Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:26

Атайын иликтөө / Коррупция

Башкы прокуратура: Пирматовду суракка тартуу керек

Башкы прокуратура парламентке кайрылып, “Республика” фракциясынын депутаты Исхак Пирматовго кылмыштык тергөө жүргүзүү үчүн кол тийбестик статусунан ажыратууну суранды.

Текст көлөмү - +
Депутатка өлкө түштүгүндөгү ири мунайзат ишканасын жетектеп турганда коррупцияга жол берген деген айыптар тагылууда. Ал эми Пирматов бул айыптоолорду четке кагып жатат.

Буга чейин “Республиканын” дагы бир депутаты Шаршенбай Абдыкеримов  мурда жетектеген арак чыгаруучу “Аюу” фирмасына салык жашырган деген айып менен иш козголгон. 

Прокуратура: Каржылык зыян келтирген

Башкы прокуратура “Республика” фракциясынын депутаты Исхак Пирматовго карата кылмыш ишин козгоп, аны жоопкерчиликке тартууну көздөп жатат. Депутатка 2008-2010-жылдары “Кыргызнефтегаз” ААКсын жетектеп турганда ишканага каржылык зыян келтирген деген айып коюлууда.

Башкы прокуратуранын Өзгөчө оор кылмыштар боюнча башкармалыгынын жетекчи орун басары Мелис Мурзаканов:

- “Кыргызнефтегаз” бензин, күйүүчү май жана мазут чыгарат. Аларды ошол кезде “Газпромнефть” жана “Кыргызпетролкомпани” компанияларына караганда арзан баада сатышкан. Мисалы, мазут тоннасы 10 миң болсо, аны төрт, беш, жети миңден саткан учурлар болгон.  

Мурзакановдун айтымында, ушул тапта келтирилген чыгымдар эсептелүүдө. Ал эми бейрасмий маалыматтарда эки жыл аралыгында ишканага 9 миллион доллардан ашык зыян келгендиги айтылып келатат. Башкы прокуратура Пирматовду тергөө ишине тартуу үчүн парламенттин макулдугун алуу зарыл болорун кошумчалады. Мелис Мурзаканов:

- Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Ошонун негизинде жыйынтык  чыгарабыз. Бирок бул жерде депутаттын кол тийбестиги бар. Ошол маселе чечилиш керек. Андан кийин башка иштер жүрөт. Азырынча Жогорку Кеңеш бизге кандай жооп берери белгисиз.

Ал эми Башкы прокуратура 21-февралда Пирматовду тергөө ишине тартууга уруксат берүүнү өтүнүп, Жогорку Кеңешке кат менен кайрылды. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, сунуш түшкөндөн кийин 48 сааттын ичинде депутаттык комиссия түзүлүүгө тийиш. Ал комисия бир ай аралыгында парламентке өз жыйынтыгын берип, андан соң парламент депутатты жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү, же бербөө чечимине келишет.

Пирматов: күнөөм жок

Жогорку Кеңештин шаршембиге белгиленген жалпы жыйынында комиссия түзүлүшү ыктымалдыгын депутат Исхак Пирматов өзү да ырастады.
Бирок ал өзүнүн бул иште эч кандай күнөөсү жоктугун айтууда. Анын билдиришинче, бул кылмыш иши өткөн жылы март айында эле козголуп, бирок анда кылмыштын курамы жок деген негиз менен токтотулган.

- Бул жерде эч кандай кылмыштын элементтери жок. Эгер анда кылмыш иши болсо, эки ирет кыскартмак беле? Кылмыш жок болгон үчүн кыскартылган. Эми бул жерде мен күнөөм жок деп айтып койо беришим мүмкүн. Бирок жогоруда айткандай, ал иште кылмыштын курамы жок деп кыскартылган болчу. Менимче, мындай аракеттер бул ишке кайсы бир кызыкдар адамдардын бар экенин билдирет. Ошон үчүн атайын ага басым жасап жатышат. 

Буга чейин 10-февралда өлкөдөгү эң ири “Аюу” арак заводуна да жасалма акциздик маркаларды колдонгон деп айып коюлуп, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жана Каржы полициясы кылмыш ишин козгогон. Бирок заводдун жетекчилиги муну четке кагууда. Бул фирма “Республика” фракциясынын башка бир депутаты Шаршенбек Абдыкеримовдун жакын адамы Ырысбүбү Абдыкеримовага таандык. Бирок фирманын чыныгы ээси депутат Абдыкеримов өзү экендиги айтылып келатат.

“Республика” фракциясынын депутаттарына карата бул иштерди коалициялык көпчүлүктүн ичиндеги келишпестиктер катары сыпаттагандар да жок эмес. Ошол эле кезде аны коррупцияга каршы чыныгы күрөш катары баалагандар да бар. Ал эми парламенттеги башка депутаттарга да кылмыш иши козголушу мүмкүн экендиги айтылууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Чал
23.02.2012 22:40
Оз кызыкчылыгы учун мамлекетке зыян келтиргендерди,ким экенине карабай уй мулкун конфискация кылып,оздорун отургузуш керек.Булар мазутту арзан сатып жинди болуша элек,разницасын накталай чонтоко салгандары корунуп турат.А.Атамбаев ушул нугунуздан чыкпай,жеп ичерлерден тазалансаныз жакшы болот.

кимден: Kylymbek каяктан: China
23.02.2012 15:00
Жедиби соттолуш керек,азыркы бийлик деле коррупция менен курошуудо популизмден арыла албай келет

кимден: Бурулай каяктан: ош
23.02.2012 09:42
Пирматовду колдоп жан талашып Келдибеков дагы бир топ депутат өлүп жатышат,минтип бири бирин колдобо баарына кесепети тиерин сезип калышты.Грузиядай кылганда парламентте олтурган депутаттардын азы эле калмак.Анткенге биздин өкмөттүн алы келбейт.Себеби өздөрү баары ууру.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
23.02.2012 23:03
Баарын соттош керек. Ошондо калса 7-8 депутат калат болуш керек калса. Анда жакшы болот ревалюциясыз жашап кийинки шайлоодо жаны чынчыл патриоттор келет. Камагандан кийин аларды шылтоо таап чыгарбаш керек турмодон. 10-15 ЖЫЛДАН КИЙИН ЧЫКСА. Жаны строй болуп эч теке кылалбай калышат эле.

кимден: вап каяктан: европа
23.02.2012 01:25
Пирматов жоопко тартылышы керек.Масштаб аябай чон!Албетте актанышат- ким эле мойнуна алат миллиондорду сугунган сон!!!

кимден: Эдик каяктан: Бишкек
22.02.2012 17:24
Азыркы парламенттегилердин 99 % таза эмес, ошондуктан депутаттык кол тийбестикти алышпайт.

кимден: Ильяс каяктан: Алай - Куу
22.02.2012 13:05
Албетте,"шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт "-дейт эмеспи,анын сыңарындай Пирматовду жөн эле кылмышка шектүү деп таппаса керек, бул нерсенин канчалык бир чындыгы бар.Эң эле өкүнүчтүүсү ишенген бийлик органдарыбыз дагы эле өз кызыкчылыгын ойлоп ,өткөн-кеткен ар турдуу жана көйгөйлүү окуяларга көз чаптырбай ар түрдүү ыплас иштерге аралашып жаткандыгыында. Эмне болсо да Ишенимдүү Сот органдарыбыз акты ак, караны кара деп адилеттүү чечим чыгарса болду.

кимден: Кочмон каяктан: Кылымдар
22.02.2012 12:53
Республикачыл Торобаев Жалал-Абад шаарынын мэрлигине озунун окул баласы, Сали Ата коомунун мучосун озу эле дайындап келбедиби, Республикачылар аша чаап баратышат, балким жазаланбастыгына ишенишет, биз бул партиядан коп умуттондук эле...

кимден: талант каяктан: Бишкектен
22.02.2012 12:53
Исхак Прматов озу айтып жатпайбы, эгер куноолуу болсом жооп берем деп, куноосу деле жок го, а Келдибековго эмне болуп жатат. прокурор отставкага кетсин деп? Бул деген расмий эл шайлаган адам да, кочодогу митингчилерди токтото албай жатса. Мамлекет деген ошол учун мамлекет, кызматка дайындагандарды кайра мамлекет жетекчиси алат да, кызматта тургандан кийин оз жумушун кылат, кылмыш - процессуалдык кодекс деген бар , же мыйзам чыгаруучу муну билбейби?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
22.02.2012 12:06
Пирмат менин жердешим болот да күнөөсүн мойнуна алдыра алышпайт биздин аттуу-башттуулар себеби:аны Бабанов калкалап турат.

кимден: Алмаз каяктан: Бишкек
22.02.2012 10:29
Пирматов болобу, Акматов болобу, Иванов болобу өлкөгө зыяны тийген паракор болсо камаш керек. Учурдагы депутаттардын көпчүлүгү буга чейин арам акчалар менен байып, өткөн парламенттик шайлоодо каржынын күчү менен депутат болгон. Бул чындык, ишенип койгула, ишенип койгула (Атамбаев айткандай). Учурдагы ЖК Пирматовдун кол тийбестигин ажыратпай койсо аларды таркатыш керек. Пирматов куноосу болсо камалышы керек!!!! Исхак калп эле элге күйгөн патриот болбой.
Пикирге жооп

кимден: Ташчайнар каяктан: Тоолор
22.02.2012 12:33
Эл арасында, Пирматов жонундо коп нааразычылык пикирлер бар, жаштарды тарбиялоодо да терс таасири бар, анткени акчалуу болуу башкы максаттыгын бекемдеп келет, кетирген зыянын толоп бериши керек, генералдык прокуратура таасир эте албаса коомдо жалпы эле бийликке тескери пикир кучойт!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине