Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Кыргызстан иммиграцияга көзөмөлдү күчөтөт


Кыргыз-өзбек чегиндеги "Достук" бекетинде чек арачы Өзбекстандан кирип келаткан аялдын документин текешрүүдө. Ош облусу, 26-октябрь, 2011.
Кыргыз-өзбек чегиндеги "Достук" бекетинде чек арачы Өзбекстандан кирип келаткан аялдын документин текешрүүдө. Ош облусу, 26-октябрь, 2011.

Өзбекстан жана Тажикстандан Кыргызстанга келген, же транзит аркылуу өткөн жарандарды көзөмөлдөө үчүн миграциялык карточка киргизилиши мүмкүн.

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча комиссиясынын жыйынында чечим кабыл алынды. Жыйында миграциялык агымды көзөмөлдөө татаалдашып баратканы айтылып, аны жөнгө салуунун чаралары талкууланды.


Жылжыган жылма миграция


Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча комиссиясынын жыйынында Кыргызстанда Өзбекстан менен Тажикстандан келгендердин агымы күчөгөнү боюнча маселе көтөрүлдү. Мына ошондуктан чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов коңшулаш эки мамлекеттин жарандары үчүн миграциялык карточка киргизүүнү жана чек арадан өткөн чет элдиктердин электрондук маалымат базасын түзүүнү сунуштады.

Өкмөт башчысынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов учурда бул долбоорго кетчү чыгымдар эсептелип жатканына токтолду:

- Өзбекстандан жана Тажикстандан жыл сайын келген, же транзит аркылуу өткөн адамдарды көзөмөлдөө үчүн эле жылына 1 миллион 600 миң даана миграциялык карточка талап кылынат. Азыр Кыргызстанга кирип жаткан чет элдик жарандар тууралуу маалыматтардын автоматташтырылган системасын түзүү боюнча да иш-аракеттер жүрүүдө. Буга кеткен чыгымдар мамлекеттик казынадан каржыланып, эл аралык донорлордун салымы да тартылышы мүмкүн.

Ошондой эле коңшу мамлекеттердин жарандары чек ара тилкеси тактала элек аймактарга мыйзамсыз мал жайган, мыйзамсыз үй сатып алган жана жер аянттарын басып алып, турак-жай тургузган фактылар катталып жатканы айтылды. Мындан сырткары Кыргызстанга коңшулаш мамлекеттерден келишкен чет элдик жарандардын канчасы кайра артына кайтканын көзөмөлдөө жагы татаалдашып баратканы талкууга алынды.


Адегенде тартип керек


Коопсуздук боюнча эксперт Марат Иманкулов тиешелүү бийлик органдарын тартипке келтирмейинче миграциялык карточка киргизүү абалды жөнгө сала албайт деген ишенимде:

- Муну эми мурдагы тартип боюнча деле жөнгө салса болмок. Бирок азыр мамлекеттик бийлик органдарында тартип болбой жатпайбы. Мына ошол чет мамлекеттерден мыйзамсыз келгендер биздин тиешелүү тартип сактоо органдарына пара берип койуп эле Кыргызстандын аймагында каалагандай жүрүшпөйбү. Бул жерде мына ошол жагдайды жөнгө салмайынча абалды эч кандай миграциялык карточка оңдой албайт.

Ошол эле кезде талдоочулар арасында Кыргызстанга келген чет элдиктердин агымы күчөгөндүктөн миграциялык кызматты кеңейтип, ага тартип сактоо органы катары макам ыйгаруу маселеси көтөрүлүп келет. Мындай тажрыйбаны адистер Казакстандын жана Орусиянын мисалында ишке ашырууну көздөшөт. Ошондой эле адистер Кыргызстанга кирип-чыккан чет элдиктер боюнча электрондук маалымат системасын түзүү долбоору көптөн бери ишке ашпай келгенин белгилешти.

Миграция департаментинин мурдагы жетекчиси Куштарбек Айтматов аталган долбоорду ишке ашырууда Кыргызстан бир топ жылга кечиккенине токтолду:

- Бул долбоорду ишке ашыруу азыркы кезде өтө зарыл. Муну мындан 7-8 жыл мурун эле киргизиш керек болчу. Азыр мына Кыргызстанда 37 чек ара өткөрмө бекети болсо, ошонун 20 пайызы гана автоматташтырылган. Калганына мындай система киргизилген эмес. Бул деген Кыргызстанга кимдер кирип чыгып жатканын көзөмөлдөө начар абалда дегенди түшүндүрөт. Бул долбоорду ишке ашыруу буга чейин эле Эл аралык миграция уюму менен сүйлөшүлүп келген болчу.

Өкмөт Кыргызстандын чек ара өткөрмө бекеттеринде маалыматтардын автоматташтырылган системасын түзүү жана миграциялык карточка киргизүү долбоорун 2014-жылы ишке киргизүүнү көздөөдө. Азырынча аталган долбоорго канча каражат чыгымдала турганы аныктала элек.

XS
SM
MD
LG