Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Кара-Балтадагы митингге эл келбей койду


Митингди чагылдырганы келген журналисттер эл чогулбагандыктан уюштуруучулар менен гана маектешип, тарап кетти.
Митингди чагылдырганы келген журналисттер эл чогулбагандыктан уюштуруучулар менен гана маектешип, тарап кетти.

Чүйдүн Кара-Балта шаарында 25-апрелде өтөөрү жарыяланган митинг эл чогулбаганынан болбой калды. Уюштуруучулар митингге 500дөн кем эмес адам чогулаарын, анда өкмөттүн отставкасы талап кылынаарын жарыялаган эле.

Митингди шаардын мурдагы мэри Оомат Казакбаев баш болгон Сооронбай Дыйканов, Улан Сооданбеков өңдүү активисттер жана айрым коомдук уюмдар уюштурмакчы экен. Алар «Биз таза коом жана күчтүү мамлекет үчүн» деген ураан алдында өтө турган митингде өлкө жетекчилигинин ишине баа берип, бир катар талаптар менен чыгаарын билдиришкен.

Бирок шаардын маданият үйүнүн алдына белгиленген митингге баш-аягы 30 чакты адам келип, жыйын болбой калды.

Оомат Казакбаев саясий акциянын оңунан чыкпай калышын төмөнкүдөй түшүндүрдү:

- Митингге эл ичиндеги патриотторду чакырып, алар топтолот го деген максат болчу. Андайлар аз экен. Алар кыргыздын келечегине кайдыгер карабайбыз деген максатты туура эмес түшүнүп калышты окшойт.

Уюштуруучулардын дагы бири Атай Бейшенбек уулунун айтымында, митингде негизги талаптар катары өкмөттү отставкага кетирүү, 2010-жылдын апрель-июнь окуяларынын күнөөкөрлөрүн жазалоо сыяктуу маселелер коюлмак:

- Биздин негизги талаптар катары төмөнкүлөрдү иштеп чыккан элек. Маселен, апрель-июнь жана Аксы окуяларындагы күнөөлүүлөрдү жазалоо. Бул окуялардын өткөнүнө канча убакыт өттү. Бирок эч ким жазасын ала элек. Анан өкмөт өз ишин кыла албай жатканы үчүн отставкасын талап кылмакпыз.

Ушундай талаптар менен паламенттик оппозиция буга чейин Ошто, Баткенде жана Жалал-Абадда митинг өткөргөнү маалым. Кара-Балтада өтчү митинг да коомчулукта ошолордун уландысы катары бааланган. Бирок Оомат Казакбаев митингди чагылдырууга келген журналисттерге бул ишке оппозициянын эч кандай тиешеси жоктугун айтып жатты:

- Биздин оппозицияга эч кандай тиешебиз жок. Бирок талаптарыбыз оппозицияныкына окшош экенин танбайбыз. Негизгиси, алардын жетегинде уюштурулган митинг эмес.

Митинг өткөрүү аракетине жергиликтүү калк да кайдыгер мамиледе болду. Маселен Самарбек Байгашкаев аттуу тургун жазгы талаа иштери кызып турган маалда элди удургутуу орунсуз деп баалайт:

- Митинг дегенде азыр көпчүлүктүн кыжыры келип турат. Кыйын кыштан эптеп жазга чыгып, жазгы таала иштерин кыла турган мезгилде тынчтыкты каалап жатат. Чаң-тополоңдун эмне кереги бар...

Митингдин максатына жетпей калганын талдоочулар ар кандай баалап жатышат. Аны уюштурмакчы болгондор кезинде чон кызматтарда туруп, кол жууп калганына ызаланып, жакындарын чыгарууда деген да ойлор бар.

Саясат таануучу Табылды Акеров бул митингдин ийгиликсиздигин уюштууруучулардын элдин көйгөлүү маселелерин көтөрбөгөнү менен байланыштырды:

- Булар элге жага турган көйгөйлөрдү, ураандарды көтөрө алышкан жок. Ошондуктан эл келген жок да. Менин оюмча, булар оппозицияга эч байланышыбыз жок деп өкмөттүн көңүлүн өздөрүнө бурууга аракет кылышты.

Митингдин уюштуруучулары болсо өз аракеттерин токтотпой турганын билдирди. Алар эми бийликке койгон талаптарын резолюция түрүндө коомчулукка таратканы жатат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG