Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

“Ата-Журт" партиясы талашка түштү


Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиевдин партиялары бириккен күнү, 20-октябрь, 2014-жыл
Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиевдин партиялары бириккен күнү, 20-октябрь, 2014-жыл

“Ата-Журт” саясий партиясын негиздегендер аталган партия азыркы лидерлерине убактылуу гана берилгенин айтып, кайра кайтарып алганы жатат.

“Республика” партиясына биригип, жаңы “Республика Ата-Журт” партиясын түзгөн "атажуртчулар" болсо мындан баш тартууда.

Ал арада айрым маалымат каражаттар түзүлгөнүнө беш жыл болгон партия сатыкка коюлат деген өңдүү жарнамалар пайда боло баштаганын жазып чыгышты.

Күзгө белгиленген парламенттик шайлоону утурлай партиялар жанданып, айрымдарынын лидерлери өзгөрүп, атургай аттары алмашып, кайра каттоодон өткөн көрүнүштөр көбөйгөнү байкалат.

Былтыр күзүндө азыр Жогорку Кеңеште отурган, оппозициялык азчылыкты түзгөн “Республика” менен “Ата-Журт” партиялары биригип, “Республика Ата-Журт” партиясы болуп кайра түзүлгөн эле. Азыр эми “Ата-Журт” партиясын негиздегендер бул партия учурдагы лидерлерине 2015-жылга чейин гана убактылуу берилгенин, ушундан улам аны кайтарып ала тургандарын айтып чыгышты.

"Республика Ата-Журт" партиясынын жыйыны, 20-октябрь, 2014-жыл
"Республика Ата-Журт" партиясынын жыйыны, 20-октябрь, 2014-жыл

Партияга көп жыл төрагалык кылган Базарбай Темишевдин айтымында, партияны 1995-жылы илимпоз-окумуштуулар түзгөн. Март ыңкылабынан кийин партиянын идеяларын ишке ашыра турган саясий лидер изделип, 2006-жылы ошол кездеги Социалдык фондду жетектеп турган Акматбек Келдибековго сунушталган.

Базарбай Темишев Келдибеков апрель ыңкылабына чейин төрагалык деле кылбаганын айтууда:

- 2006-жылдан 2010-жылга чейин мен эле төрагалык кылгам. Ал кезде партиялык тизме менен шайлоо өтчү эмес эле. Алар партиянын ишине аралашып-аралашпай, көп деле кызыкпай жүрүшкөн. Ар бир региондон бирден депутаттын тизмесин берип, саясий кеңеште теңтөрага кылып коелу деп беришкен. Бирок ал убакта алардын фамилиясы эле жүргөн. Анан Курманбек Бакиевдин “Ак жол” партиясы түзүлгөндө баары ошол жакка өтүп кеткен. Экинчи революция болуп кеткенде кайра келип суранышканынан мен бергим келбей “койгула, силерге ишенбейм”, деп эки айдай качып жүргөм. Анан кайра келишим түзүп, ишеним кат жазып, партиянын идеясын аткарабыз деп мени кызыктырышкан. Биз, окумуштуулар иштеп чыккан идея – бул элдик Конституция менен элдик мамлекет түзүү эле. Демократиялык-либералдык Конституция эмес, элдин кызыкчылыгын ойлогон бийликтин моделин түзүү болчу.

2010-жылы түзүлгөн келишим боюнча “Ата-Журт” азыркы лидерлерине 2015-жылга чейин берилген. Азыр эми Базарбай Темишев кайра партияны кайтарып алганы жатат:

- Келишим түзүүчү кеңеш, саясий кеңештердин чечими менен мөөр басылып, нотариалдык кеңседен өткөн. Бардыгы мыйзамдуу болгон, мыйзамдуу бергем. Ошол токтомдордун этегинде булардын “кайтарып беребиз” деген колдору бар. Сабырдуулук менен беш жыл чыдадык. Токтомдордо, келишимде “партияны эл үчүн колдонобуз, жаман жолго алып барбайбыз, ошол милдетти алдык” деп жазышкан. Эми азыр болсо бөлүнүп, партиянын атына шек кете баштагандан кийин кайра албасак болбойт.

“Ата-Журтту” кайтарып берүүгө анын теңтөрагалары болгон Акматбек Келдибеков менен Садыр Жапаров макул болгон экен. Бирок “Республика” партиясына кошулуп, жаңы партия түзүп кеткен Камчыбек Ташиев үн ката элек.

"Партияны бербейбиз"

“Республика Ата-Журт” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурланбек Шакиев “Ата-Журтту” кайра сурап жаткандардын талаптарын негизсиз деп атады. Анын маалымдашынча, партия 2012-жылы кайра каттоодон өткөн:

- Алардан алгандан кийин бул партиянын бир эмес, үч жолу курултайы өткөн. Аталышы, мекенчил партия деп багыты өзгөрүп, кайра жаңы партия сымал эле кайра катоодон өткөн. Жалгыз төрага болсун деп Ташиев шайланган. Бул жерде эч кандай маселе жок. Менин билишимче, ошол Базарбай Темишев 2012-жылы партиянын уставдарын өзгөрткөнгө катышкан. Өзгөртүүлөргө макул болгон. Партия эч кимге берилбейт. Бул деген жаңы, башка партия да.

Айтор “Ата-Журт” партиясы боюнча чыккан талаш эмне менен бүтөрү белгисиз. Тараптар керек болсо соттошууга чейин барабыз деп жатышат.

Ушул айда мурунку башкы прокурор Аида Салянова “Күчтүү Кыргызстан” партиясынын төрайымы болуп шайланган. Аталган партиянын мурдагы аталышы “Жарык Кыргызстан” болгон жана 2005-жылы жайында түзүлгөн.

Бул партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Расул Үмбөталиев партиянын сатылганы тууралуу сөздөрдү жокко чыгарды. Аида Салянова кантип партияга келип калганын айтып берди:

- Февралдын башында сүйлөшүүлөр болду. Мен партиянын төрагасы катары Аида Салянованы 7-февралда партияга кабыл алгам. Андан бир күндөн кийин партиянын кезексиз курултайы болуп, атын “Күчтүү Кыргызстан” деп өзгөртүп, жаңы уставды, жаңы программаны бекиттик. Партия кайра каттоодон 18-февралда өттү. Анан 20-февралда кайра кезексиз курултай өткөрүп, мен өз арызым менен төрагалыктан бошодум. Менин ордума Аида Салянованы сунуштап, курултайда ал төрайым болуп шайланды. Мен орун басары болуп калдым. Саясий кеңештемин. Азыр “бул партиясын сатты” деген сөздөр чыгып жатпайбы. Мен андайга эч качан барбайм.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча ушул тушта каттоодон өткөн жана кайра катталган партиялардын саны эки жүзгө чамалады. Бирок алардын ичинен онго жакыны жер-жерлерде штабдарын ачып туруктуу иштейт. Аталган министрликтин өкүлү Эмир Зулпиев партиянын кайра каттоодон өтө турган жоболорун айтып берди:

- Эгер партиянын негиздөөчүлөрү өзгөрсө, кайра каттоодон өтпөйт. Партия түзүлгөндө мүчөлүк болуп кетет. Жогорку орган болуп партиянын жалпы мүчөлөрүнүн курултайы эсептелет. Эгер партиянын уставы, аталышы, дагы башка мыйзамда көрсөтүлгөн жагдайлар өзгөрсө кайра каттоодон өтөт. Жетекчиси өзгөрсө да кайра каттоодон өтпөйт.

Кыргызстанда саясий партиялар боюнча эксперттер бир топ сын айтып келет. Дээрлик көбүнүн идеологиялык багыты так аныкталган эмес, мындан улам коомдун кызыкчылыгын сүрөгөн саясий күч деп атоого болбойт, кайсы бир топтор бийликке жетүү үчүн гана бириге калышкан деген пикирлер коомдо басымдуулук кылат.

XS
SM
MD
LG