Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Прокуратура депутаттардын үшүн алды


“Ата Журт” фракциясынын камактагы депутаты Нариман Түлеевдин иши жакында сотко өткөрүлүп берилет.

Бул тууралуу башкы прокурор Аида Салянова 14-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Жогорку Кеңеш бул күнү Нариман Түлеев жана Нурлан Сулайманов боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын маалыматын укту.

Башкы прокурор Аида Салянованын айтымында, жакында башка да депутаттарга кылмыш иши козголот.

Комиссиянын дооматы

“Ата Журт” фракциясынын депутаты Нариман Түлеев боюнча маселени талкуулаган парламент жыйынтыгында токтом кабыл алды. Анда Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиевдин жана башка тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин кароо башкы прокурорго сунушталган.

Депутаттык комиссия 21-июнда Нариман Түлеевди кармап, күч менен Башкы прокуратурага алып барууда мыйзам бузуу орун алган жана 15-августта ал УКМКнын тергөө абагында 6 саат мыйзамсыз кармалып турган деп эсептейт.

Депутаттык комиссиянын төрагасы, “Ата Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмоновдун айтымында, Түлеевди кармоо жана тергөө учурунда мыйзам бузуулар орун алган.

- Адегенде кармап келип алып, документтерди кийинки күндөрдө толтуруу тергөө органдарында колдонулат. Түлеевди кармап, кайра коё бергендин эртеси Аида Салянова ушул жерге келип, маселени жарым күн талкуулаганбыз. Документтерди ошондо деле алып келип көрсөтсө болот эле. Бирок биз ошол документтердин көчүрмөсүн жайкы эс алуудан келгенден кийин гана алдык.

Мындай пикирди “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов да колдоп, башкы прокурор өз кызматкерлеринин айыбын жашырып жатат деп сынга алды. Ал эми депутат Өмүрбек Абдрахманов камап алып, анан үстү-үстүнө күнөө такканды саясий кысым катары эсептеди.

- Эгер күнөөсү болсо, он жылбы, жүз жылбы, камай берсин. Бирок сотко чейин камаганы туура эмес. Бакиев учурунда иштегендер азыр деле иштеп жатат. Бакиев учурунда кантип бизди камаса, азыр деле ошолор жүрөт. Буларда тазалануу болгон жок.

Укуктук баа зарылчылыгы

Бирок башкы прокурор андай дооматтар менен макул болгон жок. Аида Салянованын айтымында, баары мыйзам чегинде жүрүп, Түлеев мамлекетке жүз миллион сомдун тегерегинде чыгым келтиргени аныкталууда. Сот да депутатты кармоону мыйзамдуу деп тапкан.

- Кармоо учурунда мыйзам бузуу болгонбу, же болгон эмеспи деген маселе сот органдарынын карай турган иши. Буга Башкы прокуратура да, парламент да баа бере албайт. Андыктан аталган маселе бүгүнкү күндө сотто каралган, ага укуктук баа берилген. Ал чечимдерди бүгүнкү күнү эч ким жокко чыгарган жок. Ошондуктан кармоо учурунда мыйзам бузууга жол берилген деп айтуу туура эмес.

Түлеевге козголгон кылмыш ишинин негизинде дагы 9 адамга, айрым ишкерлерге жана Бишкек шаардык мэриясынын мурдагы жетекчилерине айып коюлууда. Бул кылмыш иши жакында сотко өтмөкчү.

Ал эми айрым эл өкүлдөрү депутаттык комиссиянын өзүнө ишеним билдирбей турганын да айтып чыгышты. Маселен, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Эркин Алымбеков комиссиянын төрагасы Курманбек Осмоновго кайрылды.

- Курманбек Осмоновдун бул комиссиянын төрагасы болгонго моралдык укугу жок болчу. Бул комиссиянын чечими калыс жана мыйзамдуу эмес. Мен анда кандайдыр бир кызыкчылыктар бар деп эсептейм. Эгер мыйзам бузган депутаттар болсо, алар кол тийбестикке жашырынбаш керек. Депутат болобу, министр болобу, жоопко тартышыбыз керек. Муну бизден коомчулук талап кылып жатат.

“Кара тизмедеги” депутаттар

“Ата Мекен” фракциясы башынан эле Түлеев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияга мүчө болуудан баш тарткан. Алар парламент тергөө органдарынын ишине тоскоолдук кылбаш керек деген пикирде карманып келатат.

Башкы прокурор Аида Салянова жакында башка депутаттарды да кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат алуу үчүн Жогорку Кеңешке келерин билдирип, эл өкүлдөрүн бушайман кылгандай болду.

- Кайсы бир фактылар боюнча депутаттарга кылмыш иши козголушу мүмкүн. Ошондой эле фактынын негизинде козголгон кылмыш иши да бар. Качан ал иштер даяр болуп, депутатты жоопкерчиликке тартууга Жогорку Кеңештин макулдугу керек болгондо, документтерди өзүм алып келип, түшүндүрүп берем. Азыр ал депутаттардын аттарын айтуу эрте.

“Ата Журт” фракциясынын депутаты Нариман Түлеевге каршы иш Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-пунктунун негизинде, “коррупция” боюнча козголгон. Ал ушул жылдын 25-июнуна бери УКМКнын абагында камакта.

Ушул эле комиссия “Ата Журт” фракциясынын депутаты, азыр Германияда дарыланып жүрөт делген Нурлан Сулаймановдун да ишин карады. Ал Кыргызстанга келгенде камабай туруп, тергөө иши жүргүзүлсүн деген комиссиянын сунушун парламент колдогон жок.

Кылмыш кодексинин 304-беренесине ылайык, кызматынан кыянат пайдаланды деген негиз менен мурдагы транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулаймановго Башкы прокуратура 21-июлда кылмыш ишин козгогон.

Депутат акыркы эки айдан ашык убакыттан бери Жогорку Кеңешке келе элек. Депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Осмоновдун билдиргенине караганда, ал Германияда жүрөгүнө операция жасатып, дарыланууда.
XS
SM
MD
LG