Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:59

Депутаттар өкмөт башчыны кетирүүгө кол чогултууда


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев. Бишкек,10-декабрь, 2013-жыл.
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев. Бишкек,10-декабрь, 2013-жыл.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге ишеним көрсөтпөө боюнча парламентте кырктан ашык депутаттын колу чогулду.

Бул тууралуу билдирген “Республика” фракциясы ишеним көрсөтпөө маселесин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгууга аракет кылууда.

“Ишеним көрсөтпөөнүн” башында “Республика” турат

“Республика” фракциясынын өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөө демилгесине кырктан ашык депутат кошулду. Бул тууралуу аталган фракциянын төрагасынын орун басары Чолпон Султанбекова билдирди. Эми кол койгон депутаттардын каты Жогорку Кеңештин төрагасына тапшырылып, андан соң парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

- Чогулган кол кырктан ашты. Азыр спикер башка мамлекетте иш сапарда жүрүп, Кыргызстанда жок болуп жатат. Ал келсе эле чогулткан колубузду тапшырабыз. Ал күн тартибине киргизип туруп, бул маселени парламентке алып чыгып бериш керек. Өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөө “Республика” фракциясынын демилгеси болгону менен аны башка фракциянын депутаттары да колдоп жатат.

Кырк депутаттын колу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге ишеним көрсөтпөө маселесин Жогорку Кеңешке алып чыгууга мүмкүндүк берет. Бирок аны кызматтан кетирүү үчүн депутаттардын жарымынан көбүнүн добушун алуу зарыл. Чолпон Султанбекова премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге ишеним көрсөтпөөгө негиз болгон жагдайлар катары Азиз Батукаевдин бошотулушу, “Кумтөр”, Ош жанан Жалал-Абадды өнүктүрүү боюнча дирекциянын ишиндеги мыйзам бузуулар сыяктуу маселелерди атады.

Башкаруучу коалициядагы Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков “Республика” канааттанбай жаткан иштер боюнча буга чейин эле тапшырмалар берилгенин айтып, алардын жообун күтүүгө чакырды:

- Бардык ишин карап көрүп, ошого жараша “калсын” же “кетсин” деп, айтабыз деп жакында эле үч ай убакыт бербедикпи. Башкы прокуратура менен Эсеп палатасы мамлекеттик дирекция боюнча депутаттык комиссиянын ишин туура деп тапса, анда ага жараша да мамиле болот. Мындан тышкары Кумтөр боюнча да тапшырма берилген, аны да күтүп жатабыз.

“Республика” бийлик үчүн күрөшүп жатабы?

Өкмөт болсо премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди кызматтан кетирүүгө негиз жок деп эсептейт. Премьер-министрдин маалымат катчысы Мелис Эржигитов “Республика” фракциясынын демилгесин саясий күрөштүн ыкмасы катары сыпаттады.

- Бул саясий күрөштүн ыкмасы. Алар бийликке жетүү үчүн күрөшүп жатат. Парламенттик башкарууда, демократияда бул нормалдуу көрүнүш. Ал эми негизинен айтканда, өкмөттү кетирүүгө таптакыр негиз жок. Экономикалык көрсөткүчтөр, өсүштөр абдан жакшы. Өкмөттү кетирүү үчүн чоң, оор маселелер коюлушу керек. Бүгүнкү күндө андай маселелер турган жок. Өкмөт андай оор абалга жеткирүүгө жол бербейт.

“Республика” Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракция. Бул партиянын лидери Өмүрбек Бабанов 2011-2012-жылдары өкмөт башчы болуп турган.

Саясий талдоочу Бакыт Бакетаев парламенттик оппозиция коюп жаткан талаптар өкмөт башчыны кетирүүгө негиз боло албайт, бирок өкмөттү сындап туруу зарып деп эсептейт. Анын пикиринде, “Республика” жаңы коалиция түзүп, өкмөткө келүүгө кызыктар:

- Бабанов өзүнүн реформаларын аягына жеткире албай кетти. Анын фракциясы дайыма өзүнүн сунуштарын киргизип, коалицияны бузганга аракет кылыш керек. Бул саясий күрөш да. Дегеле Жогорку Кеңештеги депутаттар өкмөттү күнүгө “кет” деп туруш керек. Ошондо өкмөт жакшы иштейт.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана Социал-демократтар фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция сунуштаган. Ал өкмөт башчы болуп 1,5 жылдан бери иштеп келатат.

XS
SM
MD
LG