Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Жаңы президент ишке киришти


Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн өткөөл президент Роза Отунбаевадан бийликти расмий өткөрүп алып, ант берип, президенттик кызматка киришти.

Кызмат өткөрүп алуу иш-чарасына Кыргызстандын коомдук-саясий чөйрөсүнөн тышкары чет өлкөлөрдөн Түркия президенти Абдулла Гүл, Грузия президенти Михаил Саакашвили баштаган мамлекеттик жетекчилер, дипломаттар катышты.

Алгач кызматын тапшырып жаткан президент Роза Отунбаева Бишкектеги Ак үй алдындагы Улуттук гвардиянын аскерлери менен коштошуп, андан соң эл, коноктор чогулган Улуттук филармонияга келди.

​Көп өтпөй шайлоодо утуп чыккан Алмазбек Атамбаев да филармонияга келип, азем Роза Отунбаеванын сөзү менен ачылды. Отунбаева өзү көрсөткөн үлгүнү алдыда да улантууга чакырды:

- Эң башкысы өлкөбүздүн бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин сактап калдык.

Ушул тапта президенттик бийликти тынчтык жолу менен, ачык жана демократиялык мүнөздө өткөн жалпы элдик шайлоонун жыйынтыгына ылайык өткөрүп берүүнүн жаңы наркын калыптандырып, жаңы саясий маданиятка жол салдык.

Бул күн биз үчүн өтө кымбат! Анткени биз өлкөбүздүн келечеги үчүн чоң сабак, саясий үлгү көрсөттүк. Ушул саясий салт мындан ары да улана берет деген терең ишенимдемин.


Роза Отунбаеванын сөзүнөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 30-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу БШКнын токтомун окуду. Андан соң шайлоодо утуп чыккан Алмазбек Атамбаев ант берүүгө киришти.

Буга чейинки президенттердин антынан айырмаланып, бул жолу жаңы президент өз антын “Кудайдын жана элдин алдында” деген сөз менен баштады.

Анттан кийин Атамбаевге Кыргыз Республикасынын президенттинин күбөлүгү, төш белгиси, штандарты тапшырылып, жаңы президенттин урматына 7 жолу залп атылды.

Алмазбек Атамбаев президентке киришүү сөзүндө кыйың кезеңдеги эмгеги үчүн Роза Отунбаевага ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын жаңы тарыхы башталгандыгын белгиледи.

Ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүүнү, бийлик бутактарына арбитр болууну башкы милдеттеринин бири катары санады.

- Кийинки кадамыбыз – элибиздин башында кара булут болуп турган коррупция менен күрөшүү. Бизди ичибизден курутуп жаткан бул кесепетти эмитен жойбосок, келечегибиз күмөн.

Ошондуктан мен бул күрөштө өлкө башчысынын укуктарын толук бойдон колдоном. Сот болобу, депутат же министр болобу – мыйзам алдында баарыбыз бирдей жооптуубуз.

Жетекчилерге болсо алдын ала бабалардын ыйык сөзүн эскертким келет: “Ыймандуу бийде – тууган жок! Туугандуу бийде – ыйман жок!”. Муну унутпагыла!


Атамбаевдин билдиргенине караганда, тышкы саясатта Орусия Кыргызстандын башкы өнөктөшү катары калат:

- Албетте биздин негизги стратегиялык өнөгүбүз – Орусия. Бажы биримдигине мүчө болсок деп ниеттенип жатабыз.

Бул кадам биздин өнөр жайыбызды жандандырат, өлкөбүздүн коопсуздугун бекемдейт, коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы чек араларды ачат, элибиздин жашоо шартын оңойт деп ишенем. Орусия жана коңшу өлкөлөр менен биздин тарых да, келечегибиз да бир!


Ошондой эле Түркия, кошуна мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу тууралуу да кеп кылды. Деген менен Кыргызстан башкаларга эч качан көз каранды болбой турганын белгилеп, улуттарды ынтымакка, сабырдуулукка үндөдү:

- Кайсы бир күчтөрдүн, өлкөлөрдүн акчаларына алданып, көр оокатка азгырылып, кыйынчылыктан коркуп, өлкөбүздүн азаттыгын жоготуп албайлы. Анда бизди Кудай да, ата-бабалардын арбактары да, урпактар да кечирбейт! Тизелеп жашаганча, тике туруп өлгөн артык! Биз эч качан кул болбойбуз! Жашасын, эгемендүү Кыргызстан!

Бийликти өткөрүшүү иш-чарасы өкмөт үйүндө аяктады. Салтанатуу аземге күбө болгон коноктордун көбү бул күндү тарыхый окуя катары сыпатташты.

Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлсүн Мамашова, АКШнын Кыргызстандагы Элчиси Памела Спратлен, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев да “Азаттыкка” пикирлерин ортого салышты:

Гүлсүн Мамашова: Бүгүн тарыхый окуя болуп жатат. Мүмкүн азыр бул нерсени сезбей жатабыз. Балким толугу менен сезе албай жаткандырбыз. Мында Роза Исаковнага абдан ыраазы болушубуз керек.

Памела Спратлен: Менин оюмча бүгүн Кыргызстан үчүн абдан жакшы күн. Мен бүгүнкүдөй аземден кийин өлкө өсүп, өнүгөт деп үмүттөнөм.

Топчубек Тургуналиев: Жаңы президенттен мен жок дегенде эки үч нерсе күтөм. Биринчиден, өзүнүн айлана-тегерегине абийирдүү, колу таза, ыймандуу адамдарды чогултат деп күтөм. Экинчиден, мамлекетти курутуп жүргөндөрдү тукум курут кылат деп күтөм. Үчүнчүсү, жердешчилик, тууганчылык, түндүк-түштүк дегендерди катуу жазалайт деп ишенем.

Кыргызстандын жаңы президентинин ант берүү аземине жыйырмага чукул өлкөдөн расмий делегациялар келди. Негизги коноктордун катарында Түркиянын президенти Абдулла Гүл, Грузиянын президенти Михаил Саакашвили болду.

Аземге Орусия президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкин да келет деп күтүлгөнү менен, анын келбегени белгилүү болду.

Ал эми кошуна мамлекеттерден Казакстандын, Тажикстандын өкмөт башчылары, Өзбекстандын парламентинин төрагасы катышты. Мындан тышкары ЖККУ, ЕККУ, ШКУ өңдүү уюмдардын баш катчылары инаугурацияга күбө болушту. Иш-чараны жалпысынан жүзгө чукул жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттары чагылдырышты.

Ошентип Кыргызстанда былтыркы апрель окуясынан кийинки өткөөл мезгил соңуна чыкты. Сонку Баш мыйзамга ылайык, жаңы шайланган президент алты жыл өлкөнү башкарып, андан соң кийинкисине бийликти өткөрүп берүүгө тийиш.

Тасмада: Атамбаевдин президенттик кызматка киришүү сөзү
Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Алмазбек Атамбаев ант берип, президенттик кызматка киришүү алдында сөз сүйлөдү. (Тасма КТРКнын түз эфиринен алынды.)

Атамбаевдин президенттик кызматка киришүү сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:18 0:00

XS
SM
MD
LG