Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:09

Журналист депутат коркутуп жатканын айтып чыкты


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

“7-каналдын” тележурналисти Каныбек Темиров парламенттин вице-спикери Надира Нарматованын тынымсыз коркутуп-үркүтүүсүнө дуушар болгонун айтууда.

Каныбек Темировдун айтымында, буга Нарматованын Билим берүү комитетинин ишине кийлигишип, Медакадемиядагы коррупциялык жагдайды кароону күн тартибинен алдыртып салганы боюнча сюжеттин эфирден берилиши себеп болгон. Вице-спикер Надира Нарматова журналисттин айтканын четке кагып, комитетте өз көз карашын айтууга укугу бар экенин белгиледи.

“Кожейкенин” коркутуусу...

Жогорку Кеңештин Билим берүү боюнча комитети өткөн 2-июнда Медициналык академиядагы коррупцияны жаап-жашыруу жагдайын карап, талкууга алмак. Бирок парламенттин вице-спикери Надира Нарматова комитеттин отурумуна келип, бул маселени күн тартибинен алып салууну суранган. Анын өтүнүчүн эске алган комитет мүчөлөрү аталган маселени кароону кийинкиге калтырган. Вице-спикер Нарматованын бул аракети боюнча сын материал даярдаган тележурналист Каныбек Темиров ошондон бери тынымсыз коркутууга кабылганын билдирди:

Каныбек Темиров
Каныбек Темиров

- Бул чырдын өзөгү мына ошол видеосюжеттен башталды. Анда Нарматованын түз суроолорго жооп бербей качканы жана анын Медакадемиянын ректору Зурдиновдун таламын талашып, негизсиз жерден “адвокат” болгону тууралуу айтылган эле. Материал эфирге кеткенден бери мага телефон чалып, СМС менен коркутуп, тынчымды ала баштады. Мен ага нааразы болсоңуз сотко бериңиз деп айткам. Бирок ал мага ар нерсени айтып, моралдык-психологиялык басым көрсөткөнүн токтотпой жатат. Эми анын жөнөткөн СМСтерин ачык айтпай эле койгонум оң. Төбө чачты тик тургузат. Аял кишиден мен мындайды күткөн эмесмин.

“Ишти жазгыла, ишти...”

Ошол эле кезде парламенттин вице-спикери Надира Нарматова журналисттин дооматын четке кагууда. Надира Нарматованын айтымында, тескерисинче, журналист Каныбек Темиров эфирге берген видеосюжети менен анын абройуна шек келтирген экен.

Надира Нарматова
Надира Нарматова

Журналист менен келип чыккан чырдын себептерин тактап сураганыбызда Нарматова журналисттик этика тууралуу насаат айтуу менен чектелди:

- Ал менин абройума шек келтирип жатпайбы. Мен келтирип жатыптырмынбы?... Башымды оорутпагылачы. Эч нерсе болгон жок. Силер өзү жөн жата албайт экенсиңер да. Эмне эле мени жарга такайсыңар? Ал менин жекече ишим. Жөн жерден эле жараны тырмап эле, эмнеге ырбатып жатасыңар? Бир журналисттик этика дегенди билесиңерби өзү? Шантаж уюштуруп эле, бирдекени таап албастан, андан көрө менин элге, шайлоочуларга жасап жаткан иштеримди жазбайсыңарбы. Мен канча элге кызмат кылып жатам.

Регламент менен эмес, түшүнүктөр менен иштеген комитет

Регламент боюнча вице-спикерлер парламент комитеттеринде карала турган маселелердин күн тартибине кийлигишүүгө акысы жок. Бирок кайсы бир маселе боюнча депутат катары жыйынга катышып, өз көз карашын айта алат. Бирок кайсы бир маселе боюнча комитет мүчөлөрүнө басым көрсөтүүгө мыйзам жол бербейт. Журналист Темировдун сюжетинде вице-спикердин мыйзамга каршы келген аракеттери сынга алынган.

Бөдөш Мамырова
Бөдөш Мамырова

Парламенттин башка вице-спикери Бөдөш Мамырова өзүнүн кесиптешинин жогорудагы аракетине анчейин түшүнбөй калганын айтты:

- Мен мисалы вице-спикер катары кайсы бир маселе боюнча жүйөлүү сөзүмдү айтканы кандайдыр бир комитеттин отурумуна киришим мүмкүн. Бирок анын күн тартибин өзгөртүүгө кийлигише албайм. Аны комитет мүчөлөрү өздөрү чечет. Эми албетте, журналист андагы болгон нерсени болгондой чагылдырып бере алат. Анан кийин ошол маселе боюнча материал чыккандан кийин журналистке андай-мындай дегенди мен анча түшүнбөй турам. Анан жөн эле депутат эмес, вице-спикер журналист менен СМСжазышып, урушканын мен билбейт экенмин. Мен таң калдым.

Жогорку Кеңештин Билим берүү боюнча комитетинде Медициналык академияга окууга кабыл алуудагы коррупциялык схемаларды жаап-жашыруу жагдайлары талкууга алынмак. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү уюму кайрылуу даярдап, комитеттин күн тартибине сунуштаган болчу. Бирок вице-спикердин кийлигишүүсү менен Билим берүү комитети ал маселени кароону кийинкиге калтырган. “Апрель баатырлары” коомдук уюму дагы бул маселе экинчи ирет артка жылдырылып жатканын айтып чыгып, отурумду биротоло үзгүлтүккө учуратуу аракети бар экенин жарыялаган болчу.

XS
SM
MD
LG