Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:19

Садыр Жапаров камакта калды


Садыр Жапаровдун жактоочуларынын митинги, 22-октябрь.
Садыр Жапаровдун жактоочуларынын митинги, 22-октябрь.

“Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын караган Бишкек шаар соту баштапкы чечимди күчүндө калтырды.

Коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиевдин баш коргоо чарасы болсо 24-октябрда карала турган болду. Ал тапта Жалал-Абадда камактагы депутат Камчыбек Ташиевдин жактоочулары ачкачылык акциясын улантууда.

Бишкектеги сот митинг менен коштолду

Бишкек шаар соту 22-октябрда депутат Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын карап жатканда, имараттын сыртында жактоочулары “Жапаровго боштондук!” деп кыйкырып жатышты. Элүү чамалуу Жапаровдун колдоочуларына аздан соң депутат Камчыбек Ташиевдин да айрым тарапкерлери кошулду. Чогулгандар 3-октябрдагы Ак үй алдындагы башаламандык боюнча айыпталгандардын баарын бошотууга чакыра башташты.

Митингде Кумтөрдү мамлекеттин карамагына алуу, парламентти таркатуу өңдүү чакырыктар да айтылды. Саат 10го белгиленген соттук жараян 11ден өтүп аяктап, Жапаровдун баш коргоо чарасы өзгөрбөй калганы белгилүү болду.

Бул тууралуу анын жаңы адвокаты Токтогул Абдиев билдирди:

- Жактоочулар соттук жараянды кийинкиге жылдырууга аракет кылышты. Анткени жакшыраак даярданып алсак болмок. Бирок сот даярданууга мүмкүнчүлүк берген жок. Жыйынтыгында шаардык сот Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Ага ылайык, Жапаров 5-декабрга чейин камакта калды.

Өткөн аптадагы сотто Жапаров өз адвокаттарынын кызматынан баш тарткандыктан, анын баш коргоо чарасын кароо бүгүнкүгө калтырылган болчу.

Ошондой эле бүгүн Бишкек шаардык соту коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиевдин баш коргоо чарасын карашы керек эле. Бирок Кожоналиевге байланыштуу соттук жараян башталып, башталбай жатып 24-октябрга жылдырылганын адвокат Азиз Турдалиев “Азаттыкка” кабарлады:

- Кожоналиев ооруканада. Конвой болсо оорусуна байланыштуу сотко баруудан баш тартып коюптур деп жазып келиптир. Ошондо сөздөрүбүз эки ача болуп калды. Биз болсо өзүнөн тил кат алып, сотту ансыз өткөрүүгө уруксат алып келгенбиз. Сот буга макул болбой койду.

Ташиевдин адвокаттары Жогорку Сотко кайрылды

17-октябрдагы митинг
17-октябрдагы митинг
Өткөн аптада Бишкек шаардык соту камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдун да баш коргоо чарасын карап, биринчи соттук инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Андан соң Ташиев ачкачылык жарыялаган. Бирок аптанын акырында ден-соолугу начарлап кетип, кайра тамак иче баштаган.

Азыр Ташиевдин Жалал-Абаддагы жыйырмадан ашык жактоочулары ачкачылык акциясын улантууда.

“Ата-Журт” партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов Камчыбек Ташиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Жогорку Сотко доо арыз берилгенин “Азаттыкка” билдирди:

- Биз азыр Ташиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доо арыздын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Андан кийин гана кандай конкреттүү кадамдарга барарыбызды айта алабыз. Бирок мыйзамсыз кандайдыр бир иш-чаралар болбойт. Жогорку Сот доо арызды качан карары азырынча белгисиз.

Буга чейин Садыр Жапаровдун жактоочулары Балыкчы шаарына топтолуп, Кубакыда эки боз үй тигип турганы кабарланган. Жапаровду коргоо комитетинин жетекчиси Кеңеш Жумабаев жактоочулардын кийинки кадамын түшүндүрүп берди:

- Биз жер-жерлерге барып, элди топтоп чоң митинг өткөрөбүз. Азырынча так күнүн айта албайм. Бирок жакынкы күндөрү өтөт. Ысык-Көлдүн тургундары, Нарындан келгендер Кубакыда турушат.

Кантсе да Кыргызстандагы соңку саясий жараяндар ири толкундоолорго негиз боло албайт дегендер бар. Алардын бири талдоочу Марс Сариев:

- Камактагыларды колдогондор – биринчиден, алардын туугандары. Анан бул жерде жердешчилик да бар. Чоң митинг чыгып кетерине мен көп ишенбейм. Себеби азыр эл түшүнүп калды. Беш-он жыл мурункудай абал эмес.

3-октябрдагы Ак үй алдындагы башаламандыкка байланыштуу депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго “Конституциялык бийликти кулатууга аракет кылган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген айыптар тагылган. Кубатбек Кожоналиев болсо митингге катышып, бийликти басып алуу аракетине көмөктөшкөн деп айыпталууда.

Улуттук коопсуздук комитети Жапаров менен Мамытов тергөө абагында экенин, Камчыбек Ташиев абактын ооруканасында жатканын билдирди. Ал эми Кубатбек Кожоналиев болсо жүрөгү кармагандан бери Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланууда.

XS
SM
MD
LG