Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

БШКнын оңду-солду кеткен эсепсиз чыгымы


Туйгунаалы Абдраимов БШКны 2011-жылдан тарта жетектейт.
Туйгунаалы Абдраимов БШКны 2011-жылдан тарта жетектейт.

18-майда жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңешке жана саясий партиялардын лидерлерине кайрылып, Борбордук шайлоо комиссиянын эсепсиз каржылык чыгымдары боюнча маселе көтөрдү.

Анын алдында БШКнын мүчөсү Ишенбей Кадырбеков соңку жылдары миллиондогон сом каражат негизсиз жумшалып жатканын айтып чыккан эле.

БШКнын тоодой чыгымдары

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков соңку эки жылда чет өлкөлүк сапарларга эле сегиз миллион сомдон ашык акча корогонун айтып чыкты. БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов көп учурда бизнес-класс менен учарын, кызматына тиешеси жок айрым сапарларда да болгонун билдирген Кадырбеков шайлоо комиссиясында иштебеген адамдардын чет өлкөгө чыккандагы чыгымдары төлөнүп берилген учурлар болгонун ачыкка чыгарды.

Ишенбай Кадырбеков 2013 жана 2014-жылдагы негизсиз чыгымдарды эсептеп, БШКнын төрагасына жана мүчөлөрүнө ушул жылдын башында кат жазган экен. Ага эмгиче жооп боло электигин билдирди:

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

- Президентке, Жогорку Кеңешке, Эсеп палатасына жана Башкы прокуратурага кайрылгам. Бул бюджеттин, салык төлөөчүлөрдүн акчасы да. Мен бул кайрылууну ушул жылдын 11-февралында БШКнын төрагасына жана бардык мүчөлөрүнө таратып бергем. Чыгымдардын негиздүү корогону боюнча документтер болсо көрсөт, болбосо мен тиешелүү жактарга кайрылам деп жазгам.

Ишенбай Кадырбековдун эсебине ылайык, чет өлкөлүк сапарларына, кымбат баалуу унаасына жана башкага кеткен чыгымдардын баарын кошкондо БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абраимовго ай сайын 200-250 миң сом, ал эми жылына 2,5-3 миллион сомдой акча коройт. Ал ошондой эле БШКга тиешелүү унааны башка адамдар айдап жүргөн, бөтөн эле адамдардын телефонунун акчасы төлөнүп берилген, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төш белгилерин жана күбөлүктөрүн даярдоо үчүн акча чогулткан жана ушул сыяктуу башка да фактыларды тизмектеди.

Кадырбековдун сандары чаташпы?

Туйгунаалы Абдраимов каржылык чыгымдар боюнча өзү комментарий бере элек. Ал эми БШКнын маалымат катчысы Кыял Бектурова Ишенбай Кадырбековдун дооматтарын негизсиз деп эсептейт. Анын айтымында, төрагага канча акча кеткени боюнча эсеп-кысап жок. Бирок соңку жылдары чет өлкөлүк тажрыйбаны үйрөнүү максатында башка мамлекеттерге көп катташкан чын:

Борбордук шайлоо комиссиясы. 17-октябрь, 2011-жыл.
Борбордук шайлоо комиссиясы. 17-октябрь, 2011-жыл.

- Эл аралык уюмдар менен шайлоого байланыштуу жаңы инновациялык технологияларды киргизүү боюнча кызматташуу башталды. Ушундан улам чет өлкөгө барып, шайлоо кандай жүрүп жатат, кандай технологиялар колдонулуп жатат деген маалыматты издеп, шайлоого керектүү жабдууларды ташыган компаниялар менен таанышыш үчүн чет өлкөгө сапарлар чындап эле көп болгон. Иш сапарлардын көбүн чакырган тарап каржылап берген. Ишенбай Кадырбековдун катындагы сандар туура эмес болуп жатат. Биз иш сапарларга канча кетти, Абдраимов канча миллион сомго учту деп, жалпылап санаган эмеспиз. Кээде бизнес класс менен учат, кээде мындай эле учат, эми бул жагдайга жараша болот.

БШКнын каржылык чыгымдары боюнча маселе тууралуу аталган комиссиянын Ишенбай Кадырбековдон башка мүчөлөрү азырынча үн ката элек. БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаров бул фактыларга маани бербегенин тастыктады:

- Көп көңүл деле бурган эмеспиз. Кайсынысы негиздүү, кайсынысы негизсиз деп, талдап караган эмесмин. Ошон үчүн так эч нерсе айта албайм.

БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев болсо БШКнын мүчөлөрүнүн кайдыгер мамилесин сынга алды:

Акылбек Сариев
Акылбек Сариев

- БШКнын бир мүчөсү ушундай маселе койгондон кийин башка мүчөлөрү четте турбашы керек. Булар же төраганы коргошу керек, же ошол мүчөсүн колдоп чыгышы керек. Бул жамааттык орган болгондон кийин алар менин тиешем жок деп четте турбаны болбойт. Ушунчалык деңгээлге чыгып кеткенден кийин жалпы отурумда карап, алардын баары өз оюн айтышы керек.

Эсеп палатасынын маалымат катчысы Азамат Курамаев БШКда соңку аудит 2013-жылы жүргүзүлгөнүн билдирди. Бирок анын жыйынтыгын ачыкка чыгарган жок. Ал эми Ишенбай Кадырбеков жарыялаган маалыматтар качан текшерилери азырынча белгисиз экенин кошумчалады:

- Ишенбай Кадырбеков бул фактылар боюнча бизге кайрылган. Эсеп палатасынын төрайымы биздин пландык аудитке киргизгиле деп айткан. Пландык аудит болсо азырынча баштала элек.

Жарандык коом да отчет талап кылууда

Ал ортодо “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” жана “Таза шайлоо” бирикмеси да БШКдан каржылык чыгымдары боюнча расмий түшүндүрмө талап кылууда. Ошондой эле бул маалыматтарды териштирүү боюнча Жогороку Кеңешке жана саясий партиялардын лидерлерине кайрылуу жолдошту. “Таза шайлоо" уюмунун жетекчиси Айнура Усупбаеванын пикиринде, шайлоо өткөрө турган башкы органдын иши ачык болушу керек:

- БШКга эми гана ишеним пайда боло баштады. Алдыдагы шайлоонун алдында каржылык же уюштуруу иштерине байланышкан маселелердин баары чечилиши керек. Болбосо жагдай татаал болуп калат.

Туйгунаалы Абдраимов БШКны 2011-жылдан бери жетектеп келатат.

XS
SM
MD
LG