Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Парламент Кумтөр келишимин кароодо


Кумтөр алтын ишканасындагы жумушчу,14-март, 2013.
Кумтөр алтын ишканасындагы жумушчу,14-март, 2013.

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын кароодо.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр боюнча макулдашуусун Жогорку Кеңештеги фракциялар жана тармактык комитеттер карап бүткөн соң жалпы жыйынга коюлат. Дүйшөмбүдө маселе үч комитетте каралды. Бул арада Ысык-Көл облусунун Саруу айылынын тургундары Кумтөр боюнча жаңы шарттарга макул эместигин билдирип чыгышты.

Жаңы келишимден кандай пайда?

Өткөн жуманын башында өкмөт менен “Центерра Голд” компаниясы "Кумтөр" ишканасын биргелешип иштетүү боюнча түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан. Ага ылайык, тараптар биргелешкен ишкана түзүп, анда ар бири 50 пайыздан теңме-тең үлүшкө ээ болуу сунушталган.

Аталган меморандумду ишемби күнү парламентте Социал-демократтар фракциясы, бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча, Эл аралык иштер боюнча жана Бюджет, финансы боюнча комитеттери карады.

Парламент депутаты Максат Сабиров бириккен ишкананын 50 пайыздык үлүштөрү кандай критерийдин негизинде чегерилгени депутаттарга кызык болгонун, бул боюнча өкмөткө түшүндүрмө берүү тапшырылганын билдирди:

- Биз палатадан талкуулайлы деп чечтик. Мынча, тигинче пайыз деп жатабыз, бул негизи кандай критерий менен 50х50гө келди. Мен бүгүн “бул алтынданбы же акцияданбы, техника, имарат жабдыктардын баары калабы?” деп сурасам, “акциядан” деп жооп беришти. Эгер акциядан болсо, анда биз "Центеррадан" 32 пайыз алып жатсак, анда "Центеррадан" чыкканыбыздын эмне кереги бар? Мурда 32 пайыз болсо, азыр Бороо жана башкаларын алып калганда кайра эле ошол 50 пайыздык акча болуп калабы? Ушунун баарын айттык. Анан жанагы 100 миллион доллар карызды алсак, аны кайсы пайыз менен кайра беришибиз керек? Ушуларды түшүндүрүп бергиле дедик.

Буга чейинки ишемби күнкү Социал-демократтар фракциясынын талкуусунда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев «Центерра Голд инк.» компаниясы менен сүйлөшүүлөр өтө оор болгонун, башында бир да тарап коюлган талаптарга макул болбой жатып, акыры биргелешкен ишкана түзүү чечимине келгендиктерин билдирген. Эми директорлор кеңешине Канада жана кыргыз тараптан 50х50 шартында өкүлдөр катышат. Директорлор кеңешин кыргыз тараптын өкүлү жетектейт.

- 50х50 пайыз боюнча сындагандар чыгат. Бирок 67 пайыз болбойт, муну мен так айта алам. Себеби, 2003-жылы биз 17,33 пайызды сатканбыз, 86 миллион сомду алганбыз. 67ден 17,33 пайызды алсак, бул 49,67 пайыз гана биздин үлүшүбүз Кумтөрдө болчу. Биз бүгүн "Центерранын" курамында турганы үчүн активдерибиз 44, 7 пайыздан ашкан жок. Калган 50 пайызды экономисттер айтып жатпайбы, - бул коммерциялык келишим болду деп. А мен болсо уялбай эле айтам, Кумтөрдү сактап калыш үчүн саясий-коммерциялык келишим болду. Эгер Кумтөр токтоп калса, андан биз дагы, "Центерра" дагы утмак эмес,- деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Саруулуктар жаңы шарттарга макул эмес

Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы бүгүн Ысык-Көл облусунун Саруу айылында дагы талкууланды. Аталган айылдын тургуну Улан Чубутов “Азаттыкка” чогулгандар 50 пайыздык үлүшкө караманча каршы болуп жатканын билдирди:

- Эл элүү пайыздык үлүшкө макул эмеспиз деп жатат. Эми 33 пайыздын үстүнө 17 эле пайызды коюп койду. Эл үлүш продукциядан болсо жакшы болмок деп жатат. Акциядан 50 пайыз үлүш болуп жатпайбы, эл болсо продукциядан болсун деп жатат.

Буга чейин маалымат каражаттарында Саруу айылынын Аман Шабиев атуу тургуну айылдыктар Кумтөр боюнча жаңы шарттарга макул болбой, келишимди денонсациялоону талап кыларын билдирип, жакында алар мындай талап менен чоң жыйын өткөрөөрүн билдирген болчу.

Ал эми Барскоон айылынын тургуну, жаштардын “Бапа” коомунун мүчөсү Алтынбек Элебесов Саруу айылынан башка Жети-Өгүз районунун тургундары Кумтөр боюнча 50 пайыздан теңме-тең үлүшкө ээ болуу шартын жактырып жатканын, ага карата эч кандай нааразылык жок экенин “Азаттыкка” айтып берди:

- Биздин жаштар, эл өкмөттүн чыгарган жыйынтыгын туура эле кабыл алып жатат. Жантөрө Сатыбалдиев директорлор кеңешине кыргыздардан кошулат деп жатпайбы. Ошону эл туура эле көрүп жатат. А негизи башында жалпы Жети-Өгүз району эгер Кыргызстандын үлүшү 50 пайыздан азыраак болуп калса, анда ар кандай кадамдарга барабыз деп сүйлөшкөнбүз. Азырынча Барскоондо тынч эле.

Ошентип Кумтөр боюнча өкмөт жетишкен жаңы шарттарды бир фракция жана үч комитет карады. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, аталган документтер адегенде Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери менен фракцияларында талкууланып бүткөн соң парламент жыйынында каралат. Бүгүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жакын арада өкмөттүн “Центерра Голд инк.” компаниясы менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча коомдук угуу уюштуруу тапшырмасын берди.

Жогорку Кеңеш "Кумтөр" ишканасы боюнча келишимди өркүндөтүү боюнча “Центерра Голд” менен сүйлөшүүлөрдү баштоону өкмөткө 21-февралда тапшырган. Бул сүйлөшүүлөргө алгач июнга чейин убакыт берилип, андан соң ал мөөнөт 10-сентябрга чейин узартылган болчу.

Кыргызстан менен канадалыктар 1993-жылы Кумтөр боюнча биринчи келишимге жетишкенде Директорлор кеңешинде Кыргызстандын өкүлдөрү төрагалык кылып, "Кумтөр оперейтинг компани" канадалыктардын колунда калган.

Кумтөр алтын кени боюнча 2003-жылкы келишимде болсо Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан 33 пайызга түшүрүлгөн. Бул келишим боюнча 2005-жылы кылмыш иши козголуп, бирок эч ким жоопко тартылбай калган.

Быйыл парламенттин жазгы сессиядагы тапшырмасынан кийин Башкы прокуратура 2003-жылкы Кумтөргө байланыштуу келишим боюнча кылмыш ишин кайра козгогон. Анын негизинде келишимге тиешеси бар бир нече мурунку мамлекеттик кызматкерлер кармалып жатканы кабарланган.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG