Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:31

Саясат

Мадумаров: Кыргызстанга туруктуу саясат керек

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Кыргызстандын тышкы саясатына туруктуулук, ички саясатта социалдык колдоо жана экономиканы көтөрүү саясаты керек деп эсептейт.

Текст көлөмү - +
“Азаттык”: Адахан мырза, өлкөдөгү азыркы абалды кандай баалайсыз?

Мадумаров: Абал кооптуу. Тышкы саясаттан баштасак, башта эле Кыргызстанда туруктуу тышкы саясат болгон эмес. Азыр эми эч ким айта алгыс, эч ким түшүнгүс тышкы саясат жүрүп жатат. Кайсы бир мамлекетке сапар менен барып калса, ошол мамлекетти көтөрүп, башка мамлекеттерди жерге чапкан саясат болуп жатат. Ошентип акырындап таптакыр ишенимден кетүү коркунучу туулуп жатат.

“Азаттык”: Муну президент Алмазбек Атамбаевдин Түркияга сапары боюнча айтып жатасызбы?

Мадумаров: Түркияга жасалган сапарда болобу, же болбосо Бишкектеги кайсы бир билдирүүлөр болобу, ошолордун баары биздин тышкы саясатка чоң кедергисин тийгизе турган нерселер. Экономикалык кырдаалды карай турган болсок,  электр жарыгы өчпөйт дешкен эле. Мына экөөбүз үшүп, калтырап араң олтурабыз. Ушул Бишкекте, борбордо турган имаратта электр жарыгы күнүнө болбоду дегенде төрт-беш жолу өчөт. Каржы маселеси кандай?  Куржунубуз кандай? Булардын жайында экенине менде ишеним абдан төмөн.
 Кайсы бир мамлекетке сапар менен барып калса, ошол мамлекетти көтөрүп, башка мамлекеттерди жерге чапкан саясат болуп жатат. Ошентип акырындап таптакыр ишенимден кетүү коркунучу туулуп жатат. 

“Азаттык”: Каржы маселеси демекчи, өткөн жылы сиз күзгө жетпей өкмөт төлөмдөрдү жүргүзө албай, бюджет куржалак болот деп айткан элеңиз. Бирок өкмөт ишин улантып, бардык төлөмдөр аткарылды деп жатат.

Мадумаров: Төлөдүк дегени жакшы. Эмненин эсебинен төлөндү? Киреше алып келип жаткан тармактар кандай кыйынчылыктарга туш болду? Кандай курулуштарды токтотуп коюунун эсебинен төлөндү? Булардын баары чоң маселе

“Азаттык”: Капиталдык салым токтоп калды дейсизби?

Мадумаров: Капиталдык курулуш деген нерсе жоголду.  Энергетика тармагында тетиктер эски экен, ошон үчүн өчүрүп жатабыз дешти. А булар кышка катуу даярдык көрдүк, өчүрүү деген болбойт, суук деген болбойт дешкен эле.

“Азаттык”: Демек, бул тармакка каралган каражаттар тартыштыкка байланыштуу такыр бөлүнбөй калганбы?

Мадумаров: Каржы бөлүнбөй калган. Бул биринчиден. Экинчиден, шайлоого көп каражат кетип калган. Эгерде парламент бекем позицияда туруп, бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту укса, ошондо көп маселе чыгат. Кээ бир чоң ишканалардын алдын-ала алты айга салыктарды төлөп коюшу боюнча да маселелер чыгып жатат.

“Азаттык”: Сиз жакында бир интервьюңузда айтыпсыз, “Азаттык” акыйкатты айтпай калды деп. Аны эмне менен негиздейсиз?

Мадумаров: Аны мен эл менен жолугушууда, элден уккан пикир менен негиздеймин. Мурда, мен муну көп айтып келгенмин, тээ тоонун башындагы айылга барсаң да радиосунун аркасына алюминий зымды сайып алып, угуп олтурчу эле. Аксакалы болобу, жаштары болобу саат алтыда, саат тогузда башталат деп, тыптынч отуруп угушчу. Себеп, ошол жерден чындыкты угабыз дешчү. Азыр эми КТРКдан айырмасы жок деген бааны мен эмес, мен жолуккан элдин оозунан угуп жатам. 

“Азаттык”: Экинчи жагынан, учурда эркин маалымат каражаттары көбөйүп, ар түрдүү маалыматтар аларда да кетип жатпайбы?

Мадумаров: Ошол эркиндикти сиз кайдан көрүп жатасыз? Биз акчасын төлөп, билдирүүбүздү чыгара албай жатпайбызбы. Биз ушундай абалга туш болуп жатабыз. Сиз же башка өлкөдө жашайсызбы?

“Азаттык”: Былтыркы жылы “Азаттыктан” элүүдөн ашуун жолу чыгыпсыз...

Мадумаров: Былтыр чоң саясий өнөктүккө байланыштуу чыгышыбыз мүмкүн. Ал кезде каалайсыңбы, каалабайсыңбы журналисттер өздөрү артыңан чуркап жүрүп маалымат алган. Бул эми маалымат саясатында болуп келаткан нерсе. Кайсы мамлекетте болбосун ошондой. А бирок биздин  Кыргызстанда бир тараптуулук боюнча эч кимди алдыга салбайт. Эркин телеканалдар дейсиз, НБТдан башка каналга өзүңдүн пикириң менен чыга албайсың.
 Кадыр-барк, мамлекеттик бийликке болгон сезим, алардын баары тебелендиде калып кетти...


“Азаттык”: Азыркы бийликтин саясатына келсек, ушул кадрлар менен ийгиликке жетише алабызбы?

Мадумаров: Кыргызстанда кадр саясаты деген түшүнүк жок. Менин партиямдасыңбы?  “Барасың иштейсиң”.  Менин партияма кирбейсиңби? “Демек сен иштебейсиң”. Ушулбу кадр саясаты? Кадр саясаты дегенде ар бир тармакка иш билги, ошол тармактын адиси барса, кадр саясаты жүрүп жатат, кадр өстүрүлүп  жатат десе болот. Ошондуктан азыр кадр саясаты бар деп айта албаймын.

Бийликтин кыскартуу багытындагы кээ бир чечимдерин мен колдоймун. Мисалы үчүн, KG номерлердин чакчалекей таралып кетишине мен каршы болгонмун. Ошондо мени жаман көрүшкөн. Кезинде мен төрага болуп турганда айткан элем, ар бир комитетке үчтөн автоунаа калтырабыз, жеке өзү минип жүргөн автоунаа болбойт деп. Мени жакшы көрүштү беле?  “Эмне экен эми, болгону ушунча машина экен, ушундан Кыргызстан жарды болуп кетет беле?”- деп мага каршы кыйкырып чыгышпады беле. Өзү ар бир депутатка жеке кызматтык автоунаа берүү Кыргызстандын шартында туура эмес.

“Азаттык”: Ушул парламентти Ак үйгө которгондо абдан көп акча коротулганын кызматкерлер айтып жүрүшөт. Аны которбой эле эски ордунда иштей берсе болот эле дешет.

Мадумаров: Бул амбиция болгон. Эптеп эле Ак үйгө кириш амбициясы. Парламенттин кайсы жерде иштешинин кандай айырмасы бар? Парламенттин ошол жерде өзүнүн тарыхый имараты бар эле. Баары жетиштүү эле.

Тек гана, көрпенделик, “мен ушул Ак үйдү ээлеп алдым, эми ушул жерде отурушум керек, ушул жерде кызмат ордум болуш керек”, - деген. Кеп кайсы жерде отурганыңда эмес, кандай иш аткарып жатканыңда эмеспи.

Орустарда “сакральность власти” деп коёт, кыргыздарда “бийликтин ыйыктыгы” дейт. Ошонун баары тебелеп-тепселенип бүттү. Ак үйдүн ичи азыр Ош базар, же Дордой, Орто-Сай базарындай эле болуп калды.
 Кыргызстанга туруктуу саясат керек. Тышкы саясатта туруктуулук керек. Ички саясатта социалдык колдоо жана экономиканы көтөрүү саясаты керек. Саясий экономика менен алек болбой, экономикалык саясат менен алек болуш керек...


Ар бир мамлекеттин өзүнүн ыйык туткан имараты, инсаны, тарыхы же бир белгиси болбосо, бардык нерсенин ашмалтайы чыгып кетет. Азыр эми Ак үйүң эмне, Көк үйүң эмне баары аралашып кетпедиби. Ошондуктан кадыр-барк, мамлекеттик бийликке болгон сезим, алардын баары тебелендиде калып кетти.

“Азаттык”: “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Кыргызстанга кандай саясат, кандай реформа керек деп эсептейт?

