Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Оппозиция бийликке убакыт чектеди


Оппозициянын Оштогу митинги
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

Оппозициянын Оштогу митинги

Ошто өткөн митингдин соңунда бийликке кайрылуу кабыл алынып, оппозиция талаптарын аткарууга 15-мартка чейин убакыт бергенин жарыялады.

Оппозиция Оштогу бүгүнкү митинг соңунда кабыл алган кайрылуусунда, өлкөдө азыркы өкмөт кетип, жаңы кесипкөй өкмөт түзүлүшүн, апрель жана июнь окуяларынын күнөкөөрлөрү жазаланышын жана 1993-жылкы Конституция кайра кайтарылышын жана алдыдагы шайлоону тынч өткөрүүнү талап кылышты.

"Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Улуттар биримдиги" партиялары биргелешип уюштурган бул митинг Ош шаарынын борбордук аянтында өттү. Эртең менен аянтка чогулгандардын саны миңге чукул болгону, кийинчерээк 15 миңге чукулдаганы кабарланды. Митингди алып барган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров аянтка 25 миңдей адам чогулганын жарыялады. Окуя болгон жерден кабарчыбыздын байкоочулардын эсебине таянып билдиришинче, митингге 15 миңдей адам келди.

Митингде сөз сүйлөгөн “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кыргызстан Орусия менен мамилесин бузбаш керек деп билдирди. Ал азыркы бийлик Орусия менен өнөктөштүк мамилесин бузуп алуу коркунучунда экенин, орусиялык базанын Кантта турушу Кыргызстандын коопсуздугу үчүн керек экенин айтты.

Митингде 4-мартта өтө турган Ош шаардык кеңешине шайлоодо “Улуттар биримдиги” партиясын колдоого чакырган ураандар да айтылды. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, чогулгандарга сөз сүйлөгөн депутат Жылдыз Жолдошева, Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев бул партияны колдоого үндөштү. Андан соң “Ата-Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибековдор да бул партияны колдоп сөз сүйлөштү. Чогулган элдин арасында “Мелис Мырзакматов биз сени менен!”, “Эл “Улуттар биримдиги” партиясын колдойт!” деген плакттарды кармагандар бар. “Улуттар биримдиги” партиясы Ош мэри Мелис Мырзакматов колдогон партия катары сыпатталып келет. Бирок мэр аны тастыктаган эмес.

Митинг соңунда алты пункттан турган кайрылуу кабыл алынды. Анда “Кыргызстанда жаңы кесипкөй өкмөт түзүлcүн”, “Апрель жана июнь окуяларынын күнөкөөрлөрү жазалансын”, “1993-жылкы Конституция кайра кайтарылсын” деген бир катар талаптар белгиленген. Ошентип түшкү саат бир жарымдарда митинг аяктап, чогулгандар тарап кетти.

Ички иштер министрлиги митинг учурунда эч кандай укук бузуу катталбаганын, шаарда кырдаал тынч экенин кабалады. Митинг учурунда коомдук тартипти 2 миңге жакын милиция кызматкери жана элдик кошуундардын өкүлдөрү камсыз кылып турду.


  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG