Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

"Элдик парламенттин" өкүлдөрүнүн таржымалы


"Элдик парламенттин" лидери деп саналган Төрөбай Колубаев (солдон биринчи) жана Бекболот Талгарбеков. (Сүрөт интернеттен алынды)
"Элдик парламенттин" лидери деп саналган Төрөбай Колубаев (солдон биринчи) жана Бекболот Талгарбеков. (Сүрөт интернеттен алынды)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган “Элдик парламент” коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн баш коргоо чарасы карала элек. 12-майда аталган уюмдун жыйынынан кийин аталган уюмдун лидерлери деп айтылып жаткан Бекболот Талгарбековду, Төрөбай Колубаевди жана Марат Султановду бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен УКМК камакка алган.

Акаевдин доорунда жылдызы жанган Талгарбеков

“Элдик парламент” коомдук бирикмесинин атынан билдирүүлөрдү дайыма Бекболот Талгарбеков жасап келген. Байма-бай маалымат жыйын өткөрүп, кайрылган журналисттердин баарына тынбай интервью берип жаткан эле.

Экономика илимдеринин кандидаты, 61 жаштагы Бекболот Талгарбеков Аскар Акаев менен өткөн кылымдын 80-жылдары академиялык чөйрөдө таанышкандан бери жакшы мамилеси бар экенин, санаалаш болгонун жашырбайт.

Ал 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагандан кийин эле Илимдер академиясында иштеп келген. 1991-жылга чейин академияда илим изилдөөчү, кенже илимий кызматкер болуп иштеген.

Бекболот Талгарбеков
Бекболот Талгарбеков

Талгарбековдун саясий жылдызы Аскар Акаев президент болору менен жанган жана кыска убакыт президенттин аппаратында консультант- эксперт болуп эмгектенген.

Андан кийин 1996-жылга чейин алгач айыл чарба министринин орун басары, андан кийин министр болгон. Кийин бир жыл агрардык саясат боюнча вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган. Дагы бир жылдан кийин Жалал-Абад облусунун губернатору болуп дайындалган. 1999-жылы кайра президенттик администрацияга кеңешчи болуп, бир жыл өтүп-өтпөй Агрардык саясат боюнча бөлүмдү жетектеген. 2002-жылы өкмөтүн аппаратын башкарган.

2005-жылы Аскар Акаевдин бийлиги күч менен кулатылгандан кийин, Курманбек Бакиев президент болуп турган тушта дээрлик көрүнбөй калган. Анын үнү 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин чыга баштаган жана 2011-жылы президенттик шайлоого талапкер Камчыбек Ташиевдин штабында иштеп берген.

Талгарбековдун таскагы ушул жазда катуураак чыга баштаган. “Элдик парламент "чү" дегенде эле Алмазбек Атамбаевдин отставкасын талап кыларын билдирип жаткан:

- Эгерде Атамбаев элдин кызыкчылыгын ойлосо, анда 28-апрелге чейин кызматынан кетет. Эгерде Икрам Илмияновдун, Фарид Ниязовдун, Чыныбай Турсунбековдун жана Тургунбек Кулмурзаевдин сөзүнө кирсе, анда кетпейт. Анда баягы өзү айткандай, кармашам, согушам деген тактикага өтөт.

Талгарбековдун бул билдирүүлөрү коомчулукта түрдүүчө кабыл алынып жаткан жана эмнеге буга атайын кызмат көңүл бурбайт деген суроолор да жаралган.

УКМК кылтагына экинчи ирет түшкөн Колубаев

Эми камакка алынган Төрөбай Колубаев тууралуу сөз кылалы. Анын эмгек жолу тууралуу маалымат дээрлик жок. Былтыр парламенттик шайлоо алдында жергиликтүү гезиттердин бирине курган маегинде юридикалык билими барын, белгилүү бир компанияны жетектерин айткан, бирок ишкананын атын атаган эмес.

Колубаев К.К - Орусиянын ордени менен сыйланганы тууралуу күбөлүк
Колубаев К.К - Орусиянын ордени менен сыйланганы тууралуу күбөлүк

​47 жаштагы Колубаевдин аты алгач 2010-жылы “Эл биримдиги” партиясынын жаштар канатынын лидери катары аталган. 27-июндагы элдик референдум өтпөй калса, бийлик “Эл биримдигине” өтөт деп жарыялап жиберген жайы да бар. Эки айдан кийин, августта Колубаев баштаган бир топ адамды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Анын укугун Токтайым Үмөталиева коргоп чыккан. Анын айтымында, анда да Колубаевге бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып тагылган:

- Ал өзү таластык, менин жердешим болот. Ал камалганда жакындары мага жалдырап келген. Ошондо кадыр-баркымдын баарын салып, эл аралык коомчулукка кайрылып, бошогонуна жардам бергем. Анда да ага конституциялык бийликти басып алууга аракет кылган деп айып тагылган. Анан "конституциялык бийлик жок болсо, кимди басып алат" деп бошотуп алганбыз.

Колубаев 2011-жылы президенттик шайлоого катышкан. Талапкерлер тууралуу маалыматында убактылуу иштебейт деп көрсөтүлгөн жана бир пайызга жетпеген добуш алган.

"Элдик парламенттин" мүчөлөрү
"Элдик парламенттин" мүчөлөрү

"Султанов жетиштүү добуш топтой алган эмес"

“Элдик парламенттин” камакка алынган дагы бир мүчөсү, мурунку судья Марат Султановду бир топ адамдар Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Марат Султанов менен алмаштырып алып жатышат.

Мурунку судья Марат Султанов былтыр парламенттик шайлоого “Бир Бол” партиясы менен барган жана тизмеде 25-орунда турган. Аталган партиянын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев анын тизмеге кирип калган таржымалын учкай айтып берди. Анын ырасташынча, Султанов өзүнө бөлүнгөн аймактан жетиштүү добуш топтой алган эмес:

- Ал биздин партиянын мүчөсү эмес. Бизде Кемин районунан талапкер жок болгондуктан "ошол райондон талапкер болом, жетиштүү добуш алып берем" деп катышкан. Ошентип партиянын тизмеси менен юрист катары шайлоого барган. Эми аны жаман-жакшы деп айтканга болбойт. Бирок жетиштүү добуш алган эмес.

Марат Султанов 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Кесиби боюнча укук таануучу. Ошол жылы Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунда консультант болуп ишке орношкон.

1991-2002-жылдары Ысык-Ата райондук, Аскер сотунда судья жана Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунун төрагасы болуп иштеген. 2003-2006-жылдары Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо, башкача айтканда, АРИС уюмунда юрист, аткаруучу директор болуп турган. Андан кийин эле кайра сот тармагына келген. 2006-жылдан 2010-жылга чейин Бишкектеги Биринчи Май райондук, андан кийин Бишкек шаардык сотунун төрагасы болуп турган.

Марат Султанов апрель ыңкылабынан бери сот тармагында иштебейт. 2011-жылы кайра эле АРИСке барган, андан көп өтпөй Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун аппаратынын башчысы болуп дайындалган, ал кызматта бир жыл турган. 2014-жылы аны Сотторду тандоо кеңешине ошол кездеги “Ар-намыс” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев сунуштаган. Бирок өтпөй калган. Соңку төрт жылдан бери Улуттук банктын юридика башкармалыгын жетектеген.

Өткөн айда түзүлгөн “Элдик парламент” алгач 26-апрелде 20 миңдей адамды чогултуп, жыйын өткөрөрүн билдирген. Кийинчерээк жыйыны 12-майга жылган жана Бишкектин борбордук аянтына алардын талаптарына кошулган 50-60 миң адам топторун айткан. Талгарбеков "уюмдун артында Орусиядагы жогорку бийликке жакын генералдар турат жана алар бизди колдойт" деп билдирип келген.

XS
SM
MD
LG