Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Жогорку Кеңеш “Кыргызгазды” сатууну колдоду


27-ноябрда Жогорку Кеңеш “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпром” компаниясына 1 долларга сатуу боюнча келишимди биринчи окууда ратификациялады.

Өкмөт бул келишим күчүнө кириши менен Кыргызстанда газ арзандап, үзгүлтүксүз бериле баштаарын билдирүүдө.

Келишимге кескин каршы чыккандар аз болду

“Кыргызгазды” “Газпромго” сатуу боюнча келишимге Кыргызстан менен Орусиянын өкмөтү быйыл 26-июлда Москвада жетишкен. Бул келишимге ылайык, “Кыргызгаз” толук мүлкү, активдери жана карыздары менен “Газпромго” бир долларга өткөрүлүп берилет. "Кыргызгаздын" карыздары болсо 50 млн. долларга жакын экени маалымдалды.

Келишимди ратификациялоону 27-ноябрда парламент карады. Буга чейин фракция жана комитеттердеги талкууларда келишим боюнча карама-каршы пикирлер айтылган. Маселен, оппозициялык “Ата-Журт” жана “Республика” фракциялары келишимге каршы чыгышса, КСДП жана “Ар-намыс” колдоого алган. Ал эми “Ата Мекен” фракциясы бир жактуу чечим кабыл алган эмес.

Келишимге каршы чыккан “Ата-Журт” фракциясынын лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков бир долларга “Кыргызгазды” ага сатууну сунуштап чыккан.

27-ноябрдагы парламенттеги талкууда келишимге кескин каршы чыккан депутаттар аз болду. Алардын бири депутат Равшан Жээнбеков болду:

- Инфраструктура чын эле 40 млн. доллар элеби? Мүмкүн 200-300 млн. доллар инфраструктурабыз бар. Биз болгон дапдаяр бизнести, түтүктөрдү, үймө-үй жеткире турган инфраструктураны башка өлкөгө 1 долларга өткөрүп берип отурабыз. Бул бизге окшогон бийлик үчүн, өкмөт үчүн шерменделик. Стратегиялык багытта бизди силер, бүгүнкү күндөгү өкмөт башка өлкөгө кул кылып өткөрүп берип жатасыңар.

Равшан Жээнбеков бул чечим үчүн азыркы бийлик келечекте жооп берип каларын да эскертти.

Келишимдеги кемчиликтерге депутаттар Исмаил Исаков, Бөдөш Мамырова, Өмүрбек Абдырахманов, Улукбек Кочкоров да тынчсызданууларын билдирди. Алар 25 жылдан кийин “Кыргызгазды” Кыргызстан кайрадан кандай шартта кайтарып алат, Кыргызстандын газ кендеринин тагдыры кандай болот, Орусия газды саясий максатта пайдаланбайбы деген суроолорго жооп издешти.

"Душманды башка жактан издейли"

Бирок стратегиялык өнөктөш деп аталган Орусия менен жетишилген келишимди колдогондор арбын болду. Алардын бири “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Эркин Алымбеков өз пикирин мындайча коргоду:

- Бизди басып алам деген душмандарды башка жактан издейли. 70 жылда басып албаган Орусия Федерациясы менен стратегиялык кызматташтык, экономикалык, адамдык, тарыхый, маданий байланыштардын баары турат. Эгерде ушул багытты кармайбыз десек, 20 млрд. рубль же 700 млн. доллардын тегерегинде инвестиция келип жаткандан кийин, өзүбүздүн газыбыз жок болгондуктан кийин, азыр деле Өзбекстандан көз каранды болуп жүрөбүз. Ошондуктан “Газпромдон” душман издебей эле, келишимге колдоо көрсөтүп беришибиз керек.

Келишимди депутаттар Нарынбек Молдобаев, Азамат Арапбаев жана башкалар да колдоп чыкты.

“Кыргызгазды” “Газпромго” бир долларга сатуу боюнча келишимдин негизги шарттарына келе турган болсок, “Газпром” “Кыргызгазды” сатып алгандан кийин 20 млрд. рубль инвестиция салат. Газга бааны Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык коёт жана газ менен калкты үзгүлтүксүз камсыздоону мойнуна алат.

Өкмөт тарабынан парламентте келишимди энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев, “Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаев коргошту.

Жогорку Кеңеш келишимди биринчи окууда 65 добуш менен колдоп берди.
Депутат Азамат Арапбаевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, келишим экинчи жана үчүнчү окууга жакынкы күндөрү коюлат.

Бул келишим Орусия Думасы тарабынан ратификациялана элек. Ошондуктан келерки жылга Кыргызстанды газ менен камсыздоо милдетин ким мойнуна алат деген суроого так жооп бериле элек. Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев келерки жылы газ менен калкты камсыздоо маселесинин үстүнөн иш жүрүп жатканын билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG