Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Президент: мамтилге сөз жок өтүү керек


Президент Роза Отунбаева Кыргызстан калк ассамблеясынын курултайында сөз сүйлөөдө, 18-июнь.
Президент Роза Отунбаева Кыргызстан калк ассамблеясынын курултайында сөз сүйлөөдө, 18-июнь.

Өлкө башчысынын бара-бара башталгыч билим берүү мамлекеттик тилге өтүшү керектиги тууралуу билдирүүсү түрдүү пикирлерди жаратууда.

Бул тууралуу президент Роза Отунбаева 18-июнда Кыргызстан калк ассамблеясынын курултайында сүйлөп жатып билдирген эле.


Башталгыч мектепти бүткөн бардык улуттун балдары кыргызча билиши керек

Президент Роза Отунбаева Кыргызстандагы бардык улуттар кыргыз тилин башталгыч билим берүүдөн тарта билиши керектигин мындайча айтты.

- Мен биздин билим берүүбүздүн тил багытын түп тамырынан реформалоо керек деп эсептейм. Бардык улуттардын балдары башталгыч мектепти бүткөндөн кийин кыргыз тилин билүүлөрү керек. Билгенде да жөн гана сынак тапшырып, баа албай, жакшы билиши керек. Ал үчүн натыйжалуу усулдар зарыл. Мындай усулдар бизде жок болгону менен бүт дүйнөдө бар.

Ошону менен бирге Отунбаева бул бүгүн, же эртең гана жасай койчу иш эместигин, бирок тиешелүү даярдыктардан соң башталгыч билим берүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Мамлекеттик тилди билүү коомдук-саясий турмушка аралашууда стимул болушу керектигин кошумчалады президент.

Улут аралык мамиле жөнүндө сүйлөп жатып Отунбаева Кыргызстан этностук саясатын башка нукта өзгөртүшү керектигин, анда кайсы бир этнос үстөмдүк кылбай, жалпы этникалык муктаждыктар камсыздалышы зарылдыгын да айтты. Мындан тышкары кыргыз тилин, адабиятын жана тарыхын бардык жарандар билүүгө милдеттүү экендиги, ошол эле кезде башка этностун өкүлдөрү этникалык муктаждыктарын, анын ичинде тилин, тарыхын жана салт-санаасын канааттандырышы үчүн мамлекеттик кепилдикке алынышы керектиги тууралуу сөз болот.

Тилди кыстап үйрөткөн жакшы болбойт

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенконун айтымында, президент тарабынан тил боюнча сунуштар негизинен туура көтөрүлүүдө. Бирок оболу Кыргызстанда шарттар түзүлүшү керек:

- Менин оюмча, бул туура кадам. Башка өлкөлөрдүн мисалынан көрүп жатабыз, аларда тил маселеси эч кандай көйгөй жаратпайт. Адамдар жаш кезинен эки-үч, андан да көп тилде сүйлөшөт. Бул үчүн аларда шарттар да жетиштүү. Бирок бизде тил маселеси бир аз башкачараак. Дээрлик 20 жылдан бери кыргыз тили боюнча усулдук шарттарды түзүү жана аны үйрөнүүгө шыктандыруу боюнча туура эмес саясат жүргүзүлүп келди.

Анткен менен Никитенко тил саясатын туура жүргүзбөсө тескери натыйжасы да болушу мүмкүндүгүн айтат.

- Эгер даярданууга мүмкүнчүлүк бербей, шартты түзбөй эле эртеңден баштап, баарыңар тилди билишиңер керек десе, бул албетте күч колдонуу болуп калат. Бул өз артынан тескери таасирлерди пайда кылат.

Тилдин айынан эмес, жакшы жашоо издеп кетишкен


Президенттин билдирүүсү азыр социалдык тармактарда жана айрым интернет булактарда түрдүү талкууланууда. Кээ бири орус тилдүү сайттардан Роза Отунбаева орус тилин окутуудан баш тартууда деген сынчыл пикирлерди да кезиктирүүгө болот .

Кыргызстан КМШ аймагындагы тышкы миграциянын агымы жогору мамлекет. Айрымдар буга тил жана улуттук азчылыкка карата саясат күнөөлүү десе, кээ бирөөлөр муну өлкөдөгү экономикалык кризистен көрөт. Кыргызстандан ооп кеткендерди көбүн 90-жылдары тарыхый мекенине жөнөгөн славян жана башка улуттагылар түзсө, 2000-жылдан тарта кыргызстандыктар үстөмдүк кыла баштаганын айтышат.

Расмий булактарда Кыргызстанды сексенден ашык улуттун өкүлдөрү байырлаары айтылат. Кыргызстанда 1989-жылдан бери кыргыз тили мамлекеттик тили, ал эми орус тилине 2000-жылы расмий тил макамы берилген. Өткөн жылы түштүктө орун алган коогалаңдуу кагылыш айрым өзбек лидерлеринин өзбек тилине расмий макам берүү талабынан чыккандыгы айтылып жүрөт. Ошондон уламбы, Кыргызстандын бийлиги өлкөдөгү тил саясатын жаңыча жүргүзүүгө бел байлап жаткандай.

XS
SM
MD
LG