Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

Спикер шайлоо соодага айланды


Жогорку Кеңештин депутаттары, 28-октябрь, 2015
Жогорку Кеңештин депутаттары, 28-октябрь, 2015

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк спикерликке талапкер боюнча орток пикир таба элек. Башкаруучу коалиция талапкер тандоо маселесин бүгүн жабык талкуулады.

Бир катар байкоочулар парламент төрагасын шайлоонун айланасындагы саясий оюндарда аймактык фактор менен акча негизги роль ойноп жатканын белгилешет.

Тирешкен саясатчылар

Башкаруучу коалициянын төрагалыкка талапкер аныктоо тууралуу 18-апрелдеги жыйыны да ийгиликсиз аяктады. Коалициянын жетекчиси, Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков көпчүлүктү түзгөн фракциялардын баарынын позициясы белгилүү болгону менен орток пикир жоктугун жарыялады:

- Коалициялык көпчүлүккө эки депутаттын талапкерлиги түштү. Экөөнүн тең талапкерлигин комитетке, жалпы жыйынга алып чыгуу тууралуу сөз болуп жатат. Бирок бул ушуну менен эле сүйлөшүүлөр токтоп калды дегенди билдирбейт. Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыкканга чейин дагы убакыт бар. Ага чейин балким экөө тең ойлонуп, бири экинчисине жол бошотуп бериши да ыктымал. Талапкер боюнча КСДП фракциясынын позициясы бар. Коалициялык көпчүлүккө кирген “Ата Мекен” фракциясынын туруму да белгилүү. Тилекке каршы биз бир мунасага келе элекпиз. Эгер эртең кечке чейин чече албасак, 20-апрелде жалпы отурумдун күн тартибине киргизилсе, анда эки талапкердин ичинен бирөөнү чыгарабыз.

Төрагалыкка талапкер тандоо боюнча “Ата Мекен” фракциясынын чечими тууралуу фракциянын депутаты Алмамбет Шыкмаматов айтып берди:

- Бүгүн фракциянын жыйынында сунушталган эки талапкерди жашыруун добуш менен тандоо болду. Анда добуштар теңме-тең бөлүнүп калгандыктан эки талапкерди тең чогуу жалпы жыйынга добуш берүүгө чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо өткөн аптадан бери талкууланып жатат. Коалициялык көпчүлүккө кирген “Кыргызстан” менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары бул кызматка өз лидерлери Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаевди көрсөткөн. Аларга өз ара сүйлөшүп, орток пикирге келүү сунушталганы менен бири-бирине атаандашып, тирешүү уланууда.

Ал арада “Кыргызстан” фракциясынын айрым депутаттары “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев спикердин жумшак рейтинг ыкмасы менен тандалышына макул болбой жатканын айтып чыгышты. Депутат Нурлан Макеевдин билдиришинче, Төрөбаев өзү койгон талаптан өзү кайра баш тартып жатат:

- “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы башында “”Кыргызстан” фракциясынын төрагасы Канат Исаев коалициялык көпчүлүк эки талапкер сунуштап, жумшак рейтинг менен тандалышына көнбөй жатат” деп сөз кылышкан. Биз башында коалициялык көпчүлүктүн биримдиги бузулбасын деген принцип менен бир эле талапкер көрсөтүлсүн деп жатканбыз. Бирок кийин Төрөбаевдин төрага жумшак рейтинг менен тандалсын деген шартына көнгөнбүз. Биз бул чечимибизди “Ата Мекен” менен КСДП фракцияларына билдиргенбиз. Эми болсо Төрөбаев коалиция бир гана талапкер чыгарсын деген талап коюп жатканын билип, бул кадамын түшүнө албай жатабыз.

Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы же анын лидеринен комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Ал ортодо парламенттеги оппозициялык фракциялар спикер тандоо боюнча позицияларын ачык билдирбей турат.

“Республика Ата-Журт” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов алардын чечими коалициялык көпчүлүктүн сунушуна жараша болорун, спикерликке өздөрү талапкер көрсөтүшү мүмкүндүгүн кыйытты:

- Биз коалициялык көпчүлүк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Ошонун негизинде биз фракциянын жалпы жыйынында көрсөтүлгөн талапкерлерди колдойбузбу, өз талапкерди көрсөтөбүзбү, же жокпу деген чечим кабыл алабыз. Азырынча муну, же тигини колдойбуз деп айта албайм. Жогорку Кеңешке бардык депутаттардын талабына жооп берген, калыс адам төрага болушу керек. Биз чечим чыгарарда ушуну эске алабыз.

"Эки эркенин эрегиши"

"Бир бол" саясий партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев фракция спикерликке талапкер тандоо маселеси боюнча жыйынга чогула электигин маалымдады:

- Азырынча бардык фракциялар өз позициясын толук ачыкка чыгара элек. Коалициялык көпчүлүктүн чечими кандай болот, алар канча талапкер көрсөтөт деген жагдай аныкталгандан кийин биздин фракция өз позициясын билдирет. Биз азырынча бул маселе боюнча чогула элекпиз.

Айтор, Жогорку Кеңештин спикерин шайлоонун айланасында саясий оюн кызып турат. Бир катар байкоочулардын пикиринде, спикер тандоодо аймактык фактор менен каражат маселеси негизги роль ойномокчу. Мындай пикирге Жогорку Кеңештин мурунку вице-спикери Бөдөш Мамырова да кошулат:

- Спикер шайлоодо аймактык маселени көтөрүп жатышыптыр, акча маселеси болуп, депутаттарды эки-үчкө бөлүп жатат. Төраганы шайлоодо мына ушул жагдайлар негизги роль ойнойт. Бул анык болуп калды.

Анткен менен спикерлик орундун талашка түшкөнүн сынга алгандар да жок эмес. Коомдук ишмер Эдил Байсаловдун баамында, спикер шайлоонун артында кайсы бир саясатчылардын жеке, тар кызыкчылыгы турат:

- Кыргызстан үчүн иштеп берем деген жетекчилер негизи өкмөт башчынын ордун талашыш керек эле. Идея боюнча парламенттик демократия кыртыш алган мамлекеттерде шайлоодо жеңген, коалициялык көпчүлүктү түзгөн партия жетекчилери өз программасын ишке ашырып, өзүн көрсөтүү үчүн премьер-министр болушу керек эле. Бирок булар өкмөт башчы кылып шайлоого катышпаган Темир Сариевди шайлашты. Аны иштетип-иштетпей туруп кетирип, анын ордуна шайлоого катышпаган Сооронбай Жээнбековду алып келишти. Ал эми өздөрү болсо отуруп алып эми спикерликти талашып жатат. Бул таптакыр туура эмес көрүнүш. Бул жеке адамдардын амбициясынын талашы, эки “эрке баланын” талашы. Бул жерде мамлекеттик деңгээлдеги эч нерсе жок.

Парламенттин ушул аптадагы жалпы жыйынында спикерликке талапкер тандоо каралабы, же жокпу азырынча белгисиз болуп турат. Эгер Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин экөөнүн тең талапкерлиги добуш берүүгө коюлса, бир катар себептерден улам Төрөбаев утуп кетиши ыктымалдыгы айтылууда. Атаандашып жаткан бул эки талапкер жыдып, үчүнчү жаңы талапкер шайланышы мүмкүн деген да божомол бар.

XS
SM
MD
LG