Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Европа сапары: дипломатиялык жүрүштөр


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц. Брюссель, 27-март, 2015-жыл
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц. Брюссель, 27-март, 2015-жыл

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Европанын беш мамлекетине жана Евробиримдиктин институттарына жасаган расмий сапарын жыйынтыктады.

Мамлекет башчысы Атамбаевдин бул евро-турнесинде Кыргызстандагы демократияны колдоо, кызматташууну тереңдетүү жана Евробиримдик менен Орусиянын ортосундагы ымаланы жакшыртууга чейин эл аралык абалга байланышкан маселелер боюнча дагы пикир алмашуулар болду. Европалык эксперттер жана журналисттер Атамбаевге парламентте демократияга каршы келген мыйзамдарды кабыл алуу аракети жана Кыргызстандагы орусиялык аскер аба базасынын зарылдыгына байланышкан суроолорун беришти.

Демократиянын ажырагыс бөлүктөрү

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Европага иш сапары Австриядан башталды. Атамбаевди Венадагы «Хофбург» сарайында кабыл алган Австриянын федералдык президенти Хайнц Фишер Борбор Азияда парламенттик-президенттик башкаруу формасын жолго салып, бирден бир демократияга кадам таштап жаткан Кыргызстандын аракеттерин колдоого аларлык деп баалады. Австриянын президенти Хайнц Фишер бул жолдо адам укугун коргоонун жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн маанисине токтолду:

- Кыргызстан Борбор Азияда бирден бир демократиялык принциптерди тутунган өлкө катары таанылды. Демократия - бул татаал иш. Ошондуктан Кыргызстандын демократиялык жолдо өнүгүүсүн кубаттайбыз. Адам укугун коргоо жана коррупцияга каршы күрөш - демократиянын ажырагыс бөлүгү. Жакында Кыргызстан коррупцияга каршы туруу боюнча эл аралык академияга мүчө болгонун билдим. Биз өз ара кызматташууну тереңдетүүдө инвестицияларды коргоо жана укук коргоо органдарын реформалоо багытында кызматташууга бел байлайбыз.

Алмазбек Атамбаев жана Хайнц Фишер
Алмазбек Атамбаев жана Хайнц Фишер

Атамбаев европалык өнөктөштөр менен жолугушуулардын дээрлик бардыгында Кыргызстан демократиялык жолдон тайбастыгын жана өлкөнүн өнүгүү жолунда демократ саясатчы катары европалык баалуулуктарды жогору коёрун мисал келтирди. Муну президент Кыргызстан элинин өзөгүндө жаткан нукуралык катары мүнөздөдү. Кыргызстанда сөз эркиндиги, чогулуш эркиндиги күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгү экенин айткан Атамбаев өлкө ал жолдон артка кайтпайт деп ишендирди. Ошол эле кезде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөдө коррупцияга каршы келишкис күрөш жүрүп жатканын айтып, бул багыттагы ачык-айкындык чет элдик инвестициянын агылып келүүсүн шарттоого тийиш деп белгиледи:

- Азыркы бийликтеги коррупционерлер менен күрөш жок деп айтууга болбойт. Мына жакында эле Башкы прокуратуранын Башкы тергөө башкармалыгынын башчысы пара менен кармалды. Бул тууралуу Европада айтсак, алардын көздөрү ачылып, ишенип-ишенбей жатышат. Мына коррупция менен күрөштүн жыйынтыгында бюджеттин кирешесин эки эсе көбөйттүк. Качан ушундай болду эле? Бүгүн бизге Европа ишенип баштады. Кудай буюрса ал жактан бизге миллиондогон инвестиция келет. Булар биринчи бизге ишенүүсү керек эле. Биз бардыгы менен жакшы мамиледе болобуз.

Ошол эле кезде Брюсселде өткөн жолугушууда европалык эксперттер менен журналисттер "Кыргызстандын Орусия башында турган Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү ага эмне берет" деген суроону беришти. Ошондой эле алар Атамбаевге Кыргызстандагы Орусиянын аскер-аба базасынын зарылдыгына жана анын геосаясий кызыкчылыгына байланыштуу суроолорду узатышты. Алмазбек Атамбаев Кыргызстан бир эле Орусиянын эмес, Европа өлкөлөрүнүн дагы аскерий жардамынан да баш тартмак эмес деп айтты:

- Кыргызстан учурда өзүнүн армиясын эми гана түзө баштады. Эске сала кетчү жагдай “Ислам мамлекети” уюмунун Халиф деген аталыштагы жетекчилиги Борбор Азияда анын ичинен Фергана өрөөнүндө халифаттын бир провинциясы пайда болот деп жарыялады. Мындай жагдайда ар кандай чабуулдун алдын алуу үчүн бизге азыр Орусия гана курал-жарактан жардам көрсөтүп жатат. Европа өлкөлөрү мына ушундай эле аскерий жардам берсе, биз кубанычта болот элек.

Кыргызстандын президенти Атамбаевдин бир эле учурда Европанын беш мамлекетине жана Евробиримдиктин институттарына жасаган сапары Кыргызстандын тышкы саясатындагы тең салмактуулукту кармоо аракети катары мүнөздөлдү. Бирок мына ошол европалык саясий лидерлер менен жолугушуулардын дээрлик көпчүлүгүндө, айрыкча Украина маселеси боюнча Атамбаевдин позициясы кремлчил мүнөздө болгону коомчулукта түрдүү багыттагы талкууларды жаратты.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Кыргызстандын көп жактуу тышкы саясаты болууга тийиш деп эсептеген оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков ал боюнча мына буларга токтолду:

- Мен буга чейин Атамбаевди Орусиянын гана көзүн караган саясатты жүргүзүп келген мамлекет башчысы катары сындап келгем. Анан эми бир учурда Европанын беш мамлекетине барып, демократияны өнүктүрүүнүн маселеси жана кызматташуу багытындагы эки тараптуу мамиленин келечегин сүйлөшсө, бул биздин мамлекет үчүн жакшы нерсе. Бирок мына ошонун бардыгын ал Орусиянын уруксатысыз эле өзүнүн демилгеси менен жасадыбы деген маселе турат. Мага болсо бул визит Орусиянын позициясын ал жакка жеткирүүгө багытталгандай элес калтырды. Анткени Атамбаев барган жеринин баарында эле Орусиянын тышкы иштер министринин орун басарындай позицияда сүйлөп жатты.

Суроо жараткан мыйзам долбоорлору

Брюсселде болуп өткөн “Демократиялык Кыргызстан” деген фото-сүрөт көргөзмөсүнүн алкагында эксперттер менен журналисттер үчүн уюштурулган жолугушууда учурда парламент талкуулап жаткан “чет элдик агенттерге” жана “гей-пропагандага” бөгөт коюу боюнча мыйзамдарга карата президенттин мамилесине кызыгуу көп болду. Мына ушундай эле суроолор президентке Евробиримдиктин институттарында да берилгени белгилүү болду. Президенттик аппараттын жетекчи орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков ага карата мындай жооп болгонуна токтолду:

- Мына ошол эки мыйзам долбоору боюнча президент “силер берип жаткан суроого анчейин түшүнгөн жокмун, анткени азыркы парламент бул президенттин айтканын айткандай аткарган мурдагы парламент эмес” деп айтты. Ал башка бийлик бутактарынан көз карандысыз шартта мыйзам чыгарат. Анан эми аталган мыйзам долбоорлору президенттин кол коюусуна келе элек. Азыр эми ал парламентте талкууланып жатат. Анан эми талкууланып бүтүп, соңку варианты кол койууга келсе, президент аны карап чыгууга эксперттерди тартып, анан ошонун негизинде чечим кабыл ала турганын айтты. Ошондой эле жанагы чет элдик агенттер тууралуу мыйзам АКШда да, Европада да кабыл алынган. Анан эми биз мына ошол жакта кабыл алынган мыйзамдар сыяктуу эле эл аралык стандарттан сыртка чыкпашыбыз керек.

Атамбаевдин ортомчулук миссиясы

Атамбаев Евробиримдиктин жетекчилиги, Австриянын, Франциянын, Швейцариянын жана Германиянын президенттери менен жолугушууларда Чыгыш Европадагы эл аралык абалга байланыштуу маселени дагы козгоду. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Украинадагы кризисти тынчтык жолу менен жөнгө салууда “Эльзас-Лотарингия” моделин сунуштады. Алмазбек Атамбаев сапардын алкагында Евробиримдик менен Орусиянын позицияларын жакындаштыруу аракетин көргөнүн айтып, мында кайсы бир тараптын кызыкчылыгынын эмес, тынчтык сүйлөшүүсүнүн жактоочусу экенин билдирди.

Президент Атамбаев жана немис канцлери Ангела Меркел. Берлин. 1-апрель.
Президент Атамбаев жана немис канцлери Ангела Меркел. Берлин. 1-апрель.

Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркел Атамбаевдин бул аракетин жогору баалап, маселени тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тараптын ой-пикири төп келгенин айтты:

- Чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселесинде биз бирдей пикирди карманат экенбиз. Ошондуктан биз бардык тараптардын дипломатиялык аракеттерин жогору баалайбыз. Мен Минск макулдашуусунун шарттары так аткарылып, андагы абалды тынчтык жолу менен чечүү чаралары так ишке ашат деген үмүттөмүн.

Кыргызстандын президентинин расмий сапары учурунда бюджеттин чыгаша бөлүгүн колдоо үчүн быйыл Евробиримдик 30 миллион евро бөлөрү чечилди. Ошондой эле Швейцария өкмөтү Кыргызстандагы беш долбоорду каржылоого 74 миллион швейцариялык франкты грант катары бөлдү. Мындан сырткары Евробиримдик быйылкы парламенттик шайлоону өткөрүүгө 10 миллион евро бөлөрү буга чейин маалымдалган. Евробиримдик 2020-жылга чейин Кыргызстанга 184 миллион евро гранттык жардам көрсөтүү чечимине келгени жарыяланган.

XS
SM
MD
LG