Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:35

“Вечерний Бишкекте” кожоюн алмашууда...


"Вечерний Бишкек" гезити
"Вечерний Бишкек" гезити

“Вечерний Бишкек” гезити жана сайты кожоюнун алмаштыруу алдында турат. Буга байланыштуу журналисттердин жоон тобу кызматынан бошотулду.

“Вечерний Бишкек” гезитинин жетекчилигинин маалымдоосуна караганда, гезитти рейдерлик жол менен басып алуу жүрүп жатканына байланыштуу, кызматтык орундар кыскартылды. Ошондуктан 26-августта vb.kg сайтынын 17 журналисти кызматынан бошотулду. Ага чейин төрт журналист кызматынан кеткен эле. Кетип жаткан журналисттердин катарында интернет сайттын редактору Дина Маслова, анын төрт орун басары, сайттын кыргызча редакциясынын жетекчилиги жана башка журналисттер бар.

“Вечерний Бишкек” басылмасынын азырынча кожоюну Александр Кимдин бейшемби күнү “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, кызматынан бошотулгандар гезиттин жаңы жетекчилиги менен эч кайсы шартта кызматташпай тургандар:

- Бул холдингдин жаңы ээлери менен эч кайсы шартта кызматташпай турган адамдар. Биз ойлогонбуз шаардык сот бүгүн чечим чыгарып берет деп. Бирок эртеңки күнгө которуп коюшту. Демек, эртең чечим кабыл алынат. Ал дароо күчүнө кирет.

Белгилүү болгондой, Биринчи Май райондук соту “Вечерний Бишкек” жабык акционердик коомунун Александр Кимге таандык 65% акциясын, “Рубикон” рекламалык фирмасынын 50% акциясын Александр Рябушкинге өткөрүп берүү чечимин чыгарган.

Александр Ким шаардык сот Биринчи Май райондук соттун мындай чечимин өзгөртүүсүз калтырат деген пикирде.

Буга чейин Кыргызстандын соттору Александр Рябушкин пайдасына “Рубикон” фирмасынын 50% акциясын өткөрүп берген. Александр Кимдин айынан көп жылдык кирешеден куру калганын жүйө катары келтирген Александр Рябушкин өз пайдасына Александр Кимден 400 млн. сомго жакын акча өндүрүп берүүнү соттон талап кылган. Сот ал талапты канааттандырган. Бирок Кимдин мүлкү жок болгондуктан 400 млн. сом табылган эмес.

Александр Рябушкин 400 млн. сомдун ордуна Александр Кимге таандык акцияларды өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Биринчи Май райондук соту аны канааттандырды. Эгерде шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырса, анда Рябушкин “Рубикондун” 100% ээси болуп калат.

Александр Рябушкиндин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, ал дагы соттун чечимин күтүп жатат. Соттун чечими менен өз мүлкүнө ээлик кылууга киришет. Гезит жана сайттар болсо мурункудай эле ишин улантат дейт Рябушкин:

- Баары мурдагыдай эле иштейт. Баары ордунда кала берет. Мен чечимди кабыл алар менен ээлик кылууга киришем. Эч кандай куугунтук, кызматтан бошотуулар болбойт.

Маалыматка караганда, кызматынан кыскартуу жолу менен бошотулгандарга редакция мыйзамга ылайык эки айлык маянасын төлөп берүүгө милдеттүү. Алар эки айдын ичинде жумуш таап, башка маалымат каражаттарында журналисттик ишин уланта алышат.

Ал маалымат каражаты Александр Ким жана анын командасы уюштуруп жаткан жаңы басылма жана интернет сайты болушу толук мүмкүн. Кимдин айтуусунда, келерки жумада ал интернет сайт жана гезиттердин аты айкын болот.

2005-жылдагы март ыңкылабына чейин да “Вечерний Бишкекти” ал кездеги президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев тартып алгандан кийин “МСН” деген аталыштагы гезитти чыгара башташкан. Ал гезит кескин оппозициялык багытта болуп, Аскар Акаевдин бийлигиндеги коррупциялык көрүнүштөрдүн жүзүн ачып, март ыңкылабына салым кошкон.

Айрым талдоочулар, мына ошол кездеги окуя кайра кайталанып жатат деген пикирди айтууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG