Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Cпикерлик орун талашка түштү


Канатбек Исаев менен Бакыт Төрөбаев
Канатбек Исаев менен Бакыт Төрөбаев

Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо кийинки аптага калды. КСДПнын башчысы Чыныбай Турсунбеков төрагалыкка сунушталган талапкерлер Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев бир пикирге келе албай жатканын билдирди.

Жогорку Кеңештин спикерин тандоодо негизги көңүл саясатчынын өз алдынчалуулугуна, парламенттин сапатын көтөрүү жөндөмүнө эмес, мурдагыдай эле президенттин алдындагы ийкемдүүлүгүнө бурулуп жатканын байкоочулар айтышууда.

Тизгин талаш уланууда

Жогорку Кеңеште эки күндөн бери көпчүлүк коалиция бир талапкерге токтой элек. Анын курамындагы “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары өз лидерлерин Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкер катары сунушташты.

14-апрелде расмий сунуштар көпчүлүк коалициянын төрагасы Чыныбай Турсунбековдун дарегине жиберилди. Коалициянын курамындагы Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров “Кыргызстан” фракциясынын башчысы Канатбек Исаев менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаевге өз ара сүйлөшүү сунушталганын "Азаттыкка" айтты:

- "Экөөң өз ара сүйлөшүп, бир пикирге келгиле” дегенбиз. Эгер чече алышпаса, анда бул маселе коалициялык көпчүлүктүн ичинде каралат. Андан кийин коалиция чечкен талапкерди жалпы отурумга алып чыгабыз.

Зулпукаров ошондой эле спикерликке талапкерлер тууралуу сунуштар алгач коалициянын отурумунда каралып, андан кийин профилдүү комитетте талкууланарын, андан соң гана жалпы отурумга чыгарыларын эскертти.

​Коалициялык көпчүлүктүн төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков сунушталган талапкерлер Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев бир пикирге келбей жатканын билдирип, спикер шайлоо маселесинин кийинки жумага калган себебин “Азаттыкка” түшүндүрдү:

- Биз алгач коалициялык көпчүлүктүн жыйынын өткөрүп, бир талапкерди гана калтырышыбыз керек. Бирок Исаев да, Төрөбаев да талапкерлигин койгону баарыбызга маалым. Азыр да коалициялык көпчүлүктүн лидерлери менен жолугушуу өткөргөнү жатабыз. Эгерде маселе чечилбесе, башкача жолдор менен кетишибиз керек.

Турсунбеков: Cпикерлик талашка түштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:49 0:00

​Чыныбай Турсунбековдун билдирүүсүнөн кийин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы праймериз сунушу менен чыкты. Фракция лидеринин орун басары Тынчтыкбек Шайназаровдун “Азаттыкка” маалымдашынча, төрагалыкка талапкерди аныктоо көпчүлүк коалицияда добуш берүү аркылуу чечилүүсү керек:

- Биз коалициядагы кесиптештерибизге көпчүлүк коалициянын ичинде добуш берүү аркылуу шайлоо өткөрүүнү сунуштайбыз, мындайча айтканда, праймериз. Эки талапкер чыгып жаткан соң, анда көпчүлүк коалициянын депутаттары кимиси спикерлик кызматка татыктуу экенин чечишсин. Бирок, тилекке каршы, Канат Исаев мындай процедурага макул болбой жатат.

Унчукпас парламент кайдан чыкты?

Мурунку спикер Асылбек Жээнбеков акыркы эки чакырылышта парламентти жетектеди. Жээнбеков бийликтеги партияга мүчө экенин белгилеген айрым байкоочулар ал төрага болгондон тарта Жогорку Кеңеш "күн карама парламентке" айланды деп сыгадашат. Бул жолу да спикерди тандоодо негизги көңүл мурдагыдай эле саясатчынын парламенттин сапатын көтөрүү жөндөмүнө эмес, президент алдындагы ийкемдүүлүгүнө бурулуп жатканын белгилешет.

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

Укук коргоочу Динара Ошурахунова парламентке бул жолу да коомчулук каалагандай лидер келүүсүнө ишене албасын “Азаттыкка” билдирди:

- 2012-жылга чейин парламентте курч маселелер көтөрүлүп, түрдүү пикирлер айтылчу. Жогорку Кеңешке төрага болуп президент менен бир партиядагы Жээнбеков келгенден кийин парламент акырындык менен “унчукпас, жабык, күн карама парламентке” айланды. Азыркы келген парламент жарым жылдан бери курч, талылуу маселелерди көтөргөнүн, ага төрага шарт түзүп бергенин көрө алган жокпуз.

Ошурахунова Жогорку Кеңешке саясатта бышып жетилген лидер төрага болсо гана парламентте курч маселелер көтөрүлүп, улуттук кызыкчылыктар корголот деп кошумчалады.

2010-жылкы апрель окуясынан кийин Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өткөн. Айрым байкоочулар бул эл аралык коомчулукка жар салынганы менен, иш жүзүндө бул система иштебей жатканын белгилешет.

Бийлик бир кишинин колунда

Оппозициялык журналист Замира Сыдыкова Кыргызстанда азыркы учурда жогорку саясий бийлик бутактарына келүүчү жетекчи президенттин каалоосуна жараша гана шайланат деп эсептейт:

- Премьер болобу, спикер болобу бүгүн бизде президенттин гана каалоосу менен шайланып жатат. Биз түз автократияга баратабыз, келип калдык деп да айта алам. Сөз жүзүндө парламенттик башкаруу системасы деп айтылганы менен, иш жүзүндө бийлик бөлүштүрүлүп башкарылганын көргөн жокпуз. Буга өкмөт башчы Темир Сариев кызматтан кетип жатканда аны ыйлагыдай болуп узаткан өкмөт мүчөлөрү кайра эле эки сааттан кийин жаңы премьерди кол чаап тосуп алганы ачык күбө.

Парламент төрагасын шайлоо кийинки аптага калды. Ага чейин башка фракциялар да талапкерлерин көрсөтүүсү күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG