Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Жаңы коалиция куралды


Жаңы коалиция түзүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:26 0:00

Жогорку Кеңештеги "Ырыс алды - ынтымак" деп аталган жаңы коалиция үч фракциядан түзүлдү.

Ошентип Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция Социал-демократтар, «Ар-намыс» жана «Ата Мекен» фракцияларынан куралды. Коалициялык келишимге аталган фракция лидерлери Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Текебаев жана Феликс Кулов 3-сентябрда кол коюшту.

Мындан сырткары “Республика” жана “Ата-Журт” фракциясынын айрым депутаттары коалициялык көпчүлүктү колдой тургандарын билдиришкен. Алардын атынан кызматташуу келишимине Канатбек Исаев жана Хажимурат Коркмазов кол койду. Коалиция жетекчилигине “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов дайындалды.


Үч фракция тил табышты


Коалиция түзүү милдетин алган Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков кечээ кечинде "Азаттыкка" үч фракция негизги маселелер боюнча орток пикир тапканын айткан:

- Коалиция бардык негизги маселелер боюнча бир пикирге жетишти. Үч фракциянын тең айтылган шарттар боюнча коалицияга киребиз деген чечимдери чыкты. Бирок аны куралды деп кол койгондон кийин гана айтсак болот. Азырынча коалиция түзүүгө макулдаштык деп айтсак болот.

Парламенттик көпчүлүк түзүлүшү үчүн анын курамы депутаттардын тең жарымынан көп болушу, башкача айтканда, жок эле дегенде 61 депутат болушу зарыл. Коалицияга кирип жаткан фракциялардын ичинен бирин-экин бөлүнүп-жарылууну эске албаганда, үч фракциядагы депутаттардын жалпы саны 69ду түзөт. Маселен, КСДПда 26, «Ар-намыс» фракциясында 25, ал эми «атамекенчилерде» 18 депутат бар.

Ошол эле кезде «Ата-Журт» фракциясынын үч депутаты коалициялык көпчүлүккө кирерин жарыя кылышты. Мындан тышкары, «Республика» фракциясынан да бир канча депутат ага кире турганын билдиришкен. Бирок Баш мыйзамда коалицияга парламенттеги фракциялар гана мүчө боло алат. Андыктан бул депутаттар парламенттик көпчүлүктү бейрасмий гана колдоого ала алышат.


Өкмөт башчылыкка Сатыбалдиев келеби?


Ал эми президенттик администрациянын башчысы, өкмөт башчылыкка негизги талапкер катары сунушталып жаткан Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин үч фракция тең колдоого алышты.

Чыныбай Турсунбековдун билдиришинче, парламенттик көпчүлүк расмий жарыя кылынгандан кийин Сатыбалдиевдин талапкерлиги коалицияда каралат.

- Ал талапкер коалицияга киребиз деген фракциялар тарабынан колдоого алынды. Ошондой эле депутаттык топтор тарабынан да колдоого алынып жатат. Аны бүгүнкү күндө колдоого алынган талапкер катары карасак болот. Ал эми коалиция түзүлгөнү качан жарыя кылынгандан кийин анын талапкерлиги каралат.

Коалиция кайсы фракциялардан кураларына азыр жалпы коомчулук кулак түрүп турган кез. Эл ичинде пикирлер да ар кыл.

Саясат таануучу Темир Жумакадыровдун оюнча, жаңы коалициянын келиши менен эле тез аранын ичинде чоң өзгөрүүлөр болуп кетиши кыйын:

- Мен жаңы коалиция жаңы идеяларды жана стратегиялык көз караштарды сунуштай албайт го деп ойлойм. Премьер-министрликке талапкерлиги айтылып жаткан Жантөрө Сатыбалдиев көп жылдан бери саясий майданда жүрөт, өзүнүн орду бар, тажрыйбалуу саясатчы. Бирок бүгүнкү күндө премьер-министр катары канчалык деңгээлде стратегиялык сунуштарды тартуулай алат, бул да чоң суроо.

Жаңы коалиция үчүн президент чоң жоопкерчиликти алып жатканын белгилеген Темир Жумакадыров андыктан анын ишинин жакшы да, жаман да жагы президентке келип тиет деп эсептейт:

- Кийинки коалиция жана президент жөндүү иштерди жасай албаса, президентке да сын пикирлер айтылышы мүмкүн. Анткени бул түзүлүп жаткан коалицияда президент дагы жоопкерчиликти өз мойнуна алып жатат.


Бабанов эми оппозиция болобу?


Ал эми парламенттеги оппозицияда «Ата-Журт» жана «Республика» фракциялары кала тургандай. Андыктан мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун күчтүү, конструктивдүү оппозиция болору белгиленүүдө. Бир жумадан бери өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Бабанов 1-сентбярда өз арызы менен толук кызматынан кетти. Анын ордуна өкмөт башчынын милдетин биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашаев аткарууда.

Бабанов кызматын тапшырып жатып жасаган кайрылуусунда өкмөт курамын бат-бат алмаштыруудан мамлекет эч кандай пайда таппастыгын белгилеп, "өкмөт туруктуу жана майнаптуу иштеп, көзгө көрүнөрлүк натыйжага жетиши үчүн саясатчылар мурда кол коюлган келишимдерди бекем сактоого үйрөнүшү керек" деген пикирин билдирген. Ал мурдагы эки коалиция айрым саясатчылардын жана саясий топтордун кызыкчылыгына садага чабылып кетти деп эсептейт. Өмүрбек Бабанов ошондой эле мындан ары да саясатта кала берерин айткан.

XS
SM
MD
LG