Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Талоончулук иши кайра тергелет


7-апрелден кийинки талап-тоноолор. Бишкек, 8-апрель, 2010.
7-апрелден кийинки талап-тоноолор. Бишкек, 8-апрель, 2010.

Жогорку Кеңеш апрель окуяларынан кийинки талоончулук боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун карап, чечим кабыл алды.

13-февралда кабыл алынган токтомго ылайык, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов башында турган комиссиянын корутундусу жана бул жыйынтыкка макул болбой, өзүнчө пикир билдирген депуттардын билдирүүлөрү кайра тергөөгө жөнөтүлөт. Жогорку Кеңеш бул маселени өткөн бейшемби күнү да караган болчу.

Оппозиция жыйындан чыгып кетти

Талап-тоноочулук фактыларына Жогорку Кеңеш үч айдан кийин дагы бир кайрыла турган болду. Атап айтсак, Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомго ылайык, Башкы прокуратура баштаган тартип коргоо органдары депутаттык комиссиянын корутундусун жана аны менен макул болбогон депутаттардын жүйөөлөрүн карап чыгып, үч ай ичинде жыйынтыгын парламентке алып келиши керек. Бирок Жогорку Кеңештин бул чечими парламентте оппозициялык азчылыкты түзгөн “Ата-Журт” жана “Республика” фракцияларынын көпчүлүк депутаттары бойкот жарыялап, жыйынды таштап чыгып кеткен кезде кабыл алынды.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков оппозициячыл депутаттардын жыйындан чыгып кетүүсүн мындайча сыпаттады:

-Талкуу учурунда Курманбек Осмонов түзгөн корутундунун баары жокко чыгып калып, булар уят болду. Уят болушкандан кийин айла жок чыгып кетишти. Алар башынан аягына чейин катышып, ИИМдин, башкы прокуратуранын берген маалыматтарын көрдү. Алардын баары бул иште эч бир далил жок деп айтышты.

Бирок депутаттык комиссиянын төрагасы, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов бир катар негиздүү жүйөөлөр жана фактылар Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция тарабынан эске алынбай турганы белгилүү болгондон кийин оппозиция жыйындан чыгып кеткенин билдирди:

- Негизинен талап тоноочулук фактысы тастыкталды деп эсептелсин деп жазганбыз. Ошондой эле укук коргоо органдары бул ишти тергеп, акырына чыксын деген сунуштарды бергенбиз. Биздин корутундуга кол койгон депутаттык комиссиянын беш мүчөсү биринчи кезекте элдин, коомдун алдында жоопкерчилигибизди сезип туруп, акты-ак, караны-кара деп айттык. Эки депутаттын тиешеси бар, экөөнүн тиешеси жок дедик.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов иликтеп-териштирүүнүн жүрүшүндө талоончулукка “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталганын маалымдаган. Бирок 10 депутаттан турган комиссиянын 5 мүчөсү ал корутундуга макул болбой, “атамекенчи” депутаттарды күнөөсүз деп табышкан.

Тергөө далилдерди таба алган жок

Жогорку Кеңештеги талкуу учурунда баш прокурор Аида Салянованын билдиргенине караганда, “Ата Мекендин” депутаттарынын талап-тоноочулукка катышы тергөөдө далилденген эмес. Андыктан иш убактылуу токтотулган.

Мындан тышкары, “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин суроосуна жооп берип жатып, ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын улук тергөөчүсү Бакыт Султанкан уулу да талап-тоноо фактылары далилденбегенине токтолду.

Депутат Текебаев:

-1,5 миң тонна алтын алып чыгып кетишиптир. Ал мынча миллион болот экен деп зар какшап, үч айдан бери кыйкырып жатышат. Ошол факты тастыкталдыбы?

Улук тергөөчү Бакыт Султанкан уулу:

- Жок, бул тастыкталган жок. Атайын соттон уруксат алып, аталган даректе соттук-экспертизалык кароо жүргүздүк. Мындан тышкары үйдүн ээлерин, кошуна-колоңдордун баарын сурадык. Натыйжада андай окуя болгон жок деген тыянакка келдик.

Кайым айтышкан Рысалиев менен Атаханов

Бирок тергөөнүн чечимине айрым депутаттардан тышкары мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев да макул макул эмес. Ал Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, тергөө тобуна кысым болду деди.

- Мен тергөөчүлөргө басым жасалып жатканын көрүп-билип турам. Кийинчерээк, убактысы келгенде бул боюнча өзүм айтам.

Рысалиев ошондой эле Шамиль Атаханов ИИМди жетектеп турганда талап-тоноочулук боюнча кылмыштын бети ачылбасын кошумчалады.

Ал эми министр Атаханов кийинчерээк жыйында Рысалиевдин айткандарын ойдон чыгарылган куру сөз деп сыпаттады. Кайым айтышууга өткөн экс жана азыркы министрди спикер тынчтантууга аргасыз болду.

Депутаттык комиссия Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Абдулла Юсуповдун берген көрсөтмөлөрүнүн чын-бышыгына жетүү үчүн былтыр түзүлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG