Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Күч түзүм ардагерлери митингдерди тыюуну сунуштады


Милиция ардагерлери. 1-ноябрь, 2013-жыл. Ош шаары.
Милиция ардагерлери. 1-ноябрь, 2013-жыл. Ош шаары.

Кыргызстандагы күч структуралардын ардагерлери каршылык акцияларды убактылуу тыюуну сунуштап жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Ички иштер министрлигинин ардагерлери 6-мартта Украинадагыдай окуялар болуп кетиши ыктымалдыгын айтып, айрым оппозициялык лидерлер коомду козутуп жатат деп айыптап, өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдоду.

Оппозициялык саясатчылар болсо мурунку бийликтердин тушунда да ушундай кайрылуулар болгонун белгилеп, эски ката кайталанып жатат деп сынга алууда.

Күч структуралардын ардагерлери Украинадагы коомдук-саясий кырдаал Кыргызстанга көчүп келет деп чочулап жатат. Мындан улам бир катар сунуштар менен президент Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге кайрылуу жолдонду.

УКМКнын ардагерлер кеңешинин төрагасы Замир Чолпонбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, анда быйыл каршылык акцияларына мораторий жарыялоо тууралуу да айтылган:

- Мораторий киргизүүнүн максаты - элди тынчытып, экономиканы көтөрсөк деген ой. Мына Украинаны көрүп жатабыз. Бул мамлекет азыр жарандык согуштун алдында турат. Бизде да түндүк-түштүк деген маселе бар эмеспи. Аларда болсо чыгыш менен батыш, Крым жарым аралы өзүнчө мамлекет болобуз деп Киевдеги борбордук бийликке баш ийбей жатпайбы. Килейген, 50 миллон калкы бар Украина ушинтип чачыроо алдында турат. Бул нерсе бизде да кайталанбасын деген ойдо кайрылуу менен чыктык.

Кайрылууда Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков жана анын санаалаштары тууралуу сөз болгон.

ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаевдин баамында, Жогорку Кеңеш Жээнбековдун айрым иш-аракеттерине саясий баа бериши керек:

- Эртең 10унда Сарууда да курултай болот экен дейт. 17синде дагы бир курултай өткөнү жатыптыр. Соттолгондорду чыгарбасаңар, Кыргызстандын бардык жеринде курултай өткөрөбүз деп атышат. Азыркы жаштар “Ураа” деп эле кете берет экен. Равшан Жээнбеков соттолгондорду чыгаргыла, Кумтөрдү кайра карагыла деп ачык эле чакырык жасап жатпайбы. Украинага да барып келгенин айтып жатат. Алакандай кыргыз элине ынтымак керек да.

Равшан Жээнбеков ардагерлердин бул кайрылуусун атайын кызмат менен милициянын маалымат кызматы өзү таратканын белгиледи. Мындан улам күч органдарын мурункудай эле бийликтин куралы болуп калды деп айыптады:

- Алар сөз эркиндигин, чогулуу эркиндигин токтокула деп жатат. Экинчиден, өлкө жетекчилерине мага окшогон адамдардын оозун тыйгыла деп жатат. Бул дагы аябай коркунучтуу белги. Бул деген УКМК менен ИИМ мурдагыдай президенттин колундагы саясий курал экени, мамлекетибиз кайрадан күчтүү авторитардык режимге айланганынын көрсөткүчү. Мен саясатчы, оппозициячы катары айта алам – биз кандайдыр бир революцияга, мыйзамсыз иш-аракеттерге даярданган жокпуз. Андай оюбуз да жок.

Артур Медетбеков мурунку бийликтердин тушунда да ушундай кайрылуулар болуп келгенин эске салууда:

- Акаевдин, Бакиевдин убагында дагы нааразылык акцияларды өткөрбөө үчүн ар кандай ыкмалар, жолдор менен элдин конституциялык укугун тепсеген аракеттер болгон. Анда да ушундай аксакалдар, ардагерлер кайрылуу менен чыккан. Кыргызстанда да Майдан кайталанат, ал-бул деп чуу чыгаргандардын көбү өкмөт тараптан болуп жаткандай. Чоң-чоң коррупциялык иштерди кылып коюп, ошон үчүн чочуп жатабы деген да ой жаралууда. Өздөрүнчө эле чочуп, кошуундарды уюштуруп, атайын полк түзүп, суу бүркө турган унааларды алып келишүүдө.

Бишкек милициясынын демилгеси менен ушул жуманын башында ар кандай чукул кырдаалдын алдын алуу, калайман башаламандыкта чара көрүү боюнча координациялык борбор түзүлдү. Андан эки айча мурда калайман иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти сактоо боюнча 600 адамдан турган атайын даярдыктагы милициянын полку уюштурулган. Учурда машыгуу өткөрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG