Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Оппозиция Оштун мэрин колдоду


Ошто 1-мартта - жаздын биринчи күнүндө өткөн митинг, анда коюлган талаптар канчалык жүйөлүү? Дегеле быйылкы митингдердин арты эмнеге алып келет?

Талкуунун катышуучулары: Оппозициячыл лидер, экс-спикер Акматбек Келдибеков, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана саясий талдоочу Табылды Акеров.

"Азаттык": Оштогу митингде бир катар катаал талаптар коюлду. Маселен, 15-мартка чейинки мөөнөттө азыркы өкмөт кызматтан кетип, элдик өкмөт түзүлүш керек деген талап. Акматбек мырза, элдик өкмөт дегенди сиз кандай көрүп атасыз? 15-мартка чейин азыркы өкмөттү кетирүүгө кандай жүйөлөр бар?

Акматбек Келдибеков: Бүгүнкү бийликтегилер учурунда оппозиция болгон. Бакиевдин, Акаевдин учурунда 2-3 пункттан турган талаптар коюлган. Бирок аткарылбагандыгынын негизинде элде чоң көтөрүлүш болуп, аягы эмне менен бүткөнүн ар дайым айткым келет. Бүгүнкү чоң митингге бийлик 3-4-5 миң киши деди, 30 миңден ашык адам келип катышты. Элге ишеничтүү, профессионалдуу өкмөт түзүлсүн деген бул туура талап деп ойлойм.

"Азаттык": Өкмөт кайсы убадаларын аткара албагандыгы үчүн отставкага кетиши керек?

Келдибеков: Турмуш-тиричилик, экономика оңолгон жок. Андан тышкары өкмөттүн ар бир айткан сөзү карама-каршы, элге бир нерсени айтат, аягында башка нерсе чыгып атат. Ошондуктан бардык саясий күчтөрдү бириктирип, өзүнчө күчтүү өкмөт түзсө туура болот деп ойлойм.

"Азаттык": Өмүрбек мырза, азыркы өкмөттүн кетишине жүйө барбы?

Өмүрбек Текебаев: Биринчиден, Оштогу митингди уюштуруучуларды ийгиликтүү митингди өткөрүшү менен куттуктагым келет. Бул митингдин өтүшү жаңы системанын иштей баштаганынын далили. Жаңы система саясий күчтөр активдешип, легалдашып ачыкка чыгышы керек, саясий партиялар биригип, өкмөткө тең ата күчтүү оппозиция пайда болуш керек деген максат койгон.

Ошто тынч уюшулган, мобилдүү митинг өткөрүштү. Менин колумда алты талабы турат, алар мыйзамдын чегинде, бирок алар канчалык негиздүү, реалдуу - аны талашса болот. Эртең эле 93-жылкы Конституцияны кабыл алыш керек, Конституцияга кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизиш үчүн конституциялык кеңешме чакырыш керек деп турат. Сөзсүз эле баарын талкалап, 20 жыл артка киребиз деген сөздөр жок. Мен ойлойм, митингди уюштуруучулар, катышуучулар реалдуу болгонго аракет кылышты.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Табылды Акеров: Кыргызстан акырындык менен Ооганстандын кейпин кийгени баратат. Себеби ар бир регионалдык лидерлер өздөрүнүн тууган-уруктарын чогултуп алып, ушундай митингдерди өткөрүп, же регионалдык идеологияны жетектеп, саясатка басым жасоого аракет кылып атышат. Жалпы республикалык, же жалпы элдик, мамлекеттик саясаттын алкагында аракеттенишпей, жеке кызыкчылыкта өздөрүнүн бийликтерин бекемдеш, же таасирин күчөтүш үчүн жалаң региондор менен иштеп атышат.

Бүгүн Ош шаарында Мелис Мырзакматовдун партиясын колдоп, митинг өткөрүүнүн кажети жок болчу. Себеби 7-апрелден кийин биз парламенттик, андан кийин президенттик шайлоону өткөрдүк. Ошондо бардыгы демократиялык негизде болуп, «Ата Журт» партиясы көп добушту алып, Келдибеков өзү спикер болуп отурган. Ошондо Кыргызстан демократиялык негизде өнүгүп баратат, биз жакшы жолго түштүк, ушуну улантабыз деген сөздөрүн айткан. Ал эми бийликтен түшкөндөн кийин биз 93-жылкы Конституцияга келишибиз керек, менин спикер болгонум туура эмес болуп калды деген ойду жаратып атат. Бул туура эмес.

XS
SM
MD
LG