Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Дыйканбаев: Бир-эки министр кеткенден өзгөрүү болбойт


Курманбек Дыйканбаев.
Курманбек Дыйканбаев.

Кечээ өкмөт курамында өзгөрүүлөр болуп, айрым министрлер кызматынан бошотулду. Дагы өзгөрүүлөр боло турганы кабарланды. Жогорку Кеңештеги “Республика” партиясынан депутат Курманбек Дыйканбаев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Кечээги өзгөрүүлөрдү кандай баалайсыз? Муну өкмөт дарегине айтылган сындан улам ушундай өзгөрүүлөр башталды деп кароого болобу?

Курманбек Дыйканбаев: Болот. Себеби биз ушуга келатканбыз. Өкмөт бир жылдын ичинде иштей албаганын, команда болуп өзгөрүү кылууга жөндөмсүз экенин көрсөттү. Абдылда Суранчиевдин кеткени абдан туура болду. Бирок бир-эки министрдин кеткени менен өзгөрүү болбойт.

23 жылдын ичинде 27 премьер-министр алмашты. Биз системаны алмаштыруубуз керек. Биз 23 жылдын ичинде административдик-функционалдык реформа жүргүзө албай койдук. Ким эмнеге жооп берерин билбейбиз. Мамлекеттик чиновниктердин саны көп, сапаты жок. Ошон үчүн кескин түрдө министрликтерди кыскартуубуз керек. Жаштар министрлиги эмнеге керек эле? Эртеңки күнү анда Карылар министрлигин түзөлү. Ошон үчүн бириктирип, чакан, бирок сапаттуу министрликтерди түзүшүбүз керек.

“Азаттык”: Өкмөттө дагы бир катар өзгөрүүлөр болоору айтылууда. Муну кийинки жылы өтчү шайлоого даярдык катары бааласак болобу?

Курманбек Дыйканбаев: Антсе да болот. Бирок бүгүнкү күндө аткаруу бийлигинин да реформасын жүргүзүү керек. Мисалы, азыр “Жантөрө Сатыбалдиевден калган өкмөт”, “премьер-министр министрлер менен иштей албайт” деп ачык эле айтып жатабыз.

Экинчиден, коалициялык башкаруу деп коюп, коалиция өз кишилерин түртүп коюп, кесипкөй адамдарды түртпөстөн өзүнүн жердештерин, туугандарын, саясий партиялардын өкүлүн коюп эле эртең жооп берген эч ким болбой жатпайбы. Ушунун баары бизге сабак болуп, коалициялык көпчүлүк жоопкерчиликти алып, бийлик шайлоону да өткөрөт эле. Эл аткаруу бийлигинде өзгөрүү болобу деп күтүп жатпайбы.

“Азаттык”: Өкмөттү негизинен парламенттеги фракциялар курайт. Министрлери жакшы иштей албай койсо фракциялар кандай жоопкерчилик тартат же бирин иштен алып, ордуна башкасын сунуштоо менен гана чектелеби?

Курманбек Дыйканбаев: Эч ким жоопкерчилик алган жок. Төрт жыл сабак болду да. Жыйынтык болуш керек да. “Эл өкмөт качан сапаттуу реформа жүргүзөт” деп күтүүдө. Аны коалициялык көпчүлүк жүргүзүү керек. КСДП, “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жоопкерчиликти сезип, “өкмөт иштебей жатат, коррупция бар, акылдуу, ой жүгүрткөн өкмөт болбой жатат” деп ачык эле айтышы керек.

7-8 айдан бери газ жок, кымбатчылык башталды, бензин кымбаттаса эртең нан кымбаттаганы жатат. Эл кыйналып жатканын өкмөт түшүнбөй турат. Өкмөт асманда учуп жүрөт. Карапайым элдин мүдөөсүн билбей жатышат.

“Азаттык”: Кыш катуу болуп, суу сактагычта суунун көлөмү жетишсиз деп айтылууда. Энергетикада маселелер азаймак тургай көбөйдү. Энергетика тармагындагы жетекчилердин жоопкерчилигин кароо планда барбы?

Курманбек Дыйканбаев: Планда бар. Бүгүн кызматтан кетип калып, жооп берген эч ким жок. Мына ИИМдин министри кетип калды, эч кандай жоопкерчилик алган жок. Эртең Артыкбаев кетип калса, эч нерсе үчүн жооп бербейт.

“Азаттык”: Жооп бериш үчүн эмне кылыш керек?

Курманбек Дыйканбаев: Бир-эки министрди түрмөгө отургузуу керек. Министрдин портфелине барам деген киши катуу ойлонгудай болушу шарт. Бизде болсо жоопкерчиликти ойлобой эле, “акча табайын, байлык табайын, эртең, бир жылдан кийин эмне болсо ошол болсун” деп кол шилтеп коюшат.

“Азаттык”: Кышка даярдык көңүлгө толбой, азык-түлүк күн санап кымбаттап, доллар 54 сомдон ашып жаткан чакта, ашууда ат алмаштырган канчалык туура?

Курманбек Дыйканбаев: Дагы узартсак мындан да жаман болобуз. Эртең бир доллар 58ге чыгып кетет, мындан да кымбат болот. Жайында өкмөт эс алыш керек беле? Акимдер, губернатордун баары эс алып жүрдү. Чөп кымбаттап жатканын көрүп туруп, кетип калышты.

Тескерисинче, жолдун тегерегиндеги чөптүн баарын чаап алыш керек болчу, элге жардам бериш керек эле. Таш көмүрдү жеткирип, баасын төмөндөтүү керек эле. Бензин кескин кымбаттап жаткан чакта чек арада 500 вагон турат. Жада калса ошону киргизе албай жатабыз. Газды чече албай койду. Өкмөт эмне кылып жатат? Деги барбы? Ким кыйналып жатат? Эл кыйналууда. Бул өкмөт бизди мындан дагы жаман нерсеге алып барат.

XS
SM
MD
LG