Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

“Манаска” "Роснефттен" башка инвестор изделүүдө


"Манас" эл аралык аэропорту.
"Манас" эл аралык аэропорту.

Орусиянын “Роснефть” компаниясы “Манас” аба майданына инвестиция салуудан баш тарткан соң кыргыз тарап башка инвестор издөөгө киришти.

"Манаска" кызыгып жаткан онго жакын компаниянын ичинен “Роснефтке” басым жасап жаткан кыргыз бийлиги эми кандай кадамдарга барат?


"Роснефть" эмнеге айныды?


"Роснефть" Кыргызстандын башкы аба дарбазасына инвестиция салуудан баш тартканын президент Алмазбек Атамбаев өткөн бейшембиде Талас облусундагы иш сапарында эл менен жолугушуп жатып айтты:

- Мага кечээ кечинде «Манас» аэропортунун президенти келди. Ал мени Сечин Москвага чакырды да «биз баргыча эле минтип чуулдап атса кыргыздар бизди иштетпейт. 51 пайыздын да, 50 пайыздын дара кереги жок. Өзүңөр башка бирөөнү таап алгыла» деп айтты деди.

Президент Атамбаевдин Таластагы сөзү, 17-апрель
"Орусия "Манастан" баш тартууда"
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:44 0:00


Ага чейин кыргыз бийлиги эл аралык “Манас” аба майданына инвестор издеп жатканын, аба майданга инвестиция салууга 8 компания кызыкдар болгонун билдирген. Алардын бири орусиялык “Роснефть” ишканасы Манастын 51% акциясын сураган.

Президент Атамбаев да жергиликтүү телеканалдардын бириндеги маегинде аэропортту “Роснефтке” сатуу ылайыктуу экенин билдирип, “Манасты” сатууга каршы чыккандар анын келечегине балта чапкандар деген оюн айткан. Эми орусиялык компаниянын айнып кетиши президентти кейишке салгандай:

- Ошол эле “Манаска” “Роснефтти” суранганбыз. 51, 50 же 49% болобу эптеп келип бер деп. Анткени “Роснефть” келгенде “Манаста” керосин азыркыдай арзан болмок. Кийин да арзан болмок. Ошондо Алматы, Ташкент менен учкан самолеттор Бишкекке конуп, Бишкектен учуп калмак. “Манас” аэропортунун келечеги болмок. Макул, “Роснефть” келбейм деди, Сечин туура кылды. Сыйлабагандарга барбайм деди.

Кооптонгон жарандык коом

“Манас” аэропортунун аткаруучу директору Илим Карыпбеков өлкө башчысынын айткандарын ырастады. Ошондой эле аэропорт жетекчилиги мурда арыз берген компаниялардан тышкары да инвестор издөөсүн кайрадан уланта берерин билдирди:

- Биз кандай гана сунуш болбосун, 51 эмес 100% деген сунуш түшсө да карап, иштеп чыгып туруп өкмөткө беребиз. Булар мындай же тигиндей шартта сурап атат деп. Бир дагы инвестициялык пакетти четке какпайбыз. Анан аны өкмөт, Жогорку Кеңеш карап, өздөрү чечиши керек.

“Манас” аэропорту инвестор издеп, “Роснефтке” токтоло баштаганда жарандык коомдун өкүлдөрү, оппозиция аэропорт акцияларын сатууга каршы чыгышкан. Алардын бири “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова акциялар чет элдик инвесторлорго дегеле сатылбасын деп келатат:

- “Роснефть” баш тартты деген мени канааттандырбайт. Кыргызстан акцияларды сатуудан баш тартты десе түшүнмөкмүн. Азыр 21% жеке менчик колдо болуп атпайбы. Ал эми 79% мамлекетте. 30% саткан күндө да мамлекет колунда 49% эле калып атат. Ошондуктан бул канча сатса ошончо коркунучтуу.

Экономика илимдеринин кандидаты Эрлан Камалов аэропортко сырттан инвестиция тартууну колдойт. Бирок анын стратегиялык объект экенин эске алып, акцияны бөлүштүрүүдө мамлекет сак болуусу керектигин айтат:

- Ушул турушунда деле аэропорт өзүн-өзү толук каржылай алат. Бирок бир жерде турбашыбыз керек. Аэропорт өсүшү керек. Ачык асман саясатын жүргүзүү менен аэропортубуз чынында эл аралык статусуна жооп бере турган борборго айланышы абзел. Ал үчүн инвестор керек. Бирок пайыздык маселесине келгенде Кыргызстанда баары бир көзөмөл пакет калышы зарыл.

Ошентип азырынча “Манас” аба майданына кандай инвестор келет, ал акциянын канча пайызын сурайт деген маселе ачык турат.
"Манасты" сатууга каршы митинг, Бишкек, 20-март, 2014
"Манасты" Орусияга берүүгө каршы митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

XS
SM
MD
LG