Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:05

Кумтөр: жоопко тартылбаган жоопкерлер


Кумтөр кенинин азыркы абалы
Кумтөр кенинин азыркы абалы

Кумтөр боюнча мыйзамсыз келишимдерге катышы бар жогорку кызмат адамдарынын бири дагы жоопко тартылбай калды.

27 адамдын ысымын тизмелеген мамлекеттик комиссиянын сунушу боюнча козголгон кылмыш иши туура эки жылдан бери ордунан жылбай токтоп турат.

Парламент депутаттары мурдагы өкмөт башчысы Николай Танаев, мурдагы президенттин уулу Айдар Акаев сыяктуу кезиндеги таасирдүү фигуралар эмнеге ушул күнгө чейин кармалбай жатканы боюнча маселени кабыргасынан коюшту.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу көп иштер эскирүү мөөнөтү өтүп, өндүрүштөн кыскарса, айрымдары боюнча кылмышка шектүүлөрдү кармоо кыйынчылык жаратканын моюнга алды.

Тузакка илинбеген мыкчыгерлер

Кумтөрдү иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусунун негизинде Башкы прокуратура 2013-жылы 27-февралда жогорку кызмат адамдарынын жоопкерчилигин караган кылмыш фактылары боюнча иш козгогон.

Николай Танаев
Николай Танаев

Анда канадалык тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишимдерге кол койгон жана аны даярдоого көрсөтмө берген ошол кездеги кызмат адамдары суракка чакырылары айтылган. Бирок ушул кезге чейин тизмедеги Чыңгышев, Жумагулов, Акаев, Сарыгулов, Танаев, Бакиев, жана Үсөнов баш болгон жыйырмадан ашуун мурдагы мыкчыгердин биринин дагы жоопкерчилиги карала элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков Башкы прокуратурадан мунун себебин сурады:

- Сиз айтып кеткен эскирүү мөөнөтү боюнча дагы кайсы мурдагы кызмат адамдарына карата сот чечими чыккан. Бирок Танаев менен Акаевдин айыбына байланыштуу кылмыш иши ага кирген эмес. Анда эмнеге алар ушул күнгө чейин кармалбайт? Аталган адамдар Орусияда ачык эле жашап, иштеп жүрүшпөйбү. Эгерде Орусия мына ошол кылмышкерлерди бизге өткөрүп бербей жаткан болсо, анда мамлекеттин саясий жетекчилигине бул тууралуу кайрылуу жасашыңыздар керек.

Бармак басты, көз кысты...

Тизмедегилердин арасынан 2003-жылдагы Кумтөр келишими боюнча мурдагы вице-премьер, учурдагы депутат Курманбек Осмоновго иш козголуп, кийин ал кыскартылган. Мурдагы өкмөт мүчөлөрү Темирбек Акматалиев менен Болот Абилдаев кармалып, бирок эки сааттан кийин үй камагына бошотулган. Былтыр жыл башында башка кызмат адамдары менен биргеликте алардын иштери эскирүү мөөнөтүнө байланыштуу соттон кыскартылып кеткен.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу учурда кылмышка шектүүлөрдүн калгандары табылбай жатканын айтты:

- Айдар Акаев боюнча биздин суроо-талапка Орусиядан жооп келген. Анда ал Москва облусундагы бир айылда каттоого турганы көрсөтүлгөн. Бирок аталган дарек боюнча Айдар Акаевди издеп тапкан жокпуз деген жооп алдык. Биз конвенцияга ылайык ал жакка суроо-талап жөнөтүп, кылмышка шектүү адамды кармап берүүнү гана өтүнө алабыз. Ал эми Танаев менен Белковская дегендердин бизде сурак протоколдору бар. Биз аларга издөө жарыялай электе берилген. Анан эми биз ИИМге аларга дагы эл аралык издөө жарыялоону тапшырганбыз. Алар изделип жатат.

Маалымат каражаттары буга чейин Айдар Акаев Москванын чок ортосунда ишкерлик менен алектенерин, Танаев болсо “Газпромдо” жетекчилик кызматта иштеп жатканын жазып чыгышкан.

“Көзүр карта” колдон түштүбү?

Башкы прокуратура коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишимдерди түзүү беренелери боюнча иш козгогон. Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, экономика министри Темир Сариев муну Кыргызстандын колундагы талашкыс көзүр катары мүнөздөгөн болчу:

"Кумтөрдүн" кызматкери
"Кумтөрдүн" кызматкери

- Биз бул жагдайларды терең иликтеп чыктык. Мына беш жүз барактан турган отчет даярдап, ар бири боюнча изилдөө болду. Мына ошол иштерге катышы бар катары бир топ мурдагы жогорку кызмат адамдарынын ысымдары аталды. Биздин тыянакта Канада тараптан жооп алуу үчүн алгач биз бул жактагы кызмат адамдарын жоопко тарткан соң эл аралык сотко баруубуз зарыл. Мына булар коррупциялык схема менен иштеген эми тигил тараптыкы мындай деген доомат койсок болот.

Бирок мына ошондон бери эки жылга аяк басканына карабастан Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн азайтууга салым кошкон, мамлекетке олуттуу экономикалык жана экологиялык зыян алып келген мыкчыгерлер сот жоопкерчилигинен сырткары калды.

XS
SM
MD
LG