Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:32

Саясат

Оппозициячыл эки партия бирикти

“Ата-Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары бирдиктүү оппозициялык лагерге биригерин жарыялашты.

Текст көлөмү - +
Жаз алды менен оппозиция жандана баштады. Парламенттеги оппозициячыл "Ата-Журт" партиясы менен былтыркы президенттик шайлоодо жеңилип калган саясатчы Адахан Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстан" партиясы күчтөрүн бириктирди.

Эки лидердин коюлган мөөрү али кургай электе серепчилердин алды эки партиянын тегине карата алгачкы жоромолун жарыялап жиберишти.

Атап айтканда, колдоочуларынын көпчүлүгү түштүктөн турган эки партиянын биригиши аймактык ажырымга алып келбес бекен деген кабатыр суроону коюшту. Анткени кландык жана жердештик сезим али күчтүү бойдон калып жаткан Кыргызстанда шайлоочулар партияларга анын идеологиясынан мурда алардын лидерлеринин чыккан тегине жараша баа беришет эмеспи.

​​Саясат таануучу Марс Сариев эки партиянын биригиши улут аралык жана аймактык ажырымдан оңоло албай жаткан өлкөнүн кооопсуздугуна олуттуу доо кетириши ыктымал деп эсептейт:

- Мындай карасак “Ата-Журт” менен “Бүтүн Кыргызстандын” көпчүлүк электораты өлкөнүн түштүк аймагында экени жашыруун эмес. Ошондуктан электоралдык тилкеси окшош болгондуктан алардын биригиши мындай караганда туура. Бирок бул бир бүтүн мамлекеттеги шайлоочулардын аймактык таандыктыгына жараша ажырымга алып келиши да мүмкүн.

Деги эле аталган партиялардын биригебиз деп чыкканы бул саясий элитанын бийлик менен болгон буга чейинки мунасага келүү шарттарынын бузулушунан улам болууда. Алар күткөн жыйынтык болгон жок. Чынында алар күчтүү саясий лидерлер. Адатта бийликке келген саясатчы күчтүү атаандаш менен кызматташууну туура көрбөйт. Жыйынтыгында саясий элитанын ортосунда атаандаштык күчөп кетти.


Бирок мындай кабатыр ойго жаңыдан биригип жаткан саясий күчтөрдүн өкүлдөрү макул эмес. Алар жаңы тандемдин катарында ар кайсы аймактан жана улуттан чогулган, жалпы улуттук кызыкчылыктарды карманган саясатчылар бар деп ишендирүүдө. 

​​“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров эки партиянын биригүүсү аймактык ажырымга алып келет дегендер атайын эле чагым салып жатышат деп эскертти:

- Бир эле мына ошол эки партия эмес, Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган аттуу-баштуу инсандар, саясатчылар жана алардын ичинде чыгармачыл инсандар бирдиктүү саясий күч катары биригип жатабыз.

Биздин партияны өлкөнүн бир аймагынын гана колдоосуна ээ болгон партия катары кароого болбойт. Анткени партиянын жүз он миңден ашуун мүчөсүнүн алтымыш пайызы Бишкек, Чүй жана Нарында турат. Анан ошону кантип бир гана түштүктүн партиясы катары карашыбыз керек? Мунун бардыгын аймактык картаны ойнотуп, бөлүп-жаруу менен башкарууну каалагандардын ойлоп тапканы катары баалоого болот.


Бийлик бөлүштүрүүнүн машакаттары

Ошондой эле серепчилер бийлик бөлүштүрүүдө контрэлитанын четте калгандыгы оппозициячыл күчтөрдүн бир муштум болуп бийликке каршы биригүүгө өбөлгө түзгөндүгүн белгилешти. Президенттик шайлоодон кийин Алмазбек Атамбаев өзүнүн саясий атаандаштары менен кызматташууга даяр экенин, Мадумаров жана Ташиев менен сүйлөшүүлөргө бара тургандыгын убада кылган. Бирок шайлоодон бери эки ай өтсө да негизги эки атаандашын кызматташууга чакырганы билинбейт.

Мына ушундан улам дымагы күчтүү эки оппозициячыл лидер күчүн бириктирүү аркылуу бийликти алар менен эсептешүүгө аргасыз кылуу максатын да көздөп жатышы мүмкүн дейт саясат таануучу Уран Ботобеков:

Президенттик шайлоо, 30-октябрь, 2011-жыл
​​- Атамбаев шайлоодон мурун да кийин да аталган эки саясатчы менен сүйлөшүүлөргө барып, алар менен кызматташам деген убадасынын өтөөсүнө чыккан жок. Ошондуктан аталган партиялар биригүү аркылуу "бийлик биз менен эсептешсин" деген саясий кадам жасап жатышы да мүмкүн. Бирок биригүүнүн эң эле негизгиси - алдыдагы шайлоолордо күчтү чачыранды кылбай бириктирип, саясий күрөштүү улантуу максаты бар экендиги байкалат.

“Ата-Журт” партиясы 2010-жылы бийлик алмашуусунан кийинки парламенттик шайлоодо биринчи келип, парламенттик коалицияга кирген. Былтыркы президенттик шайлоодон кийин куралган коалицияга кирбей, оппозицияда калган.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоодо алтынчы келип, сыртта калган. Анын лидери Адахан Мадумаров президенттик жарышта экинчи орунду камсыздаган. Эки партиянын биригүүсү Кыргызстандагы саясий картаны канчалык өзгөртөт? Азыркы бийликке атаандашкан бардык күчтөрдү өз туусу астында баш коштура алабы?
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: кыргыз баласы каяктан: нарын
12.02.2012 00:17
мейли бириксе биригишсин. анан, ары жагы жаман жака обосо эле болду. деги мындан аары тынчтык болсо болгону да элге. же жыл сайын жаз келээр менен саясатчылардын ортосунда (эки дөө мушташса, ортодогу чымын өлөт) болуп, карапайым элди удургутуп туруу керекпи?

кимден: талгат каяктан: Чуй
10.02.2012 15:34
Эн жакшы биригуу ийгилик болсун. Бирок Суваналиев менен Байболовту кошсонор жакшы болот эле. Силер бийлике умтулбагыла Силер бириккенде эле бийликтегилер урдаганын токтотуп качкандары качып, мамлекет онолмок.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.02.2012 13:56
Жаңы партия тузулушуно даңк! Биздин туштукто мындан да акылдуу жаштар толтура. Аларга жол берсе кыргызстанды бат эле которуп кетет. Өкмөт аларга партия тузгонго улуксат бер. Жаны жаны свежий кровь нужен политикага.

кимден: Жони каяктан: Ош
10.02.2012 13:56
Урматтуу Мадумаров Ташиев ке акылынарга кириптирсинер. Бийликти алдырып койдунар эми 6 жыл кутсонор болмок. Силер шайлоодо бириксенер болот эле. Эми элди тынч койгула революция жол менен гана ала аласынар эгер кучунор жетсе. Бирок Кыргыз болсонор кыргыздарды бири бири менен согуштурбагыла сураныч

кимден: Саяк каяктан: Жумгал
08.02.2012 18:23
Мейли патиялар бириге берсин. Анын эмнеси жаман. Мадумаровдун идеалогиясы ото жакшы адам. "Бутун Кыргызстан" партиясы- бут кыргызстанды болбой-жарбай бутун кылат! Ар ким ар кандай создорду оз коз карашы менен суйлой берет.Кучтуу оппозициясы бар малекет бактылуу мамлекет! Ал осот,онугот! Баардык патиялар бириксин! Жаман болобу? Уйунордо оту4руп алып эле бул,тигил дей бербегиле. Ырыс алды -ынтымак! Кыргыздар ынтымактуу бололу,жакшы тилек тилейли. Болунгонду бору жесин!
Пикирге жооп

кимден: ысмар
09.02.2012 11:10
Туура пикириңе кошулам!! Бөлүнгөндү бөрү жейт. Ташиев экөө бөлүнүп атпайбы. Эми аларды бөрү жейт да. Ой эмне мынча коркосуңар бакырып. Биз эл бөлүнбөйлү. Түштүктө мен кыйын деген адамдар бар. Талантуу билимдуу кучтуу политик балдар толуп атат. Ушул экөөнү реклама кылып эле туруп алдынарда. Чыгар бала богунан дейт. Булардан чыкса капкачан чыкмак. Булардын келечеги таланты жок. Анадан коро жаны партия тузуп жаны туштук талантуу потриот балдарды суроп чыгыш керек. балдарды. Жаны партияга жаны талантуу балдар келсе бул экоо озлору унутулуп калат.

кимден: Куттубек каяктан: 12345
08.02.2012 11:09
Кеп түндүк түштүктө эмес да. кеп лидерде. Неси болсо да, Кыргызстанды ондошсо болду да.

кимден: Калыс
08.02.2012 03:41
Эмнеси жаман бириксе....Атамбаев менен сариев бириксе эч ким унчуккан эмес эле го. Эми Мадумаров менен Ташиев бириксе регионго болду деп ызы-чуу салгандар накта ошолор кыргыздын душманы.Мисалы кээ бир аквариумда остурулгон бакма политолог соройлор (т.акеров...)бул биригууну ачык эле уялбай тундук-туштукко болду деп жар салып жатышат. Оздору менен иши жок... Бут кыргызстандын кыйын, иш билги,таза инсандарын чакырып,алардын биригишинен коркпой эле койсо болот.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
08.02.2012 10:50
Жаман аябай жаман. Болбойт. Кошулганына журогубуз тушуп коркуп атабыз. Ташиев м-н туштук каалаган партия кошулса унчукпайт элек. Ташиев болбосо Мадумаров ким ал ноль. Ошол ишенген кожом Ташиев сен болсон...Мага окшогон Ташиевке ишенген коптогон адамдарды Мадумаров баягы бузук тили м-н бузабы деп коркуп атам. Ташиевте орточо жаны ишеним баркы бар..Мадумаровтун баркы НОЛЬ элде. Биерде Ташиев уттурду. Мадумаров утту. Бирок казыр баарын тыштап. Ташиев таза жаны озунчо партия ачса кийинки шайлоодо уттар эле. Бул партия аябай булганып калды. Политик 100 кадам алдыда журуп алдын ала билген болсо гана утат.
Пикирге жооп

кимден: Мырза каяктан: Москва
11.02.2012 19:23
Мен бир укканым бар. Талканы чыккан германия 1945 жылы ким экенин билбейм баардык кучтуу саясатчыларын,экономисттерин,окмуштууларын чогултуп суйлошушуп ушунчалык кыска убакытта германияны бутуна тургузушкан.Бизде андай биригуу болобу козум жетпейт
Пикирге жооп

кимден: аты жок
08.02.2012 22:53
Мадумаровтун баркы Атамбаевтен чонбу. Кулдурбочу куйгузбочу. Ал баркын тили м-н жана Жаныштын туулган кунундо жоготкон. Ооба баары иштеген Бакиевтин учурунда. Бирок коптогон адамдар уятын сааткан жок Адахандай.Ташиевда аны Бакиев которсо да намысын уятын жоготкон жок.
Пикирге жооп

кимден: Адиш
08.02.2012 21:48
Аты жону жазылбаган адам сен ото чон жанылышасын.Мадумаровдун баркы Атамбаевдикинен жогорураак керек болсо. Уурулук кылып,кошуп жазып эле анын баркын тушуруп жатасынар :)

кимден: Urmatbek каяктан: Bishkek
07.02.2012 18:28
Эн туура журуш деп эсептейм, Эми жаш лидерлерди да оздоруно тартса, анан калса О. Суваналиев, М.Ниязов А.Медетбеков, К.Байболов баштаган баштаган генералдар кошулса анда эле Атамбаев менен Бабановтун айласы алты кеткени боркунордой коро бергиле. Бул турк менен курддорду ээрчип крыша кылган азыркы бийликтен озубуздун кыргыз жуздуу саясатыбыздын саясатын колдосок жана жургузсок жакшы болоор эле алга Кыргызымдын кыраан саясатчылары...
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.02.2012 22:42
Эч качан андай болбойт.2 которулушто унчукпай олтурганбыз. Казыркы өкмөт тиги эки окмотко караганда жакшы иштеп жатат.Жамандап бузукулукту токтотпой каршы иш кылсанар.Чыкпаган карапайым эл эми биз да чыгабыз колдоп окмотту.Жетет кооп суйлоп бузукулук кылгандан башка эчтеке колунардан келбейт.

кимден: кудайдын каяктан: кулу
07.02.2012 16:11
Эң туура чечим, ишинерге ийгилик болсун..силерден үмүтүбүз чон..ар дайым элдин уулу болуңуздар

кимден: Кыргыз каяктан: Москва
06.02.2012 11:23
Элдер, бизге дагы ревалюция кереги жок ойлонгулачы!
Булар бизди жыргатпайт, булар оздорунун бийлике болгон максатына жетейли деп жатышат...
Булар кыргызстанды аябайт, ойлонгулачы откон революция да чогу женишип анан бийлик талашып ит болуштуго... качанкыга чейин кой болуп ушуларга жем болуп журо беребиз?!
Бизге жаны лидер керек! Бакиевдин куйруктары кереги жок!!!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
06.02.2012 12:15
атамбаев ,бабанов да бакиевдин куйруктары
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
06.02.2012 16:36
Эл куйрук болгонун карабайт. Путин деле Ельцинге куйрук болуп.Кийин бийлике жетип эли учун иштеди го. Антпесе кууланып барбаса байлар тигини бийлике жолотмок беле. Булар деле ошондой кылды.
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине