Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Коалиция куроо түйшүгү башталды


Фракция лидерлери. (Архивдик сүрөт)
Фракция лидерлери. (Архивдик сүрөт)

Парламентте көпчүлүк коалицияны түзүү милдетин алган Социал-демократтар фракциясы сүйлөшүүлөрдү баштады.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков 27-августта парламенттеги фракция лидерлери менен көзмө-көз жолукту. Анын алдында президент Алмазбек Атамбаев аталган фракцияга коалициялык көпчүлүк куроо мандатын тапшырган эле.

КСДП техникалык өкмөт түзгүсү келет

Парламенттеги фракция лидерлеринин баары коалицияга кирүү сунушун алды. Азырынча коалиция кайсы фракциялардан куралары, ким премьер болоору белгилүү боло элек. Ошол эле кезде КСДП техникалык өкмөт түзүүгө ниеттенип жатканы белгилүү болду.

“Ар-намыстын” төрагасы Феликс Кулов КСДП фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков менен жолуккандан кийин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, техникалык өкмөт түзүүнү колдобой турганын билдирди. Куловдун пикиринде, келерки коалиция бекем болуш үчүн премьер-министр жана анын талапкерлигин көрсөткөн фракциянын жоопкерчилигин күчөтүү зарыл:

- Техникалык өкмөт жоопкерчиликсиз болот. Эгер өкмөт башчыны сунуштаган фракция жоопкерчиликти алса анда сөзсүз коалиция бекем болот. Эгер албаса болбойт. "Биз жоопкерчиликти алабыз",- деп элге ачык айтышы керек. Эгер айтпаса саясий интрига башталат.

Камчыбек Ташиевдин премьерликке ниети бар

“Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров да коалицияга чакырган сунушту четке каккан жок. Жапаров “Ата-Журт” өз ара кеңешкенден кийин премьерликке талапкер сунуштай турганын, партия төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкмөт башчы болуу ниети бар экенин маалымдады:

- Шарттар белгилүү боло элек. Коалицияга киресиңирби деген сунуш болду. Биз коалицияга кирүүдөн баш тарткан деле жокпуз. Камчыбек Ташиев эгер коалицияга кирип калсак фракциянын атынан мен премьерликке талапкерлигимди коём деген ою бар. Бирок биз муну фракциянын ичинде чече элекпиз. Биздин 2010-жылы эле камдаган программабыз бар. Эгер коалиция түзүлүп өкмөткө кирип калсак, биз сөзсүз программабызды беребиз.

Чыныбай Турсунбеков андан кийин “Республика” фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов менен жолукту. Сулайманов ойлору оңунан чыкса чогуу иштөөгө даяр экенин айтты:

- Биз сиздин сунушуңузду кабыл алабыз. Бүгүн-эртең фракцияны чогултуп, бир чечимге келип, аны сизге расмий билдиребиз. Негизги максатыбыз - келе турган өкмөткө кол кабыш кылып, ишти алдыга жылдыруу. Ошол максатыбыз ишке ашат деп ойлойм. Кудай буюрса келишип, сүйлөшүүлөрдө оюбуз төп келишсе чогуу иштөөгө биз даярбыз.

Алтынбек Сулайманов жолугушуунун жабык бөлүгүнөн кийин коалиция боюнча кандай шарттар коюлганы тууралуу журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

"Өпөң-чычаңдан" чыгалы...

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев болочоктогу премьер-министрге, өкмөттүн курамына байланыштуу талаптарды койду:

- Өкмөттүн кетиши менен саясий кырдаал өзгөрдү. Учкучтар муну турбуленттик, башкача айтканда, өпөң-чычаң зона деп коюшат. Мына ошондон биз тез чыгып, саясий туруктуулукка келип, жарыяланган бирок аткарылбай келген, же токтоп турган, кечеңдеген реформаларды андан ары улантышыбыз керек. Жаңы өкмөттүн курамы ушуга жөндөмдүү болушу керек. Өкмөт башчы биринчи кезекте лидер болушу керек. Өкмөт мүчөлөрүн эле эмес, парламенттин лидери болушу керек. Парламенттик башкаруунун маңызы ушунда. Эми идеалдуу адамды табыш кыйын, бирок конкреттүү кырдаалда ушул тапшырмаларды башкаларга караганда түзүгүрөөк аткарып кете турган адамдарды тапса болот. Андай адамдар албетте арабызда бар.

“Ар-намыс”, “Ата-Журт” жана “Ата Мекен” фракцияларынын төрагалары техникалык өкмөткө каршы пикирин билдирди. Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктап жатып, техникалык өкмөт боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бул эң ириде саясаттан алыс өкмөт:

- Бул негизи толук кандуу эле өкмөт. Ал жөнүндө эч маселе жок. Бирок бул өкмөт айрым бир өкмөттөрдөн айырмаланып өтө саясатташпай, мамлекеттик чарбачылыкты, экономиканы биринчи планга койгон өкмөт болсун деген мааниде айтылган. Коалицияга киребиз дегендер менен өзүбүзчө калып сүйлөшкөндө келгиле, жаңы өкмөт тигил же бул фракциянын квотасы деген негизде эмес, коалициялык өкмөт болсун деген ойду айтып жатабыз. Менимче, муну көбү колдоп атат. Ошол эле мезгилде биз азыркы өкмөттүн көпчүлүгү калышы керек, бүгүнкү жасап аткан иштерин улантышы керек деген маселени да баса белгилеп жатабыз.

Турсунбеков эми Жогорку Кеңештеги ар кандай депутаттык топтордун өкүлдөрү менен да жолукканы жатат.

Мандат алган Социал-демократтар 17-сентябрдан кечиктирбей коалиция түзүп, премьерликке бирдиктүү талапкер сунушутап, парламент өкмөт башчыны, өкмөттүн курамын жана түзүмүн бекитиши зарыл.

XS
SM
MD
LG