Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:34

Саясат

"Сабакка" келбеген депутаттар

Депутаттардын теңинен көбүнүн жыйынга катышпаганы, бирине бири добуш берүүсү жарандык уюмдардын сынына кабылды. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу парламенттеги депутаттардын жүрүм-турумуна арналды.

Текст көлөмү - +
Катышуучулар: Жогорку Кеңештин этика жана регламент боюнча комитетинин төрагасы Курмантай Абдиев, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





"Азаттык": 12-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын үчтөн бири жок болгону жазылды. Эл өкүлдөрүнүн жыйынга көп катышпаганы, бири-бирине добуш берүүсү жаңылык деле болой калды окшойт. Ошентсе да муну кандай бааласа болот? Бул талкууланып жаткан маселеге маани бербегендикпи, же башка себептер барбы?

Курмантай Абдиев: Бул маселе биринчи күндөн бери эле көтөрүлүп келатат. Мыйзамдын долбоору парламенттин отурумуна чейин ар бир фракцияда, тийиштүү комитеттерде кеңири талкууланат.

​​Ал эми комитеттин курамында бардык фракция өкүлдөрү бар. Ошол себептүү жыйында депутаттар толугу менен отурбай калышы ыктымал. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш деп айта алам.

Бирок ошого карабай депутаттардын катышуусун активдештирүү максатында регламенттин жаңы редакциясында добуш берүүнүн күнүн белгилегенбиз. Анда депутаттар сөзсүз толугу менен катышканга аракет кылганбыз. Азыр эми ошого дагы кошумча киргизип жатат. Себеби добуш берүү айына эки жолу гана болуп калган.

“Ага чейин эмнеге добуш бергенибиз унутулуп, эмнеге добуш бергенибиз бүдөмүк болуп калат экен” деген пикирлер болуп, өзгөрүүнү даярдап, кечээ экинчи окуудан өттү.

"Азаттык": Динара айым, сиздер парламенттин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп жүрөсүздөр. Мыйзам, же кайсы бир маселе фракция, комитеттерде талкууланганы менен негизги талкуу жалпы жыйында жүрүп жатпайбы. Же депутат эркин болуп, кааласа келип, каалабаса жыйындан чыгып кетсе болобу?

​​Динара Ошурахунова: Депутаттардын бардыгы сөзсүз 100% отургандын деле кереги жок. Балким чындыгында маанилүү себептери бар.

Башкы маселе жыйынга келбегендерди кантип тарбиялоо болот? Балким алардын аттарын дайыма жазып туруу керектир? Анткени бардыгы эле той, же командировкада жүрбөйт, кээ бири ооруп калат. Бирок көбүнчөсү иш бөлмөсүндө эле телевизордон көрүп отурушат. Биз деле аны байкаганбыз. Ошондуктан аттарын атамайынча муну жөнгө салып, тарбиялай албайбыз.

Коалиция жаңы регламентти колдойт. Анда жакшы нормалар бар. Жаңы жыл алдында коалицияны түзүп жатканда, жаңы өкмөттү түзгөндө ар бир депутат фамилиясы менен чыккан. Кайсы депутат кандай добуш берди деген абдан ачык нерсе. Бул тажрыйбаны жоготпой дагы колдонсок, биз кайсы депутат кандай иштеп атканын көрөбүз.



Саясат таануучу Аскарбек Мамбеталиев: Депутат болуп келгенден кийин үлгү болушу керек. Окуучу деле мектепке келбей койгону жакшы эмес да. Депутаттар элге үлгү болуп отуруш керек. Бирок алардын элдин, мамлекеттин ишине караганда маанилүү башка иштери бар. Алардын жок болушу жеке иштерин өйдө койгонунун индикатору деп коёт. Демек алар татыктуу депутаттар эмес. Биз татыктуу депутаттарды шайлабай жатабыз жана көрбөй жатабыз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: ЭНЕ каяктан: БИШКЕК
16.01.2012 04:52
Депутат элдин күзгүсү бол албай тескерисинче макал болуп баратат.Ишенген кожом сен болсоң дегендей бүт кыргыз журту депутаттарга ишенип, парламенттик башкарууга өтүшкө аракет кылып канчалаган жаш ботосунан ажырап кан жутканына карабай чоң үмүт менен карап турса а депутатын мушташып жатса ойлогулачы кандай ишеним болот.Ошондой мушташчаак көпкүлөң депутаттарга катуу эле чара көрсө эл ыраазы эле болбойбу Ушул эле Азаттыкдан сындамыш болобуз бирок майнап жок Эч ким эч нерсе кылбай турганын билген баягы эле чон муштум эртеси деле кайра башкасы менен мушташып жатайбы . Мындайга чекит койуп Эл башында отурган адам элге үлгү болгондой талаты койуш керек да .Как ушундай катуу талаптын жоктунунан акылы азыраагы мени ким эмне кыла алат деп оз билгенин кылып бут бардык депутаттарды шерменде кылып жатпайбы

кимден: Белек каяктан: Кыргызстан
15.01.2012 18:28
Эрхан туура айтты буга 90% кошулам 10% на кошула албайм эмнеге дегенде парламентти таратыш керекдегенине эмнегедегенде ал жерде иштеп жаткандар бар, мисалы Ата Мекен партиясы Келдибековду эмне кылды? өлүп талып жеп, ажатканага бараткан жеринен кармады, алар ошол парламентте иштеген үчүн элдин акчасын жеп жаткан Келдибековду кармап олтурушат, а өзүнүн бизнесин коргоп олтургандар жок эмес, буларды жок кылыш керек эмес буларды азайтыш керек 120 депутаттан 60 гана калыш керек.

кимден: дос каяктан: бишкек
15.01.2012 16:08
Ушундай иштебеген депутаттарды мен мите курттар демекчимин.Олчойгон айлык алса башка толтура льготалары болсо.Бюджетти,элдин акчасын иштебей алып отурса-мындай депутаттардын эмне кереги бар?Аларды кетириш керек!!!!

кимден: Эрхан каяктан: Кыргызстан
13.01.2012 21:21
Буга окшогон парламентти таратып эле жибериш керек. 5 млн элге 120 депутаттын эмне кереги бар же бир жакшыраак мыйзам кабыл алышпайт. Мыйзам кабыл алышса да оздорунун бизнестерин коргой турган кана мыйзам кабыл алышат. Ошо катышпай койгон депутаттарга кандайдыр бир чара коруу керек. Же мандаттынан ажыратыш керек же административдик жазалаш керек. Бул депутаттарды эл шайлабай эле оздорун озу шайлап алган депутаттар...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине