Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:40

Шайлоо: кызыктын баары алдыда


Шайлоого катышып жаткан айрым партиялардын талапкерлерин тартип коргоо органдары кылмыш иштеринин негизинде жоопко тартууну талап кылууда.

13-ноябрда Коомдук каналда Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан партиялар ортосундагы телетаймаш да башталды.

Кылмыштарбы же кызыкчылыктарбы?

Шейшемби күнү “Ата Журт” партиясынын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоого катышып жаткан партия мүчөлөрү куугунтукталып жатканын билдиришти. Буга “Ата Журт” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер Абдразак Кожоевдин 12-ноябрда борбор калаанын милициясы тарабынан төрт саат кармалганы негиз болуптур.

Абдразак Кожоевдин айтымында, тергөөчүлөр кармоонун себебин түшүндүрө алышкан эмес.

- Ал балдарды деле мен түшүнөм. Сөздөрүнөн байкаганыма караганда, бирөөнүн буйругун аткарышты.

Бишкек шаардык милициясынан “Азаттыкка” билдиришинче, Абдразак Кожоев 3-октябрдагы Ак үйгө кирүү аракети менен аяктаган митингдин катышуучусу катары кармалган. “Анын бул боюнча мурда сурак бергени жана шаардык кеңешке талапкер экени аныкталгандан кийин коё берилди” дейт Бишкек шаардык милициясынын басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаева:

- Ал мандатын көрсөтүп, талапкер катары шайлоого катышып жатканы жана буга чейин күбө катары суракка тартылганы аныкталгандан соң кайра коё берилди.

Ал эми 12-ноябрда “Республика” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер Балбак Түлөбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү Бишкек шаардык прокуратурасы Борбордук шайлоо комиссиясынан өтүндү. Ага макулдук берилиши, куугунтук катары саналып калышы мүмкүн деп эсептеген шайлоо комиссиянын мүчөлөрү бул талаштуу маселени кароону кийинкиге калтырды. Түлебаевге президенттин иш башкармалыгында орун басар болуп иштеп турганда мыйзам бузууга барган деп айып коюлууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанова:

- Прокуратура тергөө ишине тартууга уруксат бергиле деп сурады. Бирок эмне үчүн азыр сурап жаткан себептерин жакшы негиздеп бере алган жок. Ошондуктан аны кароону кийинки отурумга калтырдык.

Мыйзамдарга ылайык, шайлоого катышып жаткан адам талапкер болуп катталган күндөн тартып, кол тийбестик укугуна ээ болот. Аны кармоого, кылмыш жоокерчилигине тартууга мыйзам тыюу салат.

Административдик күчтүн күчү

Шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып келаткан “Таза шайлоо” коомдук уюмунун жетечиси Айнура Усупбекова административдик күчтү колдонуунун белгилери бул жолку шайлоодо салыштырмалуу аз экенине токтолду.

- Административдик күч мурдагы шайлоолордой пайдаланылган жок. Бирок шайлоого азыр бийликте турган көп эле партиялар катышып жатат. Мисалы, бул жерде бир эле КСДП эмес, коалицияга кирген башка да партиялар катышууда. Андыктан эгер мүмкүнчүлүк жаралып калса, административдик күчтү пайдаланып калалы деген аракеттер да жок эмес.

13-ноябрдан тарта Коомдук биринчи каналда Бишкек шаардык кеңешине катышып жаткан партиялар ортосунда телетаймаш башталды. Каналдын башкы директору Кубат Оторбаев:

- Телетаймашка биринчи үч партия: “Ак шумкар”, “Эгемен Кыргызстан” жана “Столица” чыгууда. Таймаш 1,5 саатка созулат. Ар бир партиянын өкүлүнө сүйлөөгө жана жооп берүүгө 20 мүнөттөн убакыт берилет. Көрсөтүү кыргыз жана орус тилдеринде болот. Менимче, бул таймаш шаардыктардын Бишкекти башкарам дегендер кимдер экенин таанып-билүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.

Бишкек шаардык кеңешине 23 партия ат салышууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 25-ноябрда өтө турган шайлоого көз салуу үчүн ушул тапта Казакстандан, Грузиядан, ошондой эле АКШдан келген эл аралык байкоочулар каттоодон өттү. Мындан тышкары ондогон шаарларда жана айылдарда да жергиликтүү кеңештерге шайлоо болмокчу.

XS
SM
MD
LG