Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:33

Саясат

Коалиция чачырады, кайра жыйноо башталат

2-декабрда Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы коалициялык көпчүлүктөн чыкты. Мындай кадам бир жыл мурда түзүлгөн коалициянын тарашын шарттады.

Жогорку Кеңеш
Текст көлөмү - +
Эми жаңы коалицияны кайсы фракция түзөөрүн жаңы президент Алмазбек Атамбаев аныктайт. Бул аралыкта “Республика” фракциясы өз талабын коюп жатканы кабарланды.

КСДП коалициядан чыкты

Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришери менен партиядан чыкканын жарыялады. Ал эми 2-декабрда парламенттеги Социал-Демократтар фракциясы коалициядан чыкты.

Бул фракция соңку коалициялык көпчүлүктүн кеминде үчтөн бирин түзгөндүктөн Жогорку Кеңеште бир жыл мурда түзүлгөн КСДП, “Ата-Журт” жана “Республика” фракцияларынан турган коалициянын тарап кетишин шарттады.

Фракция жетекчиси Чыныбай Турсунбеков мындай чечимди эски коалициянын чабал иштегени менен түшүндүрдү: 

Чыныбай Турсунбеков
​​- Негизги себеби коалиция ойдогудай иштей алган жок. Көп маселелер боюнча, өзгөчө сот системасы, экономикалык маселелер боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыга алган жокпуз. Ошон үчүн бул коалицияны жаңыртуу керек. Мындай тартипте иш улантуу болбойт деп биз жыйынтык чыгардык.

Анын үстүнө азыр өлкөнүн алдында жаңы милдеттер турат. Жаңы өнүгүү этабына кирдик. Ошол жаңы шартка байланыштуу да сөзсүз түрдө жаңы коалиция түзүлүшү керек деп эсептейбиз.


Баш мыйзамга ылайык, коалициялык көпчүлүк тарагандан кийин президент Жогорку Кеңештеги беш фракциянын бирине жаңы коалицияны түзүү укугун берет. Коомдук-саясий чөйрө Атамбаев мындай укукту өзүнүн мурдагы үзөңгүлөштөрүнө берет деген ишенимде турат. Бирок бул божомол расмий тастыкталган жери жок. Президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарынбаев:

-  Азырынча белгилүү эмес. Алдын ала белгилүү болушу да мүмкүн эмес. Себеби бир гана фракцияга жөндөн жөн гана тапшырбастан, максаттарын аныктап, курала турган өкмөттүн алдында кандай максаттар, кыйынчылыктар турарын тактап, кылдат талдап гана бир чечимге келиши керек.

Талаптар белгилүү болууда

Жаңы курала турган өкмөттүн тагдыры дал ушул түзүлө турган коалициянын колунда. Ага жараша парламенттеги фракцияларда ар кандай саясий жүрүштөр активдешүүдө.

“Республика” Бабановду премьерликке сүрөйт.
​​Маселен, “Республика” фракциясы биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Бабановдун премьер-министр болуп калышына кызыкдар. Бул тууралуу “Азаттыкка” фракция лидери Канат Исаев билдирди:

- Мен ойлойм, биздин фракциянын чечими Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке көрсөтүү болуп саналат. Эми бул сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилет.

“Ата Мекен” фракциясы болсо өкмөт башчылыкка партиянын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан, мурдагы вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди сүрөөрүн айрым маалымат булактары жазып чыгышты. Айрым талдоочулар буга чейин оппозицияда жүргөн “Ата Мекен” фракциясы коалицияга кирүү сунушталса, парламенттин төрагалыгына өз лидерин көрсөтүү шартын коюшу мүмкүн деп жоромолдошууда. 

Буга чейин “Ата Мекен” коалицияга бешинчи фракция болуп кирбей турганын билдирген. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” фракциянын расмий позициясы президенттин чечиминен кийин гана жарыяланарын билдирди:

- Расмий түрдө эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок. Анткени президент коалициялык көпчүлүктү түзүү боюнча эч бир фракция тапшырма бере элек. Расмий процесс башталганда биз өз позициябызды билдиребиз.

Колицияга кирүүгө ынтызарлар

Оппозициядагы дагы бир фракция “Ар-намыстын” басымдуу бөлүгү коалициялык көпчүлүккө кирүүгө кызыкдар. Депутат Токон Мамытовдун билдиришинче, фракциядагы 25 депутаттын 14ү жаңы коалицияга кирип, КСДП фракциясын колдоого макул болушту. Буга чейин экиге бөлүнүп кеткен бул фракциянын дагы бир лидери Феликс Кулов позициясын толук ачыктай элек.

Камчыбек Ташиев
​​Таркатылган коалицияда көпчүлүктү түзгөн “Ата Журт” да коалицияга кирүүгө ынтызар. Фракция лидери Камчыбек Ташиевдин айтымында:

- Бардык нерсе болушу мүмкүн. Бирок мен ойлойм, биз, “Ата-Журт” фракциясы, оппозицияда эмес, коалициянын ичинде калууга карата сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылабыз.

Бул аралыкта “Ата-Журт” фракциясын оппозицияга кетирүүгө кызыкдар саясий күчтөр бар экени да айтылууда. “Ата-Журттун” лидерлеринин бири, азыркы төрага Акматбек Келдибеков менен “Ата-Мекен” фракциясынын ортосундагы тирешүүлөр ушундай аңыз кепке жем таштагандай болду.

“Ата Мекендин” төрагасынын мыйзамсыз иштерге барды деген айыптоолорун Келдибеков төрагалык кызматка көз артуу катары баалады. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев мындай дооматты четке какса, Акматбек Келдибековдун таламын талашкан алайлык аксакалдар Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, атайылап каралоо жүрүп жатат деп билдиришти.

Үч фракциянын келишимине ылайык төрага коалиция таркагандан кийин кетиши керек болсо, Келдибеков муну негизсиз деп жатат. Баш мыйзамда төрага 81 депутат каршы добуш берген учурда кете алары белгиленген.

Ошентип парламентте жаңы коалиция жана жаңы өкмөт түзүүнүн айланасында бүйүр кызыткан саясий оюндар уланып жатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Калыспикир
10.12.2011 00:27


Кыскасы:

Премьерликти Ташиевге бергенде дагы ал отказ кылат.

Сценарий тетирисинче болуп калышы да мумкун.

Текебаев премьерликте турса болот, бирок саунасы абийирин тогуп таштайт.

Ата-Журтчулар жана алардын колдоочулары ото эле коп.

Алар оппозицияда турушкан болсо шорду шорподой кайнатышат.

Бабанов премьерлике жаштык кылат, супермаркеттеги кассирлер аны таанышпайт.

Кулов кыргызчаны уйронуп буткучо 90 жашка чыгып калат.

кимден: Жолдош каяктан: Бишкек
05.12.2011 16:47
Азыркы кыргыз элинин шартты өтө опурталдуу. Жогорку кеңеште коалиция кандай түзүлөт деп баш катырып отурабыз. Демек, баардык нерсе жогорку кеңеш аркылуу чечилери да тастыкталып отурат. Жогорку кеңештин төрагалыгына таза улуту үчүн күйгөн адамды тандоо керек. Ал эми өкмөт башына коалицияга кирбеген көз карандысыз, чечкиндүү, чынчыл, өз кызыкчылыгын көздөбөгөн адамды тандообуз абзел. Таамай айтсак Текебаевге, Келдибековго ж.б ойрондорго жол бербешибиз керек. Качанкыга чейин эле 200 шумпайлар жалпы элди башкара бериши керек. Айланайын кыргыз элим, айланайын кыргыз жаштары Кыргызстандын келечеги, тагдыры чечилгени турат. Жакшы жагына оодарганга эл өзү турбаса, хапугалар тетири бурганы турушат. Ошондуктан эл, өзгөчө жаштар катуу талаптарды коймоюнча жеп- ичкичтериң өмүрү жакшылыкка алып келишпейт. Жашасын кыргыз элим.

кимден: ROY каяктан: bishkek
04.12.2011 20:40
Калыспикир айткан киши ото катуу прогноздоп койгонго андай болсо Жазга чыгып бийлик дагы кулайт Респулика деген фракция Ата-Журт менен жакшы ата-мекенге караганда,Ал эми Текебаев Спикер болбой калышы мумкун себеби аны Кремиль болдурта койбойт

кимден: Философ каяктан: Тоо-Ашуу
04.12.2011 20:14
Бир жагын карасан ызгаардуу кыш. Бир жагын карасан жай - саратан, баары бир туш тарабы аттан туш. Олконун биримдиги,онугуусу караман элдин мээнети,бешене тери жана тагдыры менен ташка тамгадай жазылган. Бизге даанышман,куйорман жана эмгекчил таза адам керек.

кимден: Калыспикир
04.12.2011 19:49
Кыскасы:

Премьер Бабанов;
Спикер Текебаев;
1-вицеликке Ар-намыстан;

Анан окмоттун курамынын копчулугу КСДПчылар, андан кийин Республика, Ата-Мекен, Ар-Намысчылар;

Ошентип эртен Атамбаев озунун КСДПсына коалиция куроо укугун берсе, окмот алар менен кошо Ата-Мекен, Республика, Ар-намыс менен куралат!!!!!!!!

Бул жолу Атажуртчулар оппозицияга кете турган болуп калышты!! Бирок 12-жылдын кузуно чейин баарибир парламент тарап, Ата-журт парламентке да кирбей калат деген прогноз бар!..

Жаны парламентте СДП, Ата-Мекен чечуучу орундарга ээ болушат!!!
Себеби былтыркы апрелдеги окуялардан кийинки сценарий менен улантышат!! Атамбаев мурунку президенттердей бийлик чогулта албаса да ото сезилээрлик даражада кучотуп орнотот, президенттик бийликти. Баш мыйзамга озгортуулорду киргизип, ажолук моонотту эки жолкуга узартканга жетишип, он жыл олтурат по-любому!!!

Бирок Бабанов премьер болуп коп отурбайт, парламент тараганга чейин олтурат!!! Андан кийинки премьер (куздогу) Текебаевтин шансы жогорураак, эгер окуялар ушул онутто кете турган болсо!!!

Неси болсо да тынччылык, токчулук эле болсун!!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.12.2011 18:29
Баарынар эле ал жаман бул жаман дейсинер.Илгерки эле жаман кайнене болдунар.Алардын ордуна силер келсенер эмне кылмаксынар.

кимден: куштар
04.12.2011 14:08
Пример министирлике Текебайевти эле шайло керек эми өзу алып келген системаны өзу алга суйройт башка эч татыкту адам жок

кимден: Бутун
04.12.2011 09:51
Бирин олуп бирин кал! Баарын уурусун!!!

кимден: Nurbek каяктан: Atambaevge
03.12.2011 21:34
men Almaz Aatambaevge ayt4u sozdorum payda boldu, aga jetebi jetpeybi bilbeym, birok baarybir aytkym keldi:
Urmattuu Almaz myrza , men wayloodo negizi jaw jani adamdy waylayin degen oyum bar ele, birok 3 ku4tuu aldyga ozoorunar belgiluu bolup kaldy, anan oyum bowko ketpesin dep jokton koro jogoru dep 3 oonordon sizdi tandadym, birok oyumda, a chyn jawoodo tizmede atym bolboi kalip wayloogo katiwalgan jokmun. Achygyn aytip koyuwum kerek menin sizge bolgon oyum teskeri bolchu tee murdatan beri ele, en akirki 2 jildagy el aldinda bargan jerlerinizdegi suylogon sozdorunuzdon ulam sizge negativ oyumdu neytralniy da emes pozitivge aylandira aldiniz! Sizge berilgen bir wans bul, sebebi eldin kobu sizdi "jokton koro jogoru" dep jana tyn4tyk stabilduuluk boluw uchun gana wayladi, olup ketsin onukposok da tynch jawayli dep, chyn chynynda sizdi ayabaay suyuwpoit el-kalk, ukmuw fanattariniz saliwtirmaluu aziraak, munu eske aliniz! Emi keleylik tok eter jerine, sizge negizi aytkym kelgen nerse IWTENIZ iwinizge iygilik kaalaym!! omurunuzdun bul 4 jildik tilkesin payda akcha tabuudan murun kantip kyzmat kilam kantip onukturom dep chin dilinizden iwtep beriniz, KADR SAYASATINA jakwilap konul burunuz oto kildattik mn tandabasaniz, anda eerden bat ele wypyrylasyz adawsaniz kokus. Eger kadr sayasaty bayagi ele biz bilgen 20 jylda kyrgyzga kypynday gana payda keltirbegen, kyrgyzstandyn eski bayagi ele sayasattagy sasyk adamdardy koysonuz anda bat ele ketesiz!!! munu eske aliniz (jantoro satybaldiev mn bawtapsiz , men ani jakwi taanibaym , sizge karanganda aziraak taaniym, birok bilem 20 jildan beri ele aty jurot , birok paydasy kaysi boldu bilbeym???) jaw iw bilgi kyrgyzdyn jakwi jigitteri jurot iwtep owolordu apkelseniz jakwi boloor ele dep umut kilam, iygilik sizge!!

кимден: Алтынбектен каяктан: "алтын муштум"
03.12.2011 18:37
АЛТЫНБЕКТЕН "АЛТЫН" МУШТУМ!!! Баарынар эле Атамбаев, Мадумаров, Ташиев кыйын дейсинер эй! Алар кыйын эмей эле кадимки республикачы Алтыкенин (челюст) жаз алдындагы Кыдырша аксакалдын баласына ыроологон "алтын муштуму" олкобуздун алтын барактарына алтын тамгалар менен жазыла турган тарыхый сокку болгон билсенер. Ошондо ар бир кун эмес, ар бир мунот маанилуу болуп турган. Балким ошондо Алтынбек мырза Ташиев мырзага "алтын муштумун ыраа корбогондо", таптакыр башкача онутто онукмок окуялар таржымалы, эми жакшы жагынабы-жаман жагына озгорот беле ал башка маселе.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине