Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Текебаев-Келдибеков: айыптар канчалык негиздүү?


Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун дарегине “Ата Мекен” фракциясы тарабынан олуттуу сын айтылып, ишеним көрсөтпөө жарыяланды. Айтылган сындар канчалык негиздүү? “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Талкууга Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Жылдызкан Жолдошева жана “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев катышты.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: “Ата Мекен” фракциясы Акматбек Келдибековдун дарегине бир катар айып, сындарды айтып, ага ишеним көргөзбөй турганын жарыялады. Жылдызкан айым, коюлган айыптарда негиз барбы?

Жылдызкан Жолдошева: Кыргызстанда ушак, жалган жалаа көп. Ушул коюлган жалаалар сөзсүз түрдө парламент тарабынан комиссия түзүлүп текшерилип чыгыш керек.

Мисалы, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев спикерлик кызматты талашып, өтпөй калып, өзүнүн ич күйдүүлүгү бар экенин эл-журт билет. Ошондуктан мындай дооматтарды койор алдында тастыктаган материалдар болмоюн, аны парламенттик комиссия иликтеп чыкмайын бир тараптуу айыптап, аны ММКлар аркылуу коомчулукка жеткирүү моралдык жактан да, укуктук жактан да туура эмес.
Эмнеге кеңешчилерге KG белгисиндеги номер берилет? Ал кол тийбестикти жарым-жартылай берүү болуп эсептелет.

“Азаттык”: Жоомарт мырза, сиздер парламенттик комиссия түзүүгө, тастыктоого даярсыздарбы, далилдүү документтер барбы?

Жоомарт Сапарбаев: Биз эч качан ушак-айың менен бирөөнү айыптабайбыз. Бизде күнөө коюлган ар бир 14 пукттан турган тастыктоочу документ бар. Алардын бири биздин фракциянын лидерине Ички иштер министрлигинин жообу.

Жылдызкан Жолдошева: Ал жооп менде да бар. Көлбаев менен эч кандай жолугуусу болбогонун Коопсуздук комитети өзү тастыктап, Фергана.ru сайтына чыгарышыптыр. Коопсуздук комитет бул иш боюнча 300 кишини суракка алыптыр. Алардын баары "Көлбаев менен Келдибеков жолуккан эмес" деп тастыктап берди.

“Азаттык”: Жоомарт мырза, тастыктай турган фото, же видео барбы?

Жоомарт Сапарбаев: Бизде күбөлөр бар. Бирок биз билдирүүдө "Келдибеков Көлбаев менен жолукту" деп жазган жокпуз. "Келдибеков Көлбаев менен Караколдогу “Каприз” мейманканасында бир болуптур" деп жазып атабыз. Ал эми "жолуккан" деп Зарылбек Ырсалиевдин катында айтылып атат.

“Азаттык”: Жоомарт мырза, “Ата Мекен” төрагалык кызмат үчүн аракеттенип жатат, мына ошон үчүн ыңгайлуу учурда Келдибековго сокку урду деген пикирлер арбын. Буга кандай жооп бересиз?
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев спикерлик кызматты талашып, өтпөй калып, өзүнүн ич күйдүүлүгү бар экенин эл-журт билет.

Жоомарт Сапарбаев: Ар кандай ушактар айтылып келди. Бирок биздин фракциянын лидери расмий түрдө "эгерде Келдибеков спикерликтен кетсе, мен төраганын ордуна талапкерлигимди койбойм" деп жарыялады. Муну менен ушундай сөздөргө жооп кайтарылды.

Жылдызкан Жолдошева: Өмүрбек Текебаевдин парламентке спикер болом деген ою болбошу керек, моралдык жактан укугу жок. Мен Түркияга барсам, алардын интернетинде порнотасмасынын 2 сериясы илинип турат. Ал кантип биздин өлкөнүнүн атынан башка өлкөлөргө барат? Бул - мамлекеттин эң жогорку даражадагы бийлик бутагы.

Спикер кетиш үчүн мыйзам ченемдүү иш алып барыш керек. Биринчиси, өзүнүн арызы менен. Экинчиси, эгерде 120 депутаттын 80 депутаты ишеним көрсөтпөсө.

Жоомарт Сапарбаев: Биз "канча коомдук кеңешчи бар" деп доомат койгон жокпуз. Эмнеге кеңешчилерге KG белгисиндеги номер берилет? Ал кол тийбестикти жарым-жартылай берүү болуп эсептелет. МАИ кызматкерлерине токтобойт. Бул - мыйзам бузуу, этикага да жатпайт. Кеңешчи болобу, жолотпош керек, эл эмне дейт, этика, моралдык жактары бар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG