Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Кадыралиевге сот "мээрим" төктү...


Канжар Кадыралиев
Канжар Кадыралиев

Башкы прокуратура кылмышка шектелген экс-прокурор Канжар Кадыралиевдин үй камагына чыгарылышына нааразы болуп Жогорку Сотко кайрылды.

Беш айга жакын тергөө менен кызматташпай, жакында гана кармалган Кадыралиев саламаттыгына байланыштуу өткөн аптанын аягында үй камагына чыгарылган эле. Соттун мындай чечимине экс-прокурордон жабыркадык деген тарап нааразы болуп жатат.

Канжар Кадыралиевдин баш коргоо чарасын 10-апрелде Бишкек шаардык соту карап, үй камагына чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган.

Күтүлбөгөн сот чечими

Бирок коомчулукка бул чечим тууралуу дүйшөмбүдө гана белгилүү болду. Мындай маалыматты “Азаттыкка” Кадыралиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов тастыктады:

- Кадыралиевдин баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөнү чындык. Ал учурда ооруканада. Операциядан соң калыбына келип жатат. Сот өкүмдү өзгөртүүдө анын саламаттыгын жана тергөө менен кызматташып, өзү келгенин эске алды.

Шаардык соттун Кадыралиевди үй камагына чыгаруу чечимине Башкы прокуратура нааразылык билдирип чыкты. Бул мекеменин маалымат кызматынан өкүлү Санжар Абжаловдун айтымында, башкы көзөмөл орган сот чечимине макул болбой, Жогорку Сотко кайрылды:

- Айыпталуучунун адвокаты Кадыралиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирген. 10-апрелде Бишкек шаардык соту аталган өтүнүчтү канааттандырып, Кадыралиевди үй камагына чыгарган. Ошол эле күнү мамлекеттик айыптоочу бул чечимге макул болбой, Жогорку Сотко шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу сунушталды.

Башкы прокуратура өткөн жыл аягында Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжарга карата бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Мындан кийин Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин сыртынан чыгарган.

Андан бери Кадыралиев кайда экени белгисиз болуп, Интерпол аркылуу да изделген эле. Бирок 26-мартта Кадыралиев ден соолугуна байланыштуу дарыгерлерге кайрылып, андан кийин өз эрки менен прокуратурага келген. Ооруканага кайрылган учурда экс-прокурор Бишкектеги карындашы - депутат Ыргал Кадыралиеванын үйүндө жашырынып жатканы белгилүү болгон. Мындан соң Бишкектин Октябрь райондук соту Канжар Кадыралиевди бир айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок ал ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылып, кайтарууда болчу.

Атамбаевдин назарындагы иш эле...

Былтыртан бери Канжар Кадыралиевдин иши коомчулукта абдан көп талкууланып, атүгүл бул ишти мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев өз көзөмөлүнө алган эле. Анда Атамбаев укук коргоо органдарына бул боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп, айыптууларды жазалоо тапшырмасын да берген. Эми президент өзү көзөмөлгө алган иш боюнча айыпталып, тергөөдөн узак убакыт качып жүргөн адамдын үй камагына чыгарылышы көпчүлүк элде бүдөмүк суроолорду жаратты.

Эң ириде түзүлгөн кырдаалды Кадыралиевден кордук көрдүк деп милицияга арыз жазган өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү түшүнбөй турат.

Келдибаевдин агасы Илястын айтымында, айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү жараяны жашыруун өткөн:

- Сот жараяны тууралуу эч кимге маалымат берилбей туруп эле Кадыралиев үй камагына чыгарылыптыр дегенди угуп алып, аябай таң калдык. Эми президенттин көзөмөлүндө турган ишти ушундай жол менен чечип жаткан сотторду кудайга койдук. Биз анын ооруп жатат дегенин эле уктук. Бирок эмне менен ооруп жатканы да белгисиз бойдон калууда.

Жабыралануучу тарап ошондой эле бийликте Канжар Кадыралиевди калкалаган чоң күчтөр бар деп шектенип жатышат. Анын үстүнө Кадыралиевди үй камагына чыгарган судьяга Ак үйдөгү үлкөн кызматкерлердин бири телефон чалганы тууралуу кеп тарады. Муну “Азаттыктын” ишенимдүү булактары да ырасташты.

Өмүрбек Абдрахманов
Өмүрбек Абдрахманов

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов мындай маалымат чындыкка жакын деп ишенет:

- Эң негизги калкалоочу күч анын Социал-демократтар фракциясындагы туугандары болуп жаткандай. Беш айга жакын качып жүргөн адамдын эркиндикке чыгарылышы түшүнүксүз нерсе. Ал үчүн президенттик аппарат же башка жогорку жактан буйрук болмоюн сот андай чечим кабