Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Жогорку Кеңеш “жумуртка соккусун” талкуулады


Равшан Жээнбеков оппозициянын Оштогу эл менен жолугушуусун токтотууну талап кылган аялдар менен. Ош шаары. 26-сентябрь. 2014-жыл.
Равшан Жээнбеков оппозициянын Оштогу эл менен жолугушуусун токтотууну талап кылган аялдар менен. Ош шаары. 26-сентябрь. 2014-жыл.

Ош шаарына эл менен жолугушууга барган оппозиция лидерлерине “жумуртка ыргытуу” окуясы демократияга урулган сокку катары бааланууда.

Бул окуя 1-октябрда парламентте такууланып, күндүн башкы темасы болду. Кыргызстандын азыркы бийлиги да Бакиев мезгилиндегидей оппозицияга ар кандай жол менен бут тосуу ыкмасын тандап алган жокпу деген сындар тагылды.

“ОБОН” демократияга сокку урдубу?

26-сентябрда Ош шаарында Бириккен улуттук оппозициянын программасы менен элди тааныштыруу максатында барган Жогорку Кеңештин эркин депутаттары - Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановдун жолугушуусу үзгүлтүккө учураган. Жолугушуу адеп башталганда пайда боло калган аялдардын тобу алардын кетүүсүн талап кылып, жумуртка менен урганга да үлгүрүшкөн.

“Ата-Журт” фракциясынын төрайымы Жылдыз Жолдошева парламентте төрт жылдан бери унутулуп калган “жумуртка соккусу” кайтып келгени өкүнүч айтты:

- 2010-жылдан бери биринчи жолу жумуртка ыргытуу болуп жатат. Бул жаман окуяга сөзсүз түрдө баа беришибиз керек.

Акыркы кезде саясий билдирүүлөр менен дээрлик чыкпай калган “атамекенчи” депутат Болот Шер да Оштогу окуяны жаман көрүнүш деп атады. Анын оюнча, кыргыз эли жыйырма жылдан бери күрөшүп жүрүп тапкан демократиялык жетишкендиктери жоготуп алуу коркунучу бар.

- Эки депутат боюнча болгон окуя абдан уят иш. Алсыз оппозиция бийликтин алсыздыгынан кабар берет. Ал эми алсыз бийлик өзүнүн бийлигин бекемдейм деп жатып, биз баарыбыз жыйырма жылда жетишкен баалуулуктардан айрылып калышыбыз мүмкүн.

Жаңы министрге жаңы талап

Парламентте талкууланган Оштогу жумуртка окуясы ички иштер министринин милдетин аткаруучу, министрликке талапкерлиги сунушталган Мелис Турганбаевдин катышуусунда жүрдү. Жогорку Кеңеш 1-октябрда милиция башчылыгына сунушталган Турганбаевдин талапкерлигин талкуулап, бир добуштан жактырып берди.

Оппозициячы депутат Равшан Жээнбеков министрди тынч жыйындарга, митингдерге карата саясатын өзгөртүүгө чакырды:

- Жаңы министр келер алдында дагы куугунтуктар абдан көбөйө баштады. Мен министр болгондон кийин Мелис мырза саясатын өзгөртөт деп ойлойм. Тынч митингдер - бул мамлекеттин келечеги. Министр мырза, биз муну сакташыбыз керек. Министрлер, депутаттар, президент кетет, бирок бул баалуулуктар биздин мамлекеттин келечеги үчүн керек.

Буга чейин оппозициячы жаш активисттер Бишкек шаарында уштурган акцияларын жана Таласта өткөрүүнү мерчемдеген курултайын да милиция үзгүлтүккө учуратканын айтышкан болчу. Бирок министрдин милдетин аткаруучу Мелис Турганбаев Ош шаарында болгон окуяга милициянын тиешеси жок деп актанды:

- Бул окуяга милициянын тиешеси жок, биз муну териштиргенбиз. Башкы прокуратура менен бирге топ түзүп, тартылган тасмаларды да карап, дагы бир териштирип, сиздерге жообун берели. Бирок бул окуяда милициянын тиешеси жок.

Оштогу “жумуртканын ээси” ким?

Ал эми Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков Ошто оппозиция лидерлерине жумуртка урган окуяны Оштун азыркы мэри уюштурган деп божомолдойт:

- Мен муну Оштун мэри жасады го деп ичимен сезип турам. Ал ким? Ал кечээ Атамбаевди, Исаковду, Отунбаеваны, жалпы эле Убактылуу өкмөттү кууп чыгабыз деп Бакиевге кызмат кылган жигит. Ал 2010-жылдын 13-майында облустук акимиатты басып алганда, мен кууп чыкпадым беле. Мына ошол адамга бүгүн жалдырап отурабыз.

Бирок өкмөт азырынча кимдир бирөөнү айыптоо эрте деп санайт. Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев окуяны иликтеп, жыйынтыгы менен тааныштырууга убада берди:

- Жээнбековдун билдирүүсүнөн жана сиздердин айткан сөздөрдөн кийин бул нерсени биз сөзсүз иликтөөгө алабыз. Анын жыйынтыгы боюнча сиздерге маалымат беребиз.

Эл алдында оппозиция лидерлеринин кадыр-баркын түшүрүү максатында, кеп-сөзгө келбеген аялдарды уюштуруп, жумуртка менен урдурган же жулмалаткан окуялар өзгөчө Бакиев бийлигинин акыркы жылдары күчөгөн. Ал аялдардын “ишмердиги” өз учурунда коомдук-саясий кырдаалды ошол кездеги бийликтин пайдасы үчүн өзгөртүп берген учурлары да болгон. Белгилүү коомдук ишмер, Кыргыз эл баатыры, маркум Дооронбек Садырбаев андай аялдарга "ОБОН”, кыргызчалап айтсак, “өзгөчө багыттагы аялдардын отряды” деген каймана ат ыйгарган.

Тасмада: Оштогу үзгүлтүккө учураган жыйын, 26-сентябрь, 2014
Ошто оппозиция жыйыны үзгүлтүккө учурады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

XS
SM
MD
LG