Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Фракциялар чоң кызматтар үчүн күрөшүүдө


"Республикачы" депутаттар мандат алган күнү, 2010-жылдын 10-ноябры.
"Республикачы" депутаттар мандат алган күнү, 2010-жылдын 10-ноябры.

Жогорку Кеңеште жогорку кызматтар үчүн күрөш күчүнө кире баштады.

“Республика” фракциясы өкмөт башчылыкты колдон чыгаргысы келбесе, “Ата-Журт” коалиция алмашса да төрага ордунда калыш керектигин билдирүүдө.


"Ата-Журт" төрагалыкты сактап калганы жатат


14-ноябрдан бери бир жума өкмөт башчылык ишин аткарган Алмазбек Атамбаев кайрадан кыска мөөнөттүк эс алууга кетти. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Алмазбек Атамбаев эс алуу учурунда президенттик кызматка киришүүгө даярдык көрөт жана өкмөт, парламентке байланыштуу иштер менен алек болот.

Алмазбек Атамбаев ушуну менен өкмөт башчылык ишке кайра келбейт десек да болот. Анткени ал 1-декабрдан кийин президенттик кызматка киришет.

Ошондуктан азыркы мезгилде парламентте өкмөт башчылык жана төрагалык кызмат үчүн айыгышкан кармаш башталды. “Республика” фракциясы өз лидери Өмүрбек Бабановду ачыктан-ачык өкмөт башчылык үчүн түртө баштаса, “Ата-Журт” фракциясы коалиция алмашкан күндө да парламент төрагасы өз ордун сактап кала берет деп, төрагалыкты сактап калууга аракеттенүүдө.
Эмне үчүн парламентте сөзсүз оппозиция болуш керек? Туруктуу коалиция түзсөк, аткаруу бийлигине тажрыйбалуу адамдар келсе, парламент мыйзамдарды жазып, өкмөткө жардам берсе дейбиз...
Курманбек Дыйканбаев

Бирок коалиция алмашкандан кийин төрага кызматтан кетүүгө тийиштигин таасирлүү Кыргызстан социал-демократиялык фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков эскертүүдө. Ал эми “Ар-намыс” фракциясы коалицияга бирдиктүү кирүүгө далалат кылып жатат. Белгилүү болгондой, “Ар-намыс” фракциясы экиге бөлүнүп калган. Фракциядагы депутаттардын көпчүлүгү Камила Талиеваны лидерликке шайлап алышкан. Ал эми Феликс Кулов башында турган топ бул иштин мыйзамсыздыгын айтып келатат. 22-ноябрда Феликс Кулов фракциялаштарын биригип туруп, коалицияга кирүүгө чакырды.

“Республика” фракциясынын мүчөсү Курманбек Дыйканбаев алар азыркы коалиция сакталып кала беришин жактап жатканын тастыктады:

- Ооба, биздин фракциянын көз карашы ушундай. Ушул турган коалиция калып, андан кийин кошулам деген саясий партиялардын сунуштарын, программаларын карап, кеңири коалиция түзүлүшүнө каршы эмеспиз. Жеке менин оюмча, эмне үчүн парламентте сөзсүз түрдө оппозиция болуш керек? Парламентти эл шайлагандан кийин туруктуу коалиция түзсөк, аткаруу бийлигине тажрыйбалуу адамдар келсе, парламент мыйзамдарды жазып, өкмөткө жардам берсе дейбиз. Өкмөт дагы иштеп, бир өзгөрүү жасашыбыз керек. Эл деген сезсин жакшы өзгөрүүнү.


"Ата Мекен" кеңири коалицияга каршы
Бешөө тең коалицияга кирип, жаңы системанын маңызын бузганга жол бербейбиз. Бул катачылыктарды кайталоого алып келет. Эркин Алымбеков


“Ата Мекен” фракциясы болсо парламенттеги беш фракциянын коалицияга киришин туура эмес деп санап жатат. Фракциянын мүчөсү Эркин Алымбеков бул мурдагы катачылыкты кайталоого алып келет деген пикирде:

- Бешөөсү тең коалицияга кирип, жаңы системанын маңызын бузганга жол бербейбиз. Ошон үчүн айтаарыбыз, кээ бир саясатчылар айтып айткандай бешөөбүз кирсек, анда монополия пайда болот. Бул “көздү май басып”, катачылыктарды кайталоого алып келет. Ошон үчүн, эгерде ушундай болуп кала турган болсо, анда “Ата Мекен” оппозицияда кала берет. Анткени парламенттин табияты ошондой. Тигилер көпчүлүктү түзүп, иштерди жүргүзсүн, азчылык аларды көзөмөлдөп, натыйжалуу иштешине түрткү берип туруш керек. Ошон үчүн беш фракция дегендер болсо, биз оппозицияда кала беребиз. А эгер принциптерибиз дал келсе, анда биз коалицияга кирип, жоопкерчиликти алып, реформаларды алдыга жылдырууга салым кошууга даярбыз.

Азыркы мезгилде шайланган президент коалиция түзүүнү кимге тапшыруусу белгисиз болуп турат. Андан сырткары өкмөт башчыны шайлоо жаңы ыкма менен жүрөөрү айтылууда. Ал боюнча өкмөт башчылыкка бир катар талапкерлер коюлуп, алар жумшак рейтинг менен шайланышат. Эң көп добуш алган эки талапкер экинчи турга чыгып, алардын ичинен көпчүлүк добушту алган талапкер өкмөт башчы болуп шайланат.

Өкмөт башчылыкты мындай жол менен шайлоо депутаттардын добушун “аукционго” айлантып жиберет деген саясатчылар дагы жок эмес. Ал эми эксперт Кубанычбек Өмүралиев өкмөт башчыны тандоодо президентке мүмкүнчүлүк берилиш керектигин билдирип жатат. Буга чейин эксперттер арасында антикризистик өкмөт түзүү идеясы сунушталган эле.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG