригип, бир идея менен кайсыл бир деңгээлде мамлекетти башкаруунун жаңы формаларын сунуш кылыш керек деп деп ойлойбуз.

“Азаттык”: Бул партия лидерлеринин гана бирүүгүсүбү, же жалпы партиянынбы?

Камчыбек Ташиев: Бул партия лидерлеринин кабыл алган чечимдери. Жакынкы күндөрү эки партиянын тең саясий кеңешинин өзүнчө чоң жыйындары болот. Ошол жерде бул чечимдерди дагы бир жолу тастыктайбыз. Андан соң “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ата-Журт” партияларынын биргелешкен чоң курултайы болот. Ошол жерде биз мындан ары кантип биригерибиз тууралуу чечим кабыл алынат. Партия “Бүтүн Кыргызстан” же “Ата-Журт” деп аталып калабы, же башка жаңы партия түзөбүзбү, ошондо белгилүү болот. Биз оппозициялык маанайдагы партияларды жана жеке адамдарды бириктирүү процесси менен кетебиз.

“Азаттык: Жаңы партия түзүлүп калышы да мүмкүн экенин айтып атасыз. Сиздер “Ата-Журт” партиясынан депутат болуп келдиңиздер. Бул жагы кандай болот?

Камчыбек Ташиев: Ушул маселелердин бардыгы мындан ары талкуунун негизинде гана жүргүзүлөт. Балким жаңы партия түзүлбөй калаар, мүмкүн биз эки партиянын бирине биригип каларбыз.

“Азаттык”: “Бүтүн Кыргызстан” дагы, “Ата-Журт” дагы салыштырмалуу өлкө түштүгүндө көбүрөөк колдоо тапкан партиялардан. Бул аймактык бөлүнүү, түндүк-түшүк маселесин курчутпайбы?

Камчыбек Ташиев: Бул эч кандай түштүк-түндүк маселесин курчутпайт. Биз түндүк жергебизден дагы көптөгөн күчтүү саясатчыларды өзүбүзгө тартканга аракет кылабыз. Ар дайым эле түндүк-түштүк деп бөлүнө бергендин пайдасы жок. Сөзсүз түрдө биз мамлекетти бүтүн, бирдиктүү кармаганга жана бөлүп-жарбаганга аракет жасайбыз. Тескерисинче, бүгүнкү күндө бийликтегилер ушул маселени жасап жатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: mukhammed kyrgyz каяктан: moskva
11.02.2012 15:39
salamatsunarbu urmattuu mekendeshter Madumarov menen Tashiev birigipse emne jaman bolmok bele kachanga cheyin ozubuzdu ozubuz jek korup jashap kelebiz bularga mumkunchuluk bereli ishtesin el uchun kuzmat kulsun

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.02.2012 23:08
Ой МЧС кучтуу политиктер сени кантип эрчисин. Мадумаровко окшогон эрчийт. Алда сени ойнотуп тыштап кетет кучуно келгенде.

кимден: Жони Ала бука
10.02.2012 13:49
Чын эле.Биз деле иштегибиз келет мекен учун. Эмнеге бул экоо туштуктун атынан чыгып атат. Ким буларга туштуктордун атынан жоопкерчиликти тапшырды. Жинди эчкини ээрчип бир короо кой кырылган экен.Биз туштуктор туура жолду таандаш керек. Эмне учун бул экоону карап угуп атабыз. Ой булар эми жинди эмес орточо ой жугурткон адамдар.Кругозорлору орто. Эмне биздин туштукто акылдуу жаштарыбыз толтураго. Бул экоо м-н туштук озубуз уят болуп олтурабыз. Болгон акылдуусу ушул экоо экен деп. Жаны партия жаны акылдуу жаштарды жактап алып чыгышыбыз керек. Кыйкырып бакырып эмес акыл м-н токтоо иш кылган жаштар чыккыла колдойбуз.
Пикирге жооп

кимден: Али каяктан: Ош
10.02.2012 18:46
Эмнеге дейсинби? Себеби сен туштуктон эмессин да, а Ала бука деп жон эле жазып койгонсун. А сени ким байлап отурат? Колундан келеби, чык, сага эч ким жолтоо болбойт. Блогдо олтуруп алып тим эле кыйын болосун, а чынында алардын кыгына куурай сая албайсын. Ташиев менен Мадумаровдун биригуусун коро албай ичинер куйуп жатат да, аны билебиз. Ич куйгондо туз жалоо керек-))))
Пикирге жооп

кимден: Жони Ала бука.
10.02.2012 21:34
Причем болгко олтуруп ачык эле айтайын алар кыгы болгондой кой беле . Ошол чыгалы деп эле атабыз. Колдое келип эле даярдык коруп атабыз. Эмне туштуктон болгондун баары Мадумаров м-н Ташиевти угуш керекби. Кызык адамчынго. Сага окшогондор кыргызды болуп тынчтыгын бузуп атат. Ошон учун жаны адамдар биз келебиз. Жди Али...Сен кайдан болсон боло бер. Мен Ала букадан элемин.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.02.2012 11:12
Туштук туугандар келгиле булардан болок.Таза чыгалбай жургон талантуу жаштарга жардам берип жаны партия тузолу.
Пикирге жооп

кимден: Эркин каяктан: Жалал Абад.Барпы
09.02.2012 20:36
Тупа туура айтасыз замандаш. Жаңы билимдүү,талантуу балдар турса.Бул экөөнү ким тапты. Бул экөө эмне Түштүктү менчиктеп алыптырбы? Ал кезде Ташиев МЧСта кайсыл кыргызга жыргаткан иш кылды. Мени деле МЧСтын генралы койгулачы.Келген гум помощьту бөлүп бере алам.Ошол да кыйын ишпи.Биринчи жакындарга калганын артса элге. Мадумаровга сөз жок..Ал элди түшүнбөйт,эл аны түшүнбөйт. Сынган кылыч китебиндеги каарманы аталгандай.Өзүнө өзү бий. Жаңы түштүктөгү талантуу балдарды бул экөөнөн күчтүү акылдуу жаштар көөп толтура. Ошолорду алып чыгыш керек. Булар эмне үчүн алардын жолун торош керек. Менчиктеп алышкансып. ЖАҢЫ АДАМДАРДЫ ЖАҢЫ ПАРТИЯ ТҮЗҮШ КЕРЕК.

кимден: Г. Абдрахманов каяктан: Баткен
08.02.2012 22:05
Оппозиция канчалык күчтүү болсо, аткаруу бийлиги (Президент, Премьер-министр) ошончолук таза болот. Оппозицияда "Ата-Журт" жалгыз калды эле, бул биригүү албетте бийлик бутактарынын таза аракеттешине алып барат. Ар бир окуяны жакшылыкка жоруган жакшы.

кимден: Мутобар каяктан: ош
08.02.2012 11:34
Эй мусулмондар качонга чейин биир жакши киши чыкса ошого артинан жаман суйлей беребиз? Бу ташиев деле адахам деле жакшы кишилер. Жалабата менин тугандаримди ошо ташиев саклаб калды. Бу мадумаров дела озбек-киргиз дебай баарига тегиз карайды. Сайловдо отпой каганда мен тушундим якши адам отпойт деб. Бу влас келди не болди канча баллар олди апрелде кийин ошто шуларга ким жооберет? Айтинчи, ей мусулмонлар, биз узбеклар киргиз, орус дебайбиз, Ташевда, Адахамда яхши адамлар. Бизге тинчлик керег.

кимден: Азат каяктан: Чуй
08.02.2012 10:39
Эн туура кадам. Бул жерде жердешчилик жыттанбайт.Тескерисинче бул биригууну сындап жаткандар болуп-жарууда кыргызды.

кимден: Болот каяктан: Бишкек
07.02.2012 22:51
Заман эмне болуп баратат???.Же саясатчылар Кыргызстан силерге бизнестин,кармаштын,таасир сынашуунун аренасыбы?.Атамбаев,Бабанов азыр элге шарт тузгонго аракет кыла баштады го.Же мурдагы президенттин бири ушинтип 2-3 айдын ичинде аракет кылганын кордунор беле.Ташиев менен Мадумаров эптеп эле кун жылыса,акчаны нкучу менен элди кочого чыгарып, олко ичиндеги проблемалардынулам бирин чубап,такыр болбой атса тундук-туштук маселесине басым жасап бийликке келсек дейт.Мейли тайсалдап кетип бийлик оодарылып кетти дейли,3чу революция болуп,кырылышып тынышалы,анан????.Эркек деген бири бири менен мушташып кырылышсын,айыл айыл болуп мушташсын,бирок мамлекеттин тагдыры мене нойноп мындай баш аламандыкты республикалык денгээлге алып чыгыштын зарылчылыгы барбы?.
Албетте экоонор тен жулунган эрлерденсинер,бирок экоонордун кылыгынарга боорум ооручу болду.Жек коруп да,боорум ооруп да турат.Ал эми элдин кыйналганын коруп журок ооруйт.
Же кудай тааладан белги болмоюнча тыйылбайсынарбы.Жакшы эле чалчактап жатасынар го дейм.Негизи чектен чыкчу учур жакындап калды окшойт.
Кыстыра кетчу нерсе Ташиев чон муштум болсо да патриоттугу бар,адамгерчилиги,озун токтото алган кучтуу эрки бар,а Мадумаровдун болгон булчундары тилге эле ооп кеткен окшойт,атан гору акылына оогондо кыргыздар жыргап эле калмак окшойбуз.

кимден: Ата-журт
07.02.2012 14:50
Ташиевдин выбор убагында айтылган создорун эстесем ал минтип айткан? мен тигил Мадумаровдон айрымам? мен оз акчам менен шайлоого чыгып отурам деп, эми эмне болуп мээсине таш тийип Мадумаровго кошулуп отурат. Ошондо эле элге белгилуу болгонМакс бул экоон акча менен камсыздап бийликке оппозицинын кишилерин келтирбоосун талап кылган. Бироссу берген акчага Бишкекетен чон 3 этаж уй салып алып выбордон женилип калса, экинчиси берилген акчаны бизнесине кошуп жиберген,эми ошол акчалардын суроосу келген убакыт келди, эми айла жок Мадумаровго кошулуш керек болду. Баардыгына эле ачык айкын корунуп калды кимдин кимге иштеп жатканын. Анан дагы уялбай кудай билет деп суйлоп коет. Кудай баардыгын билет, сурак куну да келээр Ташиев анан кантип жооп береринди бир гана кудай озу билет

кимден: Патриот
06.02.2012 18:05
Фрунзе заводун итбекерге сатып алып, кыргызды мазактаган окуу китептерин чыгарган басмакана мамлекетке кайтарылсын. Бул басмакананы крышалаган Жайыл районунун мурунку акими Давиденко көп башты айлантпасын.
Пикирге жооп

кимден: Барс каяктан: Прага
08.02.2012 12:25
Кечиресиз Сиз башка автобуска тушуп алган жоксузбу?
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине