Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

Добуш сатып алууга шектүүлөр кармалды


Нарындын Ак-Талаа районунун шайлоочулары добуш берүүдө, 27-март, 2016
Нарындын Ак-Талаа районунун шайлоочулары добуш берүүдө, 27-март, 2016

27-мартта 6 шаардык жана 21 айылдык кеңешке шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиянын эсебинде 24 партия ат салышып, жалпысынан добуш берүүчүлөрдүн 56% катышты. Ошто добуш сатып алууга шектелген адамдар кармалды.

Борбордук шайлоо комиссиясы шаардык кеңештерге шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык алты шаарда мандат алчу партиялар анык болду.

Алдыга озгон партиялар

Шайлоочулар Токмок шаарында эң активдүү болуп, добуш берүүчүлөрдүн 61,5% келди. Андан кийинки орунда Ош шаары турат, 60,5% шайлоочу катышты. Кеминде 56,6%, Майлуу-Сууда 54%, ал эми Балыкчыда 52% болду. Эң аз көрсөткүч Каракол шаарында катталып, 43% гана добуш берүүчү келди.

Байкоочулар Ошто шайлоочулардын тизмесин алып, акча берген учурлар болгонун айтышууда. Сүрөттө шайлоочулардын тизмесин көтөргөн адам. Ош шаары,
Байкоочулар Ошто шайлоочулардын тизмесин алып, акча берген учурлар болгонун айтышууда. Сүрөттө шайлоочулардын тизмесин көтөргөн адам. Ош шаары,

Алдын ала эсеп боюнча Ош шаардык кеңеш алты партиядан куралмакчы. Биринчи орунду Социал-демократтар ээледи. Бул партияга шайлоочулардын 30,6% добуш берди. Экинчи орунда “Кыргызстан” партиясы 15,7%, үчүнчү орунда “Мекеним Кыргызстан” 11,8%, “Республика Ата-Журт” 9,7% , “Бир бол” 8,5%, “Өнүгүү-Прогресс” 8% алды.

Каракол шаардык кеңеши дагы беш партиядан түзүлмөй болду. Биринчи орунду 28,5% менен “Табылга” партиясы алды. Экинчи орунда КСДП партиясы 14% менен келди. Андан кийин "Кыргызстан" партиясы 10,2%, “Республика Ата-Журт” 9%, “Өнүгүү-Прогресс” 8,3% алды.

Балыкчы шаарында да беш партия утту. “Замандаш” партиясы 20,8% добуш менен озуп чыкты. Андан кийин “Кыргызстан” 13,4%, “Республика Ата-Журт” 11,2%, Социал-демократтар 11,1%, “Өнүгүү-Прогресс” 9,5% добуш топтоду.

Чүй облусундагы Кемин шаарында Социал-демократтар партиясы 36% добуш менен биринчи болду. Андан кийин “Республика Ата-Журтка” 17,4%, “Замандашка” 10,1%, “Өнүгүү-Прогресске” 8,5% жана “Улуу Кыргызстанга” 8,4% добуш тийди. Кемин шаардык кеңеши дагы беш партиядан түзүлмөй болду.

Токмок шаарында да биринчиликти Социал-демократтар 37% добуш менен алды. Экинчи орунда “Кыргызстан” партиясы 20% менен ээледи. “АК“ акыйкат жана өнүгүү партиясы 12%, “Республика Ата-Журт” 10,4% алды.

Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу шаарында биринчиликти “Республика Ата-Журт” партиясы 40,1% менен алды. Андан кийин КСДП 37,98%, “Өнүгүү-Прогресс" дээрлик 10%, “Ата Мекен” 8% жакын алды.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү жалпысынан тынч өткөнүн, анын жыйынтыгына таасир эте турган олуттуу мыйзам бузуу катталбаганын кабарлады. Боршайкомдун төрагасы Туйгyнаалы Абдраимов анткен менен добуш сатып алуу аракеттери болгонун, эгерде мындай ыплас ыкмаларды колдонуу аныкталса ошол партияларга чара көрүлөрүн эскертти:

- Тартип сактоо органдары, биздин аймактык комиссиялар фактыларды алып келсе, ошол фактылар такталса, ошол партияларды пайыздык чектен өткөнүнөн карабай мандат бөлүштүрүү укугунан ажыратабыз. Добуш сатып алуу мыйзамды одоно бузгандык болуп эсептелет.

"Ошто добуштар сатылды"

Ошто добуш сатып алууга шектелген 9 адам сурак берүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, кечээ кечке жуук добуш сатып алууга шектүү жарандар кармалган. Азырынча кармалгандардын бирине да кылмыш иши козголо элек. Сурак жана текшерүүлөрдө топтолгон материалдар прокуратурага жиберилмекчи. Сыдыков кошумчалагандай, ага укуктук бааны прокуратура жана шайлоо комиссиясы берет.

Ош шаарындагы 16-кесиптик лицейде жайгашкан шайлоо участоктун жанындагы "Береке" дүкөнүндө шайлоого катышып, алдыңкы орунду алган партиялардын бири шайлоочуларга акча таратып жатат делген видео тасма.
"Береке" дүкөнүндөгү "береке"...
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:06 0:00

Шайлоонун жүрүшүндө азыр жеңишке жетти делип жаткан партиялардын баары акча таратканы айтылууда. Бейрасмий маалыматтарга караганда, Ош шаардык кеңешинин шайлоосунда бир добуштун баасы 1500 сомго чыкканы кеңири кеп болууда.

“Таза шайлоо” ассоциациясы айрыкча Токмок менен Ош шаарында добуш сатып алуу аракети эң көп байкалганын айтып чыкты. Уюмдун жетекчиси Айнура Усупбекова Ош шаарында бир факт боюнча прокуратурага арыз берилгенин, Токмокто болсо байкоочулардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурлар катталганын “Азаттыкка” билдирди:

- Токмок шаары биздин байкоочуларга коркунучтуу болду. Чынында Токмоктон деле добуш сатып алуу фактылары тууралуу берсек болот эле, бирок биз байкоочулардын коопсуздугун сактайлы дедик. Эгер биз арыздардын баарын топтоп берсек, анда опурталдуу болуп калчудай. Ошто биз ушундай фактыны аныктап, прокуратурага арыздандык.

Он-Адыр айылындагы 5559-шайлоо тилкесинде КСДП партиясынан талапкер Шакир Зулимов өзү шайлоочуларды көзөмөлдөп турганы байкалды​.​

Ош: талапкердин шайлоодогу көзөмөлү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

​Ошол эле кезде социалдык тармактарда шайлоодо акча тараткан учурлар болгонун тастыктаган бир канча сүрөт жана видеолор жарыяланды. Маселен, Ош шаарындагы журналист Жылдыз Бекбаева Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына шайлоодо добуш сатып алуулар болгонун жазды. Ал "Азаттык" менен маегинде добуштарды сатып алуу шайлоонун жыйынтыгына таасир этти деген оюн билдирди:

- Добуш сатып алуу бул шайлоодо ачык эле, тартынбастан эле жүрүп жатты. Бул шайлоонун жыйынтыгына өтө чоң таасир этти. Үгүт маалында эч бир үгүт иштерин жүргүзбөгөн, маалымат каражаттары аркылуу чыкпаган, эл менен жолугушуу өткөрбөгөн, такыр карааны көрүнбөгөн партиялар экинчи, үчүнчү орундарга чыгышты. Ошол эле кезде кечээки шайлоодо аларды добуштарды эң кымбат баада сатып алган партиялар катары билип калдык.

Жылдыз Бекбаева баштаган бир катар активисттер Ош шаарында шайлоо күнү "Добушум сатылбайт!" деген акция жүргүзүшкөн болчу.

Добуш берип чыккандарга акча берип жатат делген интернетке чыккан видео. 27-март, Ош шаары.

Нарындагы "моралдык колдоо"

27-мартта бир мандаттуу округдан 21 айылдык кеңешке шайлоо өттү. Нарын облусунда жалпысынан тогуз айылдык кеңеш шайланды. “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясынын аймактагы өкүлү Адилет Эшенов шайлоочулар активдүү болгонун билдирди:

- Добуштарды сатып алуу боюнча фактылар катталган жок. Бирок добуш берүүчү жайлардын жанында топтошкон адамдар болду. Биздин байкоочулар барып сурашканда, кайсы бир талапкерге моралдык колдоо көрсөтүп келишкенин айтышты. Биздин байкашыбызча эл көп эле келди. Бирок тизмени тактоо учурунда айрым шайлоочулар кайдыгерлик менен мамиле жасагандыктан, өздөрүн таппай калгандар бир кыйла болду. Бирок шайлоочулардын активдүүлүгү парламенттик шайлоодогудай эле болду.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев бул шайлоодо да биометрикалык каттоодон улам добуш бере албай калгандар болгонун ырастады:

- Дагы деле болсо биометрикалык маалыматтарды тапшырбаган бир топ жаран бар экени аныкталды. Биз аларды дагы актуалдаштырып жатабыз. Добуш берүүчү жайга келип, тизмеден өзүн таппай, биометрикалык базадан чыкпай калгандар болду.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын бир жуманын ичинде жарыяламакчы.

XS
SM
MD
LG