Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:56

Кумтөр келишиминин келечеги бүдөмүк


Кумтөрдүн алтыны, 28-июнь, 2011
Кумтөрдүн алтыны, 28-июнь, 2011

Кумтөр боюнча Жогорку Кеңешке жолдонгон меморандумду өкмөт кайра чакыртып алды.

Маалыматтарга караганда, меморандумдун айрым жоболоруна президент Алмазбек Атамбаев каршы болгондуктан өкмөт мына ушундай кадамга барды.

Миң тонна алтындын тагдыры чечилүүдө

Кумтөр боюнча келишим парламенттен чакыртылып алынганын өкмөт расмий түрдө тастыктай элек. Бирок аны расмий түрдө төгүнгө да чыгарган жок. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев меморандумдун айланасында түзүлгөн кырдаалга түшүндүрмө берүү максатында журналисттер менен жолугушууну белгилеп, бирок аны улам кийинки мөөнөткө жылдырууда.

Президенттин маалымат кызматы болсо, бул маселе боюнча өкмөт маалымат берерин билдирүүдө.
Кумтөрдүн алтыны.
Кумтөрдүн алтыны.

Келишимдин чакыртылып алынганын тастыктаган маалымат парламент тараптан келди. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул маселе боюнча буларды билдирди:

- Жума күнү “Ата Мекен” фракциясы күн тартибине Кумтөр маселесин киргизип, Жогорку Кеңештин токтомун өкмөттүн аткарышын, жаңы түзгөн келишимин карайлы деген планыбыз бар эле. Бирок өкмөттүн өкүлдөрү чыгып, ал келишимди өзгөртүү жана кошумчаларды киргизүү зарылдыгы келип чыкты деп айтты.

Өмүрбек Текебаевдин маалыматы боюнча, келишимге өзгөртүү киргизүүнү президент талап кылган:

- Өкмөткө президент тараптан келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына толук жооп бербейт деген эскертүү келип түшкөн экен. Ошонун негизинде өкмөт келишимди кайра чакырып алып, анан Жогорку Кеңешке киргизели деген ниети бар экен. Президент да үлүштөрдү 50 пайыздан бөлүштүрүүгө каршы эмес. Башка деталдарын өзгөрткөнү жатышат.

Текебаевдин маалыматы боюнча, президент тарапты Кумтөр боюнча келишимдеги экологиялык доодон баш тартуу сыяктуу жоболор канааттандырбай жатат.

Ал эми “Ата Мекен” фракциясы Кумтөрдө 67% үлүштү алуу талабынан кайра тартпайт. Ошондуктан 50-50 принцибине каршы боло берет. Анткени Кумтөрдө азыркы кезде миң тонна алтындын тагдыры чечилип жатат. 2003-жылы 180 тонна алтындын тагдыры чечилген. “Мына ошондо да “Центерра” Кыргызстанды Түркияда, Монголияда, АКШда алтыныбыз бар деп алдап кеткен”,- дейт Өмүрбек Текебаев.

Өкмөт эмне дейт?

Кумтөр боюнча келишимдин долбоору өткөн жылдын соңунда Жогорку Кеңешке өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев тарабынан сунушталган. Анда Жантөрө Сатыбалдиев парламент талап кылгандай Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшүн 67% жеткирүү мүмкүн болбогонун, бирок финансылык кирешелердин 75% Кыргызстанга каларын билдирген эле:

- Биргелешкен ишканада биздин үлүшүбүз 50% болгону менен Кыргызстан Кумтөр долбоорунан келип түшө турган каражаттардын 75 пайыздан көбүрөөгүнө ээлик кылат. Буга салыктар, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу, жер салыгы, болочоктогу пайданы 50 пайыздан бөлүү менен келебиз.
Кумтөр алтын ишканасында, 14-март, 2013.
Кумтөр алтын ишканасында, 14-март, 2013.

Бул келишимди парламентте Жантөрө Сатыбалдиев, экономика министри Темир Сариев колдоп чыккан. Ал эми укук министри Алмамбет Шыкмаматов жана социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаев каршы чыккан. Жогорку Кеңеш болсо келишим жөнүндө маалыматты угуп, фракцияларда, комитеттерде талкуулоону чечкен. Жаңы жылдык эс алууларга байланыштуу парламент эми гана жыйынга чогулууда.

Жаңы келишимде, ал күчүнө киргенден кийин Кыргызстан экологиялык дооматтардан баш тартаары жазылган. Кумтөр боюнча өкмөттүк комиссия болсо экологиялык зыяндын өлчөмү 5 млрд. доллар деп баалаган эле.

Өкмөттүн маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун билдирүүсүнө караганда, бүгүнкү күнү өкмөт башчы Кумтөр боюнча сүйлөшүүдө кыргыз өкмөтүнө кеңешчи болгон компаниялардын өкүлдөрү менен кеңешүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок анын деталдары айтылбайт. Ал боюнча өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жакынкы мезгилде түшүндүрмө берүүнү көздөп жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG