Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Сарыгулов: Акаев артыман түшкөн


Экс-мамлекеттик катчы, Кыргызалтындын мурдагы жетекчиси Дастан Сарыгулов Кумтөр боюнча “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Сиз Кумтөр боюнча президентке жана парламентке кайрылуу жолдодуңуз. Кайрылуунун өзөгү туурасында айтып берсеңиз?

Дастан Сарыгулов: Кыргызстан албай калган 2003-2012-жылдардагы 3 млрд. долларды кыргыз элине кайтаруу аракетин көрбөйсүңөрбү деген сунуш менен кайрылгам. Бул элге өтө маанилүү да. Анда мен “Центерра” менен түзүлгөн документ коррупциялык, акылга сыйбаган келишим болгон деп көрсөтүп бердим.

1993-1994-жылдары Кумтөр боюнча келишим беш жолу Жогорку Кеңеште, сегиз жолу өкмөттүн жыйындарында талкууланган. Ал эми “Центерра” боюнча келишим өкмөттүн жыйынында бир да жолу талкууланган эмес. Ага ошол кездеги премьер-министр жалгыз өзү кол коюп койгон. Коррупция оркоюп көрүнүп турбайбы.

Эң негизгиси, эгер “Центерра” болбосо, Кумтөр өзүнүн ишин 1994-жылдагы келишимдин негизинде уланта берсе, 67% пайдадан Кыргызстандын үлүшү катары анда 2,8 млрд. доллар кыргыз элине тиймек. Мен ошого күйүп атам.

“Азаттык”: Аны кантип кайтарып алыш керек?

Дастан Сарыгулов: Мен бүгүн президент Алмазбек Атамбаевге ачык кат жаздым. Ошондо бул акчаны кайтарып алуу жолдору бар экенин айттым. “Коомдук шартта, эксперттер тобу сиз колдосоңуз ошонун аракетин кылалы. Канада болобу, Нью-Йорк болобу, Евробиримдик болобу, сотко доо арыз даярдайлы” дедим.

Ал жерде биз эки өтүнүч менен кайрылабыз. Биринчиден, 2004-жылдагы “Центерра” менен кол коюлган келишим коррупциялык, демек кылмыштуу деп табылсын. Экинчиден, “Центеррадагы” мурдагы өнөктөш “Камеко” Кыргызстанга 3 млрд. доллар өзүнүн 67% пайдадан түшкөн үлүшүн төлөп берсин деп кайрылыш керек. Өздөрү салыкты төлөбөгөндү айоосуз жазага тартат, анан коррупцияга каршы чыгышат. Ошону негиздеп бериши керек. Эгер 2003-жылдагы келишим болбосо, Кыргызстан 3 млрд. долларды алмак. “Центеррага” берип койгон үчүн албай калды.

“Азаттык”: Ушул маселе боюнча так маалыматыңыз барбы? Негиздеп бере аласызбы?

Дастан Сарыгулов: Баарын жөнөтүлгөн катта негиздеп, эсебин айтып бердим да.

“Азаттык”: Ушул каражаттарды албай калганы үчүн сиз мурдагы президент Аскар Акаевди күнөөлөп жатасызбы?

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр оперейтинг компанинин" президенти Майкл Фишер менен, 1-октябрь, 2012-жыл
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр оперейтинг компанинин" президенти Майкл Фишер менен, 1-октябрь, 2012-жыл
Дастан Сарыгулов: Жалаң эле Акаев эмес, ошол “Центеррага” тиешеси бар министрлер, ал келишимди түзүп, аны колдогон депутаттар, адистердин баары күнөөлүү Акаев баш болуп.

20 жылдан бери биз сырттан карыз акча сурап келатабыз. Эми карыз сурабай эле өзүбүзгө тиешелүү 1994-жылкы келишимдин негизинде Кумтөрдүн биз ала турган 67% пайдасынан 3 миллиардды эмнеге биз карматып чыгарып жиберишибиз керек? Ал үчүн күрөшүш керек. Жогорку Кеңеш да талкууда, министр Сариев да комиссиясында бул маселени койгон жок. Келишимди оңдойбуз дейт. Оңдосо оңдосун, бирок акчаны алып келсин да.

“Азаттык”: Сиз айрым маектериңизде “Центерра” боюнча келишимге бир да талкуу болбой туруп кол коюлган деп айтып жүрөсүз?

Дастан Сарыгулов: Атүгүл өкмөттүн жыйыны болбоптур да. Бир да жыйыны болбоптур. Мен иштеген келишим 1993-1994-жылдардагы сегиз жолу өкмөттүн жыйынында каралган.

“Азаттык”: Акаев өзү бул боюнча бир катар талкуулар болгонун айтып жатат?

Дастан Сарыгулов: Мен Садыр Жапаров жетектеген комиссиянын материалына таянып айтып жатам. Анткени 2003-жылы менин Кыргызалтындан кеткениме беш жыл болгон. Эгер адистердин катышуусу менен талкууланса, анда мындай жыйынтык болбойт эле, “Центеррага” өтүп кетпейт эле да.

“Азаттык”: Сиздин ошол кезде кызматтан кетишиңиз да Кумтөргө байланыштуу болгон деп айтылып жүрөт. Маалыматтарга ылайык, биринчи келишимге сиз эч ким менен макулдашпай туруп эле кол коюп койгон экенсиз. Анда “Камекого” бир катар салык жагынан жеңилдиктер берилип калган экен. Ушул чынбы?

Дастан Сарыгулов: Акаев калп айтып атат, 1998-жылы “Камекого” жеңилдиктерди бериптир деп. Бул акылга сыйбаган иш да. Себеби 1994-жылкы келишим 29 министрлердин колу менен токтом аркылуу кабыл алынган. Мен ага толуктоолорду киргизе алмак эмесмин. Мен толуктоолорду киргизген учурда да Салык кызматы тоготмок беле!? Бул жөн эле бет тырмалык да, мага жалаа жабуу да. Мени ал үчүн эмес, Акаевди тынбай сындаганым үчүн алган.

“Азаттык”: Башкы прокуратура Кумтөр келишими боюнча кылмыш ишин козгоду. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишим түздү дегендердин катарында сиздин атыңыз да аталып жүрөт. Буга кандай карайсыз?

Дастан Сарыгулов: Ошону Сариев жетектеген мамлекеттик комиссия калыс карабай койду. Кумтөрдүн биринчи кадамы 1997-жылдан 2002-жылга чейин өзүн толук актады. Кумтөрдү курду, насыяны алды, долбоордогу белгиленген көрсөткүчтөрдүн бардыгына жетти, насыянын үстөгүнөн кутулду. Мен бул ийгиликтүү этап деп эсептейм. Ал эми 2003-жылы, андан ары кылмыштуулук, коррупциялык, мамлекетти жана кыргыз элин пайдадан кур калтырган келишим деп ачык айтпай, күнөөнүн баарын мага жүктөп койбодубу. Бул саясий оюн, саясий каралоо, калыстык, адилеттүүлүк эмес.

“Азаттык”: Анда бул дооматтарды четке кагасызбы?

Дастан Сарыгулов: Жакын жолотпойм. Аны далилдеп берсин да. Мен келесоо эмесмин да, ал убакта Акаев менин артымдан катуу куугунтукту баштаган. Аны билип туруп мен кантип жеңилдиктерди киргизем?

“Азаттык”: Эми бул боюнча териштирүүлөр жүрө турганы айтылууда. Андай болсо сиз жооп берүүгө даярсызбы?

Дастан Сарыгулов: Эгер менин күнөөм болсо, жооп берүүгө даярмын.

XS
SM
MD
LG