Мадумаров: Кыргызстанга туруктуу саясат керек. Тышкы саясатта туруктуулук керек. Ички саясатта социалдык колдоо жана экономиканы көтөрүү саясаты керек. Саясий экономика менен алек болбой, экономикалык саясат менен алек болуш керек. Экөөнүн айырмасы чоң. Экономикабыз мынча пайызга өстү деп дүйнөгө жар салган менен өзүбүздө өндүрүлгөн эт  жетпей, сырттан ташып келип жатканыбыз, мына айыл чарбасынын көтөрүлгөнү... Азык-түлүк коопсуздугубузду камсыз кыла албаган агрардык мамлекет болуп калдык, мына экономикабыздын көтөрүлгөнү... Ошондуктан ким кандай баа бербесин, бааны эки көзүң менен көрүп, кулагың менен уккан баа туура баа. Мына ошол реалдуулук.

Кагаз беттериндеги маалыматтарга мен башынан бери ишенбеймин. Эгерде чындыкты билгиң келсе, көчөгө чык, элди аралап жүр. Биз отурган жерден алыс эмес Лев Толстой деген көчө бар. Ошого барсаң жолдун эки бетинде тизилип-тизилип, тепсе темирди үзө турган жигиттер менен кыздар турат. Бир күндө эки жүз сомдук иш сурап жүрөт.

“Азаттык”: Булар сиз жогорку кызматта иштеп турганда деле турган...

Мадумаров: Ооба, мурда деле турган. Бирок өзгөрүп кеттик, экономикабыз өсүп кетти дегенге жооп иретинде айткым келет. Бизде экономика жыйырма жылдан бери өспөй турат. Кайсы бир тармакта кыска мөөнөттүк өсүштөр болушу мүмкүн. Мисалы, курулуш тармагында, же жол курулушунда. Бул убактылуу болгон көрүнүштөр. Өсүштөрдү кармап калсаң  гана туруктуулук келди дешке болот. Анан эки айлык, үч айлык сезондук өсүштөр, булар эми убактылуу болгон көрүнүштөр.

“Азаттык”: Президенттик шайлоодон кийин Алмазбек Атамбаев сиздерди реалдуу саясатчы катары атап, сүйлөшөм деген эле. Андан кийин сунуш, сүйлөшүү болдубу?

Мадумаров: Ал киши кайсы жерде, кандай максат менен айтканын билбейт экенмин. Мен шайлоо бүткөндөн бери телефон аркылуу да ал киши менен сүйлөшүп көрө элекмин.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Муслим каяктан: ош
14.02.2012 14:11
Узбек ош биродарга. Мен даги билишимча киргызча жазайин. Биродар мусулмондар бу киши даги хозирги окмотни колдап жазди да. Эми ар нациядин жаман адами бар, бирак нация жаман эмес. Сиздер туура тушуниндар бизди билип билбай айткан создорубуз кылган кунолорумуз бир Аллохка малим. Бекердан бекер гунохка батип не кыламиз. Озбек кыргыз карындаш, сиёсатчиларни создору керак эмес, биз болунбай жашашимиз хожат. Якши инсондарди жаман дей беришни узи даги гунох.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.02.2012 13:42
Адахан мырза, бир гана сиз тушуносуз реалдуу жагдайды. Сизге ийгилик!

кимден: Абылгазы каяктан: Бишкек
08.02.2012 13:45
Кыргыз элин тунгуюктан алып чыга турган Адахан Мадумаров,калган саясатчыларга акча,байлыктан башка нерсенин кереги жок.Калыстык учун жазып койдум,Адахан менен жердешчилик,тааныштыгым жок.

кимден: Муслим каяктан: ош
08.02.2012 11:42
Ассаламу алайкум мусулмонлар. Мен даги коп фикрларди окип чиктим. Бу адахамди тушунбай ош узбек жазиптир бакиевнин адами деб, ундай емес мен бу кишини коптан билем акийкатан даги якши адам. Бу кишини оратрлик хосияти бор анан даги узбек-кыргыз деб болбайт. Адахам жакши инсан.
Пикирге жооп

кимден: узбек каяктан: ош шары
09.02.2012 20:26
Ассаламу..Алайкум...Муслимга.атвет Кыргызча тилида ёзаман ака чунки укийдигонлар Кыргыз туганлар...Муслим..ош сизге атвет созунузга Адаханды жакшы билесизби же болбосом жаман билесисби..вопрос не в этом...бул жерде адамдин хамилиондугу же болбосом ушунча омур шанстар ак уйдо журуб эмне иш кылды...бул инсан керек болсо Бакиевдский,мафианы дармоетдарды адамы болуп эсептелет.создун кыскасы эл чарчады жанышты патхалиндары жахшылыка алыб келбейт...если адам баласы жахшы иштерды элге кылганда...шахматний доскада нех.....вий месте алмак болчу...карочи карапаим эл чарчады 20жылда курсаак учун иштеген кала далши ошондой иштейт...сизге эстетма кайтиб эй адамдар муна жерде бир узбек адам адаханди билвейт экен миндай дебти деб кийкирбайла койчи укдунгби озума жаз эл тараза,адахан,атамбаев,ташиев,текебаев,сариев,буд барын билет,керек болсо буд бары курсакы учун келген адамдар..аны эч ким атресат кылбайт....как терпила камент жазба озунду билгенини жаз ...

кимден: пенде
07.02.2012 16:19
Атын угуп эле регионализм,трайболизм ооруубузду козгоп коро албас,ичи тардык илдетибизден арылалычы. Туура суйлосо,уурулук кылбаса, таза журсо,алкаш болбосо Кыргызстандын осуп онугушу учун пайдаланышыбыз керек мындай инсандарды...("Бул дуйно баарыбыздан калат" )

кимден: кудайдын каяктан: кулу
07.02.2012 15:36
урматтуу шерине катышуучулары суйлосонор тилинер чечкедей!!!отурасынар буроонун артынан ушак айтып,,,озунарга карап суйлогуло мадумаров жаман болсо кудай астында жооп берет... силерге окшогондорго суйлогон сөздун шору...колунардан келсе мадумаровко жеткиле...колундан келбейби отур уйундо ашыгынды ойноп ташынды терип..
Кана ким айтат кыргызстан учун куйуп,, жанымды да аябайм деп иштеген чондорун
???ушул эле ажообуз атамбаев баш болгон атка минээрлер акаевдин доорунда бакиевдин доорунда башка планетада беле журушкон, азыркы мазар балгон ак уйдо этегине намаз окушуп козунун агы менен айланышып.... мен Мадумаровду ар дайым колдойм..ишинизге ийгилик адахан ага...ташиев мырза экоонуздордон умутубуз чон.бар болунуздар..
Пикирге жооп

кимден: insan каяктан: Россия
12.02.2012 00:14
Сен деп жазганым үчүн кечирип кой, бирок өзүңө жараша. Сен кудайдын кулу эмес эле, кошоматчылыктын кулу окшойсуң. Эмне үчүн Атамбаев баш болгон атка минээрлерди эле айттың, 20 жылдан бери Мадумаров деле жөө жүргөн жок да. Кандай гана кызматтарда иштеди ошол эле Акаев, ошол эле Бакиев менен, эмнени кыйратыптыр, сурап көрбөйсүңбү. Жыгылган күрөшкө тойбойт болуп, президент болбой деле элине кызмат кылса болбойт бекен. Баягы эле сасыган саясат, баягы эле түркөй жердешчилик. Эмнеден үмүт кыласың, түшүнгөн жокмун...Бийлик талашып кырылышпай, андай кыйын экен, ынтымакка келишип, элдин жашоосун ойлошсо болмок. Электрэнергия проблемасы Атамбаев кызматка келгенде эле пайда болгон жок. Бакиевдин тезек тергиле дегенин унуттуңарбы, ошондо Мадумаров мырза кандай кызматта эле? Мен эч кимиси менен аласа-бересем жок, жердеш дагы эмесмин, жазат десе эле урдура берген туура эмес деп ойлойм. Албетте, ар бир адамга бирөө жагат, экинчиси жакпайт, бирок ал ар кимдин жеке иши.
Пикирге жооп

кимден: Айбо каяктан: Москва
09.02.2012 08:24
Мунун сайраган узун тилине эмне мынча ашык болосунар, билбейм.... Мен мунун Кыргызстанга кылган кылдай да пайдасын коро элекмин! Эмил Каптагаевдин китебин окусанар, анда мунун ким экендиги таптак жазылган.
Пикирге жооп

кимден: Самат
08.02.2012 12:52
Ээ братан бизди тыйгыдай сен кимсин ээу? Бул жерди форум дейт, ар ким оз оюн айтат, же сен эмне прокурор белен? Жон тур жинге тийбей. Мадумаров мага эч ким эмес. Мындай политиктерди урдум да кол койдум.
Пикирге жооп

кимден: кудайдын каяктан: кулу
09.02.2012 01:04
самат тууган сен башынан аягына чейин окусан тушунмоксун... ачуу кандыка алдырдым кечир...Бирок колунду башкаларга кой...

кимден: Кыргыз каяктан: бишкек
07.02.2012 13:09
"Горбатого могила исправит" деген орустардын макалы бар. Урматтуу Дон Мадумаровду укканда ичтери отуп кеткен адамдар менен полемикага кирип эмне кыласыз. Аларга жогорудагы макалдай гана мамиле кылыш керек, башка нерсе менен тушундуруш кыйын. Экинчи жагы кеп Мадумаровдо эмес, кеп трайбализм менен айыкпас ооруга кабылган адамдарда болуп жатпайбы. Урматтуу Дон сиздин оюнузга кошулган адамдар коп, бирок алар маанисиз кайым айтышууга убактыларын короткусу келбейт.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.02.2012 12:39
Адахан мырза молодец!
Тышкы саясат ички саясатты сизден кыйын билген киши жок. Бакиев аканыз американын базасын чыгарам деп Москвадан берген отчетун катыра мактап эн туура чечим болду деп 1 жума КТР ден тушкон жок элениз. Аканыз бийликтен тушкондо ал откоргон курултай такыр эле болбогон нерсе деп шыбап жатып калданыз. Сизде деле турукту эч нерсе жок экен.

кимден: узбек. каяктан: ош.шары
07.02.2012 00:03
Аллахти саламы болсун...Эй Адахан мырза сенин Бакиев дорунда бир анекдот айткансын азыр сен жардам сураваткан элдин адресине кулуб туруб эстейсын жакшы эстебесен эстетиб койом...ук болбосом Болот Ногойбаев министер мвд болгон маалда..Борбор каалабыз Бишкекде кичине эл Бакиевге каршы наразичилик килса митинг уюштырыб сен уулутук каналда чикиб кулуб...мен бир анекдот чикардим кыргыз акында деб прикол кылыб баштадынг...мындайча эшит... Бир узбек,кыргыз,рус,самалети бузулуб амазонкага тушуб калыбтыр кегин карочи кыскасы узбек ушул жерде там салыб туда сюда,и орусам самагон кылыб карочи тирикдигин откозубдур,кыргыз жоголуб калибтыр сегин издешса маймундарды жийнаб алыб рабинзон кетсин деб турат экен деб кулгон миркиб сенго...кегин айтын ошолчун Акаевди кетиришди,Бакиевди даги кетирмакчи деб Бакиев отоо жакшы инсан деб гарантияны лична сен берденго Кыргыстанда мен даги жашайм сен алдын озунду уурмат кылышты уйрон...сенге охшоган инсандар шул кыргыстан жергесында шкатитса кылыб биз мунавини ойлоб чыктык мунавы жакшы партия деб адам алдам башка кылыб...эч качан алдыга жылбайбыз...кетменын учкан доорда эмне жасадынг анчалык боолбо...Кошумча ошол сен анекдот айтиб студияда жанинды ойлаб отурганында карапайим эл кочода дубинка жеб жургон ментардан...так что невзя обманиват народа...народ не победимая..
Пикирге жооп

кимден: Бакы каяктан: Нарын
07.02.2012 10:18
узбек тууган туура айтасын,Адахан бал тили менен элдин башын айландырып жатат.Ал элди тили менен эле жыргатат.
Пикирге жооп

кимден: узбек каяктан: ош шары
07.02.2012 18:01
Баки. Нарын.сен тушунубсун мени досум быз Кыргызстан жерини уулу Ватан коруб Кыргыз дагыУЗБЕК дагы сабырду болуб мундай афирист балабол чиновниктерди созуна алданбашимиз керек..мисалы отоо билими жогору Кырг..УЗБ..жаштары толтура ошоларга иш бериб халал иштагила деб улутчулук кылба гыла деб оздору жаштарды иштетиб тура жолду корсотуб тапчанда чайди ичиб отурушса болмок...андай колудан келбейт алар бу Кыргызстан жалпы жаранды каныни ичкени жаралган патриотор...аларди мактааб жургондор лох же болбосам ошоларды харам арыкдарынан суу ичваткан патхалимдар...

кимден: murzakulova каяктан: Germaniya
06.02.2012 19:15
Urmattu Ali/Malaiziya gimndi antip bulganganyn jazbastan jakwyna kelechek jonundo oiundu jazsan bolo.Je Malaiziyada bizdin gimndi uwuntip yrdap jurosunbu?
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)