Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Өкмөт баяндамасы: ишеним жаратпаган "ийгилик"


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентте, 2-апрель, 2014.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентте, 2-апрель, 2014.

Өкмөт парламенттеги баяндамасында былтыркы жыл ийгиликтин жылы болуп, экономикалык өсүш 10,5 пайызды түзгөнүн, бул КМШдагы алдыңкы көрсөткүч экенин билдирди.

21-майда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Жогорку Кеңеште 2013-жылдагы өкмөттүн ишмердиги боюнча отчет берип, былтыркы жыл мамлекет үчүн жемиштүү болгонун айтты. Бирок депутаттардын көбү өкмөт башчы айткан ийгиликтерге анча ишенген жок. Эл өкүлдөрүн өткөн жылдын гана эмес, быйылкы жылдагы өкмөттүн ишмердиги да кызыктырды.


2013 - ийгиликтин жылы болдубу?



Жогорку Кеңеште 2013-жылдагы өкмөттүн ишмердиги боюнча баяндама жасаган премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, былтыр Кыргызстандагы ири энергетикалык жана инфрастуруктуралык долбоорлорго жалпы суммасы 5 млрд. доллар инвестиция тартылган. Булар Жогорку Нарын ГЭСтерин, түндүк-түштүк альтернативалык жолун курууга, Датка-Кемин электр зымын тартууга жана башка максаттарга алынган каражаттар.

Жоомарт Оторбаев ИДП 350 млрд. cомду түзүп, экономика 10,5 пайызга өскөнүн кошумчалады. Ал бул өсүү КМШ мамлекеттериндеги эң алдыңкы көрсөткүч экенин айтып өттү. Өсүштөр экономиканын өндүрүш, кызмат көрсөтүү, айыл-чарба жана курулуш тармактарында байкалган:

- 2013-жыл экономикалык жактан жемиштүү болуп, өсүш 10,5 пайызды түздү. Ошол эле кезде инфиляция 4 пайыз гана болду.


Мындан тышкары, социалдык төлөмдөр толук аткарылып, капиталдык курулуштар үчүн өкмөт чоң суммадагы каражаттарды бөлгөн. Дыйкандарга 3 млрд сом арзан насыя берилген.


Сандардын “чатагы”



Бирок Жогорку Кеңештин айрым депутаттары экономикалык көрсөткүчтөр элдин чыныгы турмушу менен дал келбейт деп санашат.

Маселен депутат Бакыт Төрөбаев өкмөт башчыга кайрылып, сандарга ишенбей турганын айтты:

- Отчетко мен начар деген баа берем. Экономикада 10,5 % өсүш болду деп жатасыздар, ушуга ишенесизби? Мен бул туура эмес сандар деп ойлойм. Мен ага ишенбейм.


Жоомарт Оторбаевдин айтышынча, бул Улуттук статистика комитетинин алынган так маалыматтар. Аны өзгөртүп коюуга эч ким кызыктар эмес.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги баяндамасы учурунда депутаттарды быйылкы жылдагы социалдык-экономикалык абалга байланыштуу суроолор да кызыктырды.

"Республика" фракцясынын депутаты Урмат Аманбаева биринчи кварталда эмне үчүн салыктар чогултулбай калганына көңүл бурду:

- 2013-жылы экономика өстү деп жатасыз. Эгер өскөн болсо, 2014-жылга да анын таасири тиймек. Бирок эмнегедир биринчи кварталда 1,5 млрд. сомдон ашык салык чогултулбай калды. Эмне үчүн мындай болду?


Өкмөт башчы быйылкы жылдын төрт айдын ичинде 2 млрд. сом салык чогултулбай калганын моюнга алды:

- Тилекке каршы, 4 айдын ичинде бюджеттин киреше бөлүгүндө 2 млрд. сом дефицит болуп жатат. Бул боюнча Бажы жана Салык кызматтарынын жетекчилерине тапшырма бергенбиз. Аларга жарым кварталда ошол дефицитти нөлгө чыгаргыла деп айтылган. Бирок биз өзүбүздүн социалдык жоопкерчилигибизди аткарып, төлөмдөрдү толук төлөп жатабыз.



Ошко газ качан берилээри дале арсар


Ошондой эле депутаттар Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгын айтып, эгер тиешелүү суу топтолбой, электр энергияда тартыштык болсо кыштан кантип чыгабыз жана Ош аймагына газ качан берилет деген суроолорду козгоду.

Оторбаевдин маалымдашынча, быйыл Кыргызстан суу аз келген, кургакчыл мезгилге туш келди. Ошондон улам Тажикстандан кышында электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлүүдө.

Газ боюнча премьер-министр буга чейин айткандарын гана кайталап тим болду:

- “Кыргызгаздын” деңгээлинде, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, өкмөт башчынын деңгээлинде биз Өзбекстанга канча ирет кат жазып, телефон чалганбыз. Тилекке каршы, азырынча бир да жолу жооп болгон жок. Москвадагы сапарымда “Газпромдун” башкы директору менен да сүйлөштүм.


Ал эми биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев болсо Жогорку Кеңеште газ үзгүлтүгү үчүн Оштун тургундарынан кечирим сураганын айтты. Бирок өкмөт айтылган сын-пикирлерге карабастан, 2014-жылдагы экономикалык өсүш былтыркыдай 10 пайыз болбосо да, 5 пайызды түзөт деген ишенимде.

Өкмөттүн 2013-жылдагы ишмердиги боюнча баяндаманы бир күн бою талкуулаганына карабай, Жогорку Кеңеш ал боюнча суроо-жоопторду эртең, 22-майда да улантмай болду.

XS
SM
MD
LG