Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Адил Тойгонбаев Москвада кармалды


Адил Тойгонбаев (сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Адил Тойгонбаев (сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Акаев бийлигинин тушунда "эрке күйөө бала" атыккан Адил Тойгонбаев 2005-жылы Кыргызстанда жарыяланган эл аралык издөөнүн негизинде кармалып отурат.

Тойгонбаев аэропорттон кылтакка түштү

Адил Тойгонбаевдин Москвада Интерпол аркылуу кармалгандыгын анын Бишкектеги адвокаты Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” ырастады. Тойгонбаев алгач 8-февралда Казакстандан Москвага учуп барганда кармалып, кайра бошотулган. Бирок ал 9-февралдын кечинде Москвадан Европага учуп кетер алдында "Шереметьево" аэропортунан дагы кармалып, эки суткага камакка алынган.

- Мен Тойгонбаевдин Москвадагы адвокаты менен жаңы гана сүйлөштүм. Аны чындыгында эле 9-февралдын кечинде кармашып, эки суткага камашкан. Тойгонбаевди 2005-жылдагы документтердин негизинде кармашкан экен. Бирок ага издөө жарыяланганы боюнча ушул күнгө чейин соттун чечими жок. Ал кезде аны камоого прокурордун гана санкциясы болгон. Андыктан эртең эле аны бошотот деп ойлойм.

Адил Тойгонбаевдин Москвада кармалганын Кыргызстандын укук коргоо органдары да тастыктады. Бирок адвокат Икрамидин Айткулов укук коргоо органдарында Тойгонбаевди Кыргызстанга экстрадициялоо мүмкүнчүлүгү жок деп эсептейт:

- Тойгонбаев Казакстандын жараны болгондуктан, Кыргызстан аны экстрадициялоону талап кыла албайт. Кыргызстандын мыйзамдарында да “чет элдик жаран Кыргызстанда кылмыш кылып, бирок өлкөдөн чыгып кете турган болсо, ал боюнча документтер өз өлкөсүнө жиберилет” деп жазылган. Ошондуктан Кыргызстан Тойгонбаев боюнча документтерди Казакстанга жибериши керек болчу. Бирок Башкы прокуратура аны жасаган эмес.

Башкы прокуратура Тойгонбаевди Кыргызстанга алып келип, жоопкерчиликке тартуу боюнча кандай аракеттер көрүлөрү тууралуу азырынча маалымат бере элек.

2005-жылкы ынкылаптан кийин Кыргызстанда Тойгонбаевге “сүйлөшүп туруп, финансылык көз боёмочулук кылган, салык төлөбөгөн” деген айыптар менен кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыялаган.

“Эрке күйөө бала” атыккан...

Улуту жана жарандыгы казак Адил Тойгонбаев Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин улуу кызы Берметтин күйөөсү катары белгилүү. Анын “үй-бүлөдөгү” орду, Бермет Акаева менен мамилеси жөнүндө да түрдүү пикирлер бар. Ал экөө 2005-жылдагы ыңкылапка чейин эле “өйдө-ылдый” болуп жүргөнүн айткандар да жок эмес.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Бермет менен Адилди бактылуу жубайлар катары сыпаттады.

- Бермет шайлоого катышканда Адил толук колдоп турган. Эми ар бир үйдө талаш-тартыш болот да, балким ошондойлор болгондур. Кийин 2009-жылдары деле ал экөөнүн эң сонун мамилеси бар экенин көрүп эле жүрдүк. Эгер ажырашса, анда расмий ажырашмак. Берметтин интервьюларында ажыраштым деген бир да сөз жок. Үй-бүлөсү жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып эле келатат. Учурда Бермет менен Адилдин ортосунда чырактай баласы чоңоюп жатат.

Адил Тойгонбаев кезинде Кыргызстандын “эрке күйөө баласы” катары таанылган. 2005-жылга чейин өлкөдөгү майлуу тармактарды көмүскө башкарып турганын, Акаевди бийликтен алып түшкөн март ыңкылабынын чыгышына да анын терс иш-аракетинин таасири болгонун айтышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Тойгонбаевдин ошол кездеги ролуна токтолду:

- Мен азыр алардын мамилелери кандай экенин билбейт экемин. Бирок чындыгында эле жалпысынан Адил Тойгонбаев ошол кезде президентти, анын үй-бүлөсүн, “үй-бүлөнү” гана эмес, биздин мамлекетибизди да өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдалангандардын бири болгон.

Депутат Равшан Жээнбековдун пикиринде, Кыргызстанда сот системасы калыс болбогондуктан жана түрмөлөрдө кыйноо фактысы бар экенин эске алганда, Тойгонбаевди Кыргызстан өткөрүп алышы кыйын. Ошонун менен бирге депутат Орусиянын өзү коррупциялашкан өлкө экенин да эске салды:

- Орусия дагы бизге окшогон эле авторитардык, коррупциялашкан мамлекет. Баары саясий чечим кабыл алган адамдын эрки менен болот. Экинчиден, алардын соттору да биздикиндей сатылган соттор. Алар менен сүйлөшүп алса болот. Үчүнчүдөн, укук коргоо органдары да биздикиндей эле коррупциялашкан. Алар менен да сүйлөшүп алса болот.

Өткөн жылы 28-июнда Алматы шаардык милициясы да Тойгонбаевди кармап, бирок кийин коё беришкен. Анда Тойгонбаев Казакстандын жараны болгондуктан, ал Кыргызстанда кылмышкер деп айыпталып, издөө жарыяланганы менен ал Бишкекке өткөрүлүп берилбей турганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG