Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

“Ата Мекен” менен “Республиканын” акыйнеги


Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин отуруму. 2011-жылдын 10-февралы.
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин отуруму. 2011-жылдын 10-февралы.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “республикачылар” Өмүрбек Бабанов менен Учкунбек Ташбаевди коррупцияга байланыштуу кызматтан кетүүгө чакырды. "Республикачылар" “Ата Мекен” партиясынын лидери 150 миң долларлык унааны кайдан алганын сурап жооп кайтарышты.

“Ата Мекен” жана “Республика” фракцияларынын мамилеси башынан эле дурус келишпей калган. Кыргызстан социал-демократтар фракциясынын лидери Алмазбек Атамбаев “Ата Мекенди” кошуу менен түзүүгө белсенген коалиция дал ушул “республикачылар” тарабынан талкаланганы айтылып келет.

Соңунда “Республика” КСДП жана “Ата Журт” менен коалиция түзгөнү белгилүү. “Ата Мекен” фракциясы “Ар-намыс” менен биргеликте оппозицияга өтүшкөн.

“Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловдун премьерлик дымагы, Акылбек Жапаровдун бюджет маселесиндеги позициясы Социал-демократтардын чекесине чыккан чыйкан болуп келатканын талдоочулар белгилешет. Бирок “Ата Мекен” фракциясы коалицияга карата азуусун ачык көрсөтүп чыга элек болчу.

Мындай окуя 2-мартта болду. Бул күнү фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев “Республиканын” лидери, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановду жана анын партиялашы, өлкөнүн экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаевди моралдык себептерге байланыштуу кызматтан кетүүгө чакырды.

“Ата Мекен” фракциясынын пикиринде, экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаев Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин коррупциялык иштерине аралашкан.

Ал эми Өмүрбек Бабанов "Манас" аба майданындагы АКШнын Транзиттик борборуна күйүүчү май ташыган “Манас” мамлекеттик ишканасы менен анын өнөктөштөрүнүн ортомчусу катары турган “Мегаойл” компаниясына тийиштиги бар деп айыпталды. Мына ушундай ортомчу компанияларга байланыштуу Кыргызстанда авиакеросин кошуна өлкөлөргө караганда бир тоннасы 300 долларга кымбат болуп, көпчүлүк учактар башка жактан май куйууга учуп кетип жатат.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев мындай “ортомчу” компанияларга байланыштуу маселе иликтенип жатканын билдирди:

- Мындай компанияларды башынан эле жеке кызыкчылыгы үчүн, акча жасоо үчүн түзүшкөн деп атап келатабыз. Андай компаниялар боюнча маалымат топтоп жатабыз.

Күттүргөн жооп

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсүнүн айтымында, фракция Бабанов жана Ташбаевди кызматтан алуу талабын президентке жана өкмөт башчыга жолдоду. Бул маселе кандай себептен чыкканын Сапарбаев мындайча түшүндүрдү:

- Кечээ күнү (2-мартта) Улуттук банктын жетекчиси бизге келип, АУБ аркылуу, Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик аркылуу кандай кыңыр иштер жүргөнүн айтып берди. Ошондон улам бизде Борбордук агенттик боюнча, ошол жерде биринчи орун басар болуп жүргөн Учкун Ташбаев боюнча маселе көтөрүлдү. Ал эми жабык түрдөгү акционердик коом “Мегаойл” боюнча да бизге маалыматтар келип түштү.

Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов “Ата Мекен” фракциясы тарабынан коюлган айыптоолорго “Азаттык” аркылуу жооп берүү демилгесин көтөрүп, бирок кабылдамасына барган кабарчыны кеңешме башталганга байланыштуу кабыл алган жок.

Кабарчыбыз Өмүрбек Бабановго “Мегаойл” компаниясына анын кандай тиешеси бар, жоктугу, андай ортомчу компаниялардын канчалык кереги бардыгы тууралуу суроолорду берүүгө даяр эле.

Шайлоого даярдыкпы?

“Республика” фракциясынын мүчөсү, парламенттин эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков “Ата Мекен” тарабынан коюлган айыпка мындай жообун берди:

- Эми Текебаев өзүнүн көз карашын айтып жатат го дейм. Мен ойлойм, далилдүү факты болсо алып чыгыш керек. Ал эми Борбордук агенттикте иштеген деп Ташбаевди айтканы боюнча айтаарым, ал жерде иштегени чын экен. Мен буга чейин билчү эмес элем. Бирок Борбордук агенттикке деле Кыргызстанда кыйын иштеген балдарды алса керек.

Чыныбай Турсунбеков
“Республика” фракциясынын өнөктөшү Социал-демократиялык фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков “Ата Мекендин” айыптоосу боюнча парламенттик комиссия түзүлгөнүн айтты:

- Эми ачыгын айтканда бул маселе боюнча комиссия түзүлдү. Эми ошонун жыйынтыгын күтөлү. Канчалык деңгээлде кандай тиешеси бар экенин азыр айтсак болбойт. Анын үстүнө коалициялык өкмөттүн өкүлү катары мен бир жактуу пикир айтуудан алыс болоюн деп турам. Текшерүү бүткөндөн кийин оюмду айтам.

Талдоочулар парламенттеги фракциялар ортосундагы кармаштын күчөөсүн алдыдагы президенттик шайлоо менен да байланыштырып келишет.

"Бирок “Ата Мекен” фракциясы коррупциялык көрүнүштөргө каршы максаттуу түрдө күрөш жүргүзүүну уланатат",-деп белгилейт Жоомарт Сапарбаев. Ал ошондой Өмүрбек Текебаев Убактылуу өкмөттүн мүчөсү учурунда "ок отпөгөн" унаада жүргөнүн, азыр андай унааны колдонбогонун кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG