Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Энергетикалык көз карандысыздыкка кадам


Борбор Азиянын энергетикалык шакекчеси. Караганда менен Темиртау ортосундагы жогорку чыңалуудагы линия.Казакстан.
Борбор Азиянын энергетикалык шакекчеси. Караганда менен Темиртау ортосундагы жогорку чыңалуудагы линия.Казакстан.

Кыргызстан эмдиги жылдан тарта Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесине көз каранды болбой калат.

Өлкө “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын аяктаса, ГЭСтерден иштелип чыккан электр энергиясын өз аймагы аркылуу таратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмокчу. Бул долбоордун экинчи бөлүгүнүн өзөгүн түзгөн “Кемин” көмөк чордону курулуп бүтүп, ишке берилди. Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздай турган бул долбоор кытайлык TBEA компаниясы тарабынан ишке ашууда.

“Датка-Кеминди” туташтырган энерго жол

Кыргызстандын улуттук электр тармактар ишканасы 2015-жылдын август айына карата "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын курулушун бүтүрүүнү мерчемдөөдө. Учурда бул долбоордун экинчи этабынын негизги өзөгүн түзгөн “Кемин” көмөк чордону ишке берилди. Бул көмөк чордонго кеткен узуну 42 чакырымдык электр линиясы коюлуп, ал андагы турган 220 кВ электр кубаттуулугу менен текшерүүдөн өттү.

Ишке берилген “Кемин” көмөк чордонунун башчысы Оттук Калиев учурда объект жогорку чыңалуудагы электр энергиясын кабыл алууга даяр экенин билдирди:

- "Фрунзе - Кемин" деген магистралдык линияны ишке киргизип, "Кемин" көмөк чордонунун негизги системасы камсыздалды. Ал азыркы учурда жети ички линияны жөнгө салып турат. Трансформаторлордун кубаттуулугу 500 мВ ампер. Мына ушул жерден кийин Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарына электр энергиясын таратуу системасы жөнгө салына баштайт. Бул объект азыктандыруучу көмөк чордону катары чыңалууну жөнгө салып турмакчы.

Көз карандысыздыктын көөнө жолу кайда?

Улуттук электр тармактар компаниясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча учурда “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын куруу 70 пайызга аяктап калды. Тоо кыркалары жана дабандар аркылуу өткөн 405 чакырымдык жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын жарымына жакыны тартылып бүткөн. Жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын куруу үчүн 922 электр мамысы орнотулуп, аларга кетчү жолдор салынган. Бул долбоорду ишке ашырууга Кытайдан жалпысынан 389 миллион доллар өлчөмүндө насыя алынган.

Энергетик Райымбек Мамыров бул энерго долбоордун маанисине мындайча токтолду:

- Бул деген экинчи долбоор. Анын алкагына "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясы жана “Кемин” көмөк чордону камтылган. Мына ошол экинчи долбоордун жарымы бүтүп жатат. Ал мына ошол көмөк чордон жана анын айланасындагы линиянын курулушу. Эми мындан ары "Даткадан" Кеминге келген жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын туташтыруу керек. Мына ошондон кийин гана транзиттен көз каранды болбой калдык дегенди айтсак болот.

Кошумча кубаттуулукка муктаждык

Кытайдын ТВЕА компаниясы 500 кВ жогорку чыңалуудагы "Датка-Кемин" электр берүү линиясы менен бирге “Кемин” электр көмөк чордонун куруп бүтүрүүнү моюнуна алган. Бул долбоор толугу менен ишке кирсе, анда Кыргызстан Токтогул каскадынан иштелип чыккан электр энергиясын коңшулардын аймагына кирбей туруп, өзүнүн аймагы менен алып өтүп, таркатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бирок талдоочу Бийназар Бердикеев альтернативдүү энергия булагын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи:

- Учурда иштеп жаткан шакекче өчүрүлсө, экинчи жагынан күйгүзө турган өлкөнүн өздүк шакекчеси болгону албетте жакшы. Бул абдан керек нерсе. Бирок биздин өлкөгө энергия кубаттуулугу жетишпей жатпайбы. Суунун аздыгынан электр энергиясын иштеп чыгуу төмөндөдү. Мындан ары дагы төмөндөйт. Ошондуктан биз жалгыз эле Токтогул каскадын карап отура бербей жылуулук электр станцияларын курушубуз керек. Бизде болсо электр энергиясына болгон керектөө жылдан жылга өсүүдө.

Анткен менен "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясы аяктаса, Кыргызстан транзит үчүн жылына он миллион долларды коңшуларына төлөбөй калат. Ошол эле кезде алардын Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесинен чыгып кетип, Кыргызстанга кеткен линияны өчүрүп салуу коркунучунан кутулат дешет жергиликтүү адис-энергетиктер.

XS
SM
MD
LG