Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Кыргыз өкмөтү газ менен сууну аралаштырбайт...


Токтогул суу сактагычы. 18-январь, 2013-жыл.
Токтогул суу сактагычы. 18-январь, 2013-жыл.

Кыргыз өкмөтү газ маселесин чечүүдө суу рычагдарын пайдаланбоону чечти. Ал эми 14-апрелден бери газсыз калган түштүк региондорго газ качан берилери белгисиз бойдон калууда.

Кыргыз өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин билдирүүсүнө караганда, кыргыз өкмөтү газ маселесин чечүүдө Өзбекстанга каршы суу ресурстарын рычаг катары колдонбоону чечти. Андай чечимди Сарпашев мындайча негиздеди:

- Бул эл аралык маселе. Эл аралык маселеде тобокелчиликке салып, бири-бирин коркутууга баруу туура эмес деп эсептейм. Анткени биздин Өзбекстан менен көптөгөн экономикалык, саясий карым-катнаштар бар. Аны өтө эле жөнөкөйлөштүрүп, сен муну бербесең, мен аны бербейм дегенге өткөнгө болбойт.

Газ маселесин чечүүдө суу рычагдарын колдонууну изилдеп көрүүнү өкмөткө Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети өткөн айда сунуштаган. Түштүк регионду газ менен камсыздоо маселесинде болсо азырынча жылыш байкала элек. Тайырбек Сарпашевдин айтымында, өзбек өкмөтү бул маселе боюнча кыргыз өкмөтүнүн суроо-талаптарына жооп бербей жатат:

- Бүгүнкү күндө өзбек тарап бизден чыккан суроо-талаптарга, менин каттарыма жооп бербей жатат. Мен Өзбекстандын биринчи вице-премьер-министри менен сүйлөшүүгө үч жолу аракет кылдым, бирок ал байланышка чыкпагандыктан сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Ошондуктан биз суроо-талаптарыбыз Орусияга болуп жатат. Алар газ качан болорун так айта элек. Бирок бул маселе чечилет.

Тайырбек Сарпашевдин айтымында, азыркы кезде “Газпром” “Узтрансгаз” менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Бирок маселе качан чечилери белгисиз.

Бул арада Ош шаарында социалдык абал чыңалып келатканын Жогорку Кеңештин депутаттары эскертүүдө. Алар шаар калкы бир эле газдын жоктугунан эмес, электр энергиясынын үзүл-кесил жана сапатсыз берилишинен, суунун аздыгынан жабыркап жатышканын билдиришүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков газ маселесин парламентте тез арада кароону төрага Асылбек Жээнбековдон талап кылды:

- Газ маселесин кайра-кайра артка калтырбастан, бул маселенин чечилбей жатканына кимдер күнөөлүү экенин коомдун алдында ачык-айкын айтып, элибиздин 50% газсыз отурганы үчүн күнөөлүүлөрдү сөзсүз жазалап, же болбосо коомдун алдында ачык айтышыбыз керек, мына ушул адамдардын айынан силер газы жок отурасыңар деп.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Азамат Арапбаев газдын жоктугу Ошто көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратып жатканын белгилеп, өкмөт бул маселени чечүүгө киришүүсү керек дейт. Ал эми “Кыргызгаздын” сатылышы менен ушундай абал түзүлгөнү, аны сатуунун өзү катачылык экенин тастыктабайбы деген суроого Арапбаев мындай жооп берди:

- Катачылык болуп калган эмес деп эсептеймин. Бирок ушул келишимди биздин “Кыргызгаз”, өкмөт даярдап атканда өткөөл мезгилде, же “Газпром” келип толук ээлик кылганга чейин ким ошол маселеге жооп берет дегенди өкмөт ойлонбоптур. Ошон үчүн ошондой ыңгайсыздыктар болуп калды.

Азамат Арапбаевдин маалыматы боюнча, 11-июнда Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат болот. Мына ошол жерде газ маселеси негизги маселелерден болот.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG