Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:32

Коопсуздук

Андарактагы араздашуунун чоо-жайын парламенттик комиссия иликтөөдө

Лейлектин Андарак айылындагы улуттар аралык чатакты парламенттик жана өкмөттүк комиссиялар иликтөөгө алды.

Андарак айылынын тургундары жаңжалдан кийин, 2011-жылдын 30-декабры.
Текст көлөмү - +
Өткөн жылдын соңунда - 29-декабрь күнү бул айылда кыргыз жана тажик улутундагы жаштар ортосунда мушташ чыгып, улуттар аралык жаңжалга айланып кете жаздаган. Пикир келишпестиктин келип чыгуу себептерин аныктоо, мындай окуялардын алдын алуу максатында өкмөттүк жана парламенттик комиссиялар 8-январда Андарак айылында болуп, эл менен жолугуп кайтты.

Шайлоо эки элдин ортосуна жик салдыбы?

Андарак – Кыргызстандын түштүк-батышындагы эң четки айыл. Калкын кыргыздар менен тажиктер түзөт. Өткөн жылдын соңундагы чыр үч кыргыз мектеп окуучусун тажик тектүү жаштар (мектеп курагынан өйдө) сабап койгондон чыккан. Бул чырдан тутанган жаңжалда эки сарай өрттөлүп, эки кичи дүкөн талкаланып, дагы эки үйдү өрттөөгө аракет жасалган.

Милиция чырды ырбатпай басууга жетишти.
​​Күч кызматтары аталган айылга өз учурунда жетип барып, топтолгон эки улуттун жаштарын бири-бирине жеткирбей тосуп калган. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес. Ошол күндөн бери айылда милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, жергиликтүү тургундардан ыктыярчы топтор да түзүлгөн.

Ошентип бул жаңжалдын себептерин иликтөө максатында түзүлгөн парламенттик жана өкмөттүк комиссиялардын өкүлдөрү айыл калкы менен жолугуп, дооматтарды укту. Эл негизинен айылдагы курулушу токтоп калган «Манас» атындагы орто мектепти бүтүрүү үчүн 12 млн. сом акчаны өкмөттөн тездетип бөлдүрүү, майда чырды күчөтүп, маселенин оорлошуна себепчи болгондорду табуу талаптарын коюшту.

Айылдын тажик тектүү тургуну Тажидин ажы Бобоев буга чейин да жаштар арасында мындай майда чыр-чатактар болуп келгенин, бирок өткөн президенттик шайлоодон тарта эки элдин ортосунда ажырым күчөп отуруп, акыры ушундай окуяга алып келгенин айтат:

- Анча-мынча жаштар арасындагы талаш-тартышпы, же суу талашпы, боло келген мындай майда жаңжалдарды айыл ичинде эле чечип келгенбиз. Турмуштук маселелерде боло берет экен. Ал эми мына бул акыркы болгон чыр президенттик шайлоонун астынан башталды. Эл ар тарапка бөлүнүп калды да...

Андарак дале милициянын күчөтүлгөн көзөмөлүндө.
​​Лейлек районунун акими Нууман Сайдуллаев болсо Кыргызстандагы ар улуттун диаспораларынын ишин да карап чыгуу керек деп эсептейт. Анын пикиринде, мындай уюмдар ашкере саясатташып кетти жана жаштар ортосунда боло келген мындай майда мушташтар улуттар аралык  маселеге айланбашы керек эле:

- Шайлоо деген шайлоо экен ушундай. Ушинтип жарылууну жараткан кайсыл бир чиновник камалдыбы? Жок. Эл экиге бөлүнүп калды бай жана кембагал болуп. Ачуу чындыкты айтышыбыз керек. Ал эми кичинекей майда талаштар болуп келген. Ал боло берет. Муну улуттук маселе катары көтөрүштүн кереги жок. Ачык сөздү ачык айтыш керек. Өзбекстанда кантип жашап жатышат, туугандардан карап көрүңүздөр. Бизде ушунчалык эркиндик берилген. Мына диаспора дегендер өз милдетинен ашып, саясатташып кетти.


Депутаттык комиссиянын сунушу


Болгон окуяны жайында иликтеп, тез арада жана келечекте чечилчү маселелерди карап, сунуштарын берүү үчүн Жогорку Кеңеш түзгөн депутаттык комиссияны жетектеп келген депутат Төрөбай Зулпукаров айылдагы эки улуттун өкүлдөрү менен да жолугуп, тез арада аткарылчу иштер катары айылга милициянын таяныч бөлүмүн ачуу жана аймакта ички аскерлердин бөлүгүн түзүүнү сунуштады:

- Өзбүбүздүн сунуштарыбызды берип жатабыз. Тез арада чечилчү маселе катары Лейлек районуна ИИМдин аскерлери үчүн бөлүк ачуу жана Андарак айылына милициянын таянычын пунктун түзүүнү сунуштадык. Кийинки аткарылчу иштерди комиссия өз жыйынтыгында дагы көрсөтөт.

Андарактыктар тополоңдон кийин, 2011-жылдын 30-декабры.
​​Жаңжалдарды алдын алуу боюнча жергиликтүү талдоочу Абдимиталип Ахматжанов ар бир жасаган иш боюнча мыйзамдуу негизде жооп берилээрин, мыйзамдын улуктугун коомчулукка жеткирүү зарылдыгын айтат.

- Митинг, күчкө салып чечмей деген жагдай болуп калды да. Бардык иштер мыйзам чегинде чечилүүгө тийиш. Баары мыйзам алдында жоопту сезиш керек. Коомчулуктун психологиясына мыйзамдуулук жогору экенин калыптандырыш керек.

29-декабрдагы болгон окуя боюнча учурда 5 киши кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Баткен облусунда түрдүү улуттардын өкүлдөрү жашаган 20 чакты айыл бар. Бул айылдарда да жаштар арасында жаңжал чыгып, мушташа кетмейлер болуп эле турат. Мындай жерлерде турмуштук маселелерди чечүү үчүн жергилктүү бийликтин жаңжалдарды алдын алуу боюнча атайын программасы деле жок.

Эл арасында чын эле мадырабаш балдардын мушташын минтип улуттук маселеге айлантып, элди көтөрбөй мыйзам менен чечсе, чыр баштагандар мыйзамдуу жоопко тартылса, чогула калып тополоң салмайлар токтойт беле дегендер да жок эмес.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: murzakulova каяктан: Germaniya/Isfana
06.02.2012 00:36
Nurlan Stanbul/Andarak tuura aitasyz.Tajik bolobu kyrgyz bolobu eger al akylduu adam bolso myndai iwterdi jasabait ele.Emne uchun keregi bar ele?Andan koro men jumurai jurtumdu, musulman bir tuugandarymdy yntymaktuulukka chakyrat elem.

кимден: Kiyalbek каяктан: Kipr
02.02.2012 03:18
Nurlan Musaev bayke/dosum. Azyr anday ayildarda myizamdi urup oynoboyt chet eldik tuugandaribiz. Kyrgyzdar siler kimsiner dep basip otot. Andiktan bul jerde kop myizamdi kutkon dele jarabayt. Jakshilikti tushunboshso je suu ichken kudukka tukurushso anda alardin birin kaltirbay jok kilish kerek.Men dele Btakendin soh menen chekteshken ayilinda jashaym. Ozbek je Tajikter biz jakka otup korushsun terilerin siyirip koyobuz. Anda biz okuuchu kezibiz.Koshna tajik ozbekter birdemkelerdi satip kelip oturuktashuunu samap jurushkon birok maksattari orundalbay kalgan.Sebebi jergiliktuu kalk dostuk mamilesin alarga arnashsa da alar tushunbogonun bilip birden karmap bashi betin kogala kilip kuup jiberet ele. Bul ulutchulduk emes bul mekendi korgoo, saktoo, suyuuu bolup sanalat.

кимден: Замир каяктан: Голбо
13.01.2012 22:46
СНБ контрабанда жукторун ал жак бул жактарга откоруп бизнесмендер менен иштеп жатышса ага убакыт жок да текшергенге ойлобойсунарбы.

кимден: Тилек каяктан: Мургаб
13.01.2012 22:42
Кыргыз туугандапрым мына мен озум Таджикстанда туулуп осуп келдим бардык эл бирдей эле жашайт кыргыз да таджик дагы бул жерде провокатция журуп жатат кудай сактасын тынчылык болсун кызыл кандуулука алдырбай мыйзам менен чечилишин куткуло и Кыргызстанга таза адамдар иштешин тилейли.

кимден: Бектемир каяктан: Баткен
11.01.2012 22:06
Кыргыздын кыздары Москвада тажик озбек улуту менен журушуп кыргыз улутунун абройун ото тушуруп салганы аз келгенсип кыргыз бийликтери озунун алсыз экенин корсотуп жатат.Ал бетте каттуу тартипти орнотмой сайын ,кыргыз кыздарынын чет жакта кор болушуна богот койулмай сайын бул нерселер эч качан токтобойт. Анткени КЫРГЫЗ ар намысына келип,мекенчилдик сезимдер ойгонуп,аягы эмне менен бутоору баарыбызга белгилуу.......................................

кимден: Nurlan Musaev каяктан: Stambul
11.01.2012 14:50
Мен Андаракта туулуп осконмун. Айылда элдер кантип тиричилик кылып атат жакшы билем. Тополонду, болгон куну эртеси угуп, ата энеме чалгычакты чыдабай кеттим. Бир-эки телефодун гудогу, мага бир-эки эле кылымдай сезилди. Нервим чыдабай ошол куну кечке эч теке кылбай журдум.

Ушундай абалга ким кабылгысы келсин.

Туугандар! Мындай учурда ар бир созду ойлонуп туруп жазгыла. Тажикстан, Озбекстандагы кыргыздар менен, биздеки тажик жана озбек улутундагыларды салыштырбагыла. Эгер ал жакта кыргыздар жаман жашап аткан болсо, чакырыгыла, жардам бергиле. Кыргыз жараны болгон тажиктердин буга куноосу жок. Салыштырмаларды туура колдонгула.

Эгер Андаракта согуш чыгып кеткенде(кудай сактасын) канчоонордун ата энеси, бир туугандары согуштун ортосунда калмак? Бирок менин ата энем жашаган уйу тажиктер менен кыргыздардын так ортосунда. Согуш чыкканда ким мага жооп бермек?

Эгер кимде ким, Кыргыз паспорту которуп журсо Кыргыз Республикасынын тен укуктуу жараны болуп эсептелет. Ар ким мыйзам алдыда бирдей. Чырлар мыйзам денгээлинде чечилууго тийиш!

Сонку убактагы баардык чатактарды провокация ээ болуп келген. Провокацияларга алдырбагыла, кызуу кандуулук менен иш бутпойт. Андаракта илгертен бери тажик кыргыз чогуу жашап келишкен. Мындай кийин да чогуу жашоого мажбурлар.

Куру намыс, куру улутчулдук эч кимге эч кандай пайда алып келбейт. Эч кимдин курсагын тойгозбойт. Андан коро куч органдарынын жакшы иштеши учун, окмоттун оз ишин так жана даана аткаруусу учун демократиялык укугунарды колдонунуп муну талап кылгыла.

Мен Лейлектик жердештериме айтар созум. 20 жылдан бери, Лейлектик болбогон, Лейлекти тааныбаган кишилерди депутат кылып шайлап келатасынар. Элдин кучу шайлоолордо корунот... Ар бир атуулдун кучу шайлоодо добуш беруу менен болот. Оз укугунарды акчага сатпай, чыныгы силердин проблеманарды жойотурган кишилерге добушунарды бергиле. Куч, машинелерге толуп алып тажикти же озбекти коркутуу эмес. Куч демократиялык баалуулуктарды коргоодо болот. Куч органдарынын, мунун ичинде милициянын, акимчиликтин, прокротуранын, соттун адилет иштешини талап кылгыла. Болбосо, тажиктер менен буушуп журуп, кундорунор отот. Турмушунар нарчарлайт, Район артка кетет, экономика томондойт. Авганистандан да жаман абалка дуушар болосунар. Эн чон зыянды озунор тартасынар.

Лейлек району, Орто Азиянын нарко трассасынын откон жолу болуп эсептелет. Лейлекте чыр чыгарыш Кыргызстандын гулдоп осушун каалабаган баардык учунчу, тортунчу, бешинчи ж.б. кучтордун кыялы максаты болуп эсептелет. Силерге зыян келтирген иштерден узак тургула. Кызуу кандуулук, бул акмактык болот. Провокацияларга, пропогандаларга курал жарак болуп бербегиле. Чатактын акыры зыяны Лейлектиктерге гана болот. Бул уруштан башкалар байда корот силер болсо эн чон зыян коросунор. Бала чаканардын келечегин куру намыска алдырбагыла. Бейпил турмуш, тынчтык кундору гана элдин экономикалык турмушун ондой алат. Жаштардын кыялына, келечегине балта чаппагыла.

кимден: Jyldyzbek каяктан: Bishkek
11.01.2012 10:28
Ulutchulduk negizinen ele jaman, ters jana kunoo nerse. Tuugandar dagi biz dagi ulutchul bolboshubuz kerek. Bul jerde bir masele turat. Bir jarandin ukugu tepselse al jaran kaysi uluttan bolso dagi daroo ukuk korgoo organdarina kayrilis kerek. Ukuk korgoo organi bolso, ukugu tepselgen jarandin ukugun alip beris kerek jana tepsegen adamdi joopko tartis kerek. Mina osondo miyzamduuluk ozunon ozu kuchuno kiret. Bashka biroonun murdun dagi kanata albaysin, sabap olturmok turgay.\

Jogoruda jazilgandar idealduu turdo bolushu kerek bolgondor. Birok bizdin mamleketibizde korunush anday emes. Ukuk korgoo organdari al talapka joop berbeyt. Ukugu telselgen jaran kobuncho osol boydon kaluuda.

Demek, kayradan ele taza adam osturuu maselesi maaniluu boydon turat. Taza jana iymanduu muundu osturup chygyshybyz kerek. Osondo gana bardik maseleler ozunon ozu kandaycha chechilip kalganin korobuz.
Пикирге жооп

кимден: Мекенчил каяктан: Астана
11.01.2012 12:56
Бишкекте туруп, кириллица менен эле жасаңыз болбойбу...? Окуйун деп окуй албай койдум, мүмкүн жакшы нерселерди жагандырсыз...

кимден: Асан каяктан: Исфана
11.01.2012 00:22
Биздин СНБнын кантип иштешин ушундан эле билсе болот.Эми суроо-ушундай жалан чондордун балдары иштеген органдын бизге кереги барбы?Бул алардын туздон-туз милдети го!!!!!!!

кимден: Алмазбек каяктан: Самара ш.
10.01.2012 19:36
Кыргызстан элдеринин мээси менмин,
Анткени мен КЫРГЫЗМЫН ээси жердин!
Эсине келтире алам төр талашып,
Эшиктен кирип келип эсиргендин.
Антпеске тынч жаткыра коймок беле,
Кандагы мекенчилдик сезимдерим.
(экинчи ОШ окуясы учурунда жазылган)

Мен муну менен Кыргызстанда жашаган башка улуттарга сес көрсөтөйүн деген ниетим жок. Болгону "Сыйга - сый, сыр аякка - бал" бергенди түшүнбөй түркөйлөнгөндөр үчүн, баарына дили таза болсо да Манастын тукумдарынын "Айкөлдүгү" чектелүү демекчи элем.
Пикирге жооп

кимден: Нурлан каяктан: Андарак
11.01.2012 15:05
Сен муну мнеге жаздын. ыр жазсан эле патриот болуп каласынбы.
Менимче сен Орустун пропогандачысысын. Пропогандист. Экинчи Ош окуясын сага пайда алып келдиби?
Пикирге жооп

кимден: Нурлан каяктан: Стамбул
11.01.2012 21:10
Улутчулдун баары эле намыстуу боло бербейт. Кыргыз элим деп атып оз элин сатып жеген, уурдаган канчалаган "патриот" журот азыр.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
11.01.2012 20:44
Туура, бул ыр кыргыздарды улутчулдукка, мекенчилдикке үндөгөн пропоганда. Намыстуураак бололу деген эле кеп. Болбосо, өзүң ойлоп көр азыр ар кандай саясий кырдаалдан пайдаланып отуруп Кыргызстанда "Жаман үйдү коногу бийлейт" болуп кетти. Буга биз кыргыздар өзүбүз күнөөлүүбүз да. Кечирип кой, мен муну жарыялап жатканда бул кырдаалды башынан кечирип жаткан Андарактыктардын көзү менен эмес жалпылап карап койгон экем. "Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт" болуп кызууланып кетет экенсиң да.
Мына сен деле мага кызууланып Орустун пропогандисти кылып жазганыңдай болду. Болбосо, сен Стамбулда жүргөндөй эле мен деле Самарада жүрөм.

кимден: Тимур каяктан: Санкт Петербург
10.01.2012 16:29
СНБ ОТДЫХАЕТ!!!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине