Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Кумтөр: тараптар сөздөн ишке өтө элек


Кумтөр
Кумтөр

Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр кайрадан жанданды. 27-январда бул максатта “Центерранын” өкүлдөрү Бишкекке келди.

“Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, “Центерра” жетекчилиги менен бул жолку сүйлөшүүлөр 30-январга чейин созулат.

27-январдагы жолугушууда тараптар Кумтөр маселеси боюнча өздөрүнүн позицияларын билдиришти. Мындан улам Токон Мамытов азыр кандайдыр бир жыйынтыктар туурасында сөз кылуу эрте экендигин белгиледи.

- Башкы юрист Фрэнк Херберттин башчылыгындагы делегация бүгүн өкмөт менен жолугушту. Алар юридикалык, каржылык жана экологиялык маселелер боюнча сүйлөшүп жатышат. Сүйлөшүүгө кыргыз өкмөтү жалдаган эл аралык компаниялардын эксперттери да катышууда. Экологиялык маселелер боюнча АМЕС, юридикалык маселелер боюнча DLA Piper жана финансылык маселелер боюнча Pricewaterhouse компаниясынын жетекчилери, өкүлдөрү да келишти. Ошол эле учурда “Центерра” жалдаган эл аралык эксперттик топтор да сүйлөшүүлөргө катышууда. Азырынча кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга эрте. Эки тарап тең өздөрүнүн позицияларын билдирүү менен токтолуп жатат.

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев өткөн жылдын аягында жыйынтыктоочу маалымат жыйынында декабрда болгон сүйлөшүүлөрдө 20 суроо боюнча ача пикирлер жаралганын айткан. Ал эми ушул тапта 11 суроо боюнча мунаса табылып, дагы 9 пунктту талкуулоо милдети турат. Мындан тышкары экологиялык маселелер, калдыктар боюнча пикир келишпестиктер бар.

Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Кумтөр маселесинин кечеңдеп кеткенин белгилеп, бул жолу жыйынтык чыкпаса, коомчулуктун өкмөткө карата ишеними жоголорун билдирди.

- Жогорку Кеңештин токтомунда көрсөтүлгөн чечим чыгышы зарыл. Жок эле дегенде принципиалдуу маселе болгон 50Х50 пайыз деген биргелешкен компания Кыргызстанда түзүлүшү керек. Аны башкаруу боюнча бизде бир топ сунуштар бар. Шарттар аткарылбаса, жеке эле бул өкмөттүн тагдыры эмес, өлкөдө көп маселе боюнча кырдаал курч бойдон калат.

Кумтөр боюнча буга чейин президент Алмазбек Атамбаев дагы тынчсыздануусун билдирип, ага байланыштуу өкмөттү да, парламентти да күнөөлөгөн. Президент Кумтөрдү улутташтыруудан башка Кыргызстандын аргасы калбай баратканын да кыйыткан болчу.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кумтөр көйгөйүнө улутташтыруу жолу менен гана чекит коюлат деп эсептейт.

- "Центерра" өзүнүн каалаганын кылып жатат. Ал эки жолу парламентти таратып, бир нече жолу өкмөттү алмаштырган компания. Биз Кумтөрдү улутташтырыш керек деген мыйзам долбоорун киргиздик. Эмне себептен? Анткени былтыр февраль айында Жогорку Кеңеш чечим кабыл алган. Биз ага каршы чыккан элек. Жогорку Кеңеш 50Х50 пайыз деген келишим түзгөнгө макулбуз, бирок кошумча 3-4 шартты кошо беребиз деген. Эгер “Центерра” ушул шартты аткарбаса, үч айдын ичинде улутташтыруу процесси башталсын, өкмөт Жогорку Кеңешке улутташтыруу жөнүндө мыйзамды киргизсин деп парламент чечим кабыл алган. Ал чечимге "Ата Мекен" добуш берген эмес. Үч ай эмес, жакында бир жылы болот, өкмөт ал мыйзам долбоорун киргизген жок. Ошондуктан "Ата Мекен" өкмөт үчүн улутташтырууну киргизип жатат.

Кумтөр
Кумтөр

Бирок депутат Чыныбай Турсунбеков Кумтөр маселесинде популизмге жол бербөө керектигин белгилеп, Кумтөрдүн тагдыры боюнча чечим кабыл алууда тыкыр аналитикалык эсептөөлөр болушу керек деп эсептейт.

- Мисалдарга кайрылсак, 2005-жылы "Ак-Кеме" мейманканасы кантип колдон колго өткөнүн жакшы билебиз, натыйжасын азыр көрүп жатабыз. 2010-жылы канча ишкана улутташтырылганын жакшы билебиз, натыйжасын азыр көрүп жатабыз. Бул нерсе Кыргызстандагы саясатчыларга сабак болуш керек. Бардык маселе жөн эле “ура, ура” деген популизм менен эмес, тыкыр эсептөө, анализдердин негизинде чечилиш керек.

Кумтөрдү улутташтыруу демилгеси өткөн жылдын сентябрь айында Канада соту Кыргызстандын 60 пайыз акциясын камакка алгандан кийин күчөгөн. “Кыргызалтын” Кумтөрдү мамлекетке кайтаруудан Кыргызстан 3,5 миллард доллардай чыгым тартаарын эскертип келет.

“Центерра голд" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы соңку сүйлөшүү 19-декабрда болгон. Жогорку Кеңеш былтыр жыл башында Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган болчу.

Биз билбеген Кумтөр (18-февраль, 2013-жыл)

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG