Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Келдибеков төрагалыктан кетти


Жогорку Кеңеш төрагасы Ахматбек Келдибеков 12-декабрдын кечинде кызматынан өз ыктыяры менен кетүүгө арыз бергенин жарыялады.

Төрага мындай чечимге парламенттин бүгүнкү жыйынындагы кызуу талаш-тартыштардан кийин келди.

Парламент төрагасынын тегерегиндеги талаштуу маселени караган парламенттин кезексиз отуруму бүгүн эртеден бери улам танапис жарыяланып отуруп, кечки алтыга чукул кайра уланды. Депутаттар иш күнү аяктап калганына карабай маселени биротоло аягына чыгарууну чечти. Мындан соң жарыш сөздөр башталып, төрага Келдибеков депутаттардын суроолоруна жооп берип кирди. Суроо-жооптордун бир тобу Ысык-Көлдөгү "Каприз" мейманканасында Келдибековдун кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Камчы Көлбаев менен жолуккан-жолукпаганы тууралуу болду. Төрага бир мейманканада аны менен чогуу болуу жөн гана дал келүүчүлүк экенин, эч кандай жолугушуу болбогонун айтууда.

Жарыш сөзгө чыкчу депутаттардын көптүгүнөн улам маселени кароону токтотуп, добушка коюу сунуштары айтылды. Бирок бир чечимге келбей туруп депутаттар эки саат иштешкенине таяп, саат 19:30да он беш мүнөттүк танаписке тарап кетти. Он беш мүнөттүк танапис бир жарым сааттай созулуп, депутаттар кайра чогулганда Келдибековдун төрагалыктан кетүү боюнча арыз бергени жарыяланды. Мындай жарыяны окуган вице-спикер Бакыт Төрөбаев Келдибековдун бул кадамын коалициялык көпчүлүктүн таркашына байланыштырып, коомдо туруктуулукту сактоо аракети менен түшүндүрдү.

Бүгүнкү териштирүүнүн жыйынтыгында 103 добуш менен токтом кабыл алынды. Токтом долбоорун "Ата-Журт" фракциясы даярдап, башка фракциялар менен макулдашылганы айтылды. Бирок парламентте болгон кабарчыбыз Эленора Бейшенбек кызынын айтымында, "Ата Мекен" фракциясы адегенде бул долбоорго макул болбой атып, сүйлөшүүлөрдүн негизинде гана араң көнгөн. Бүгүнкү жыйындагы узакка созулган тыныгууларда фракциялар ортосунда ушул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, макулдашуу бир топ эле кыйын болгону белгилүү болду.

Акырында ошентип "Ата Мекен" фракциясы демилгелеген төрагага ишеним көрсөтпөө сунушу бир топ жумшартылган токтом кабыл алынды. Ал токтомго ылайык, Келдибеков өз ыктыяры менен арыз жазгандыктан жана ага коюлган дооматтардын айрымдары негиз таппагандыктан убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынтыгын териштирүү токтотулду.

Токтом кабыл алынган соң Ахматбек Келдибеков депутаттардын алдында сөз сүйлөдү.

Келдибековдун сөзүн толугу менен бул жерден угуңуз.




Парламенттин бүгүнкү күн тартибине Келдибековго ишеним көрсөтпөө маселеси коюлган. Анын демилгечиси - "Ата Мекен" фракциясы. Бүгүнкү жыйында төрагага коюлуп жаткан дооматтарды териштирген депутаттык комиссиянын маалыматы угулуп, комиссия башчысы Каныбек Иманалиев "Ата Мекен" фракциясынын спикерге койгон 13 айыптоосунун 11и негиздүү экенин айтты. Анын айтымында, Келдибеков дайындаган кеңешчи жана башка кадрларынын арасында кылмыштуу топтор менен мамилелештери бар.

Ахматбек Келдибеков буга чейин мындай айыптоолордун негизсиз экенин жана бул боюнча сотко кайрылаарын айтып келди.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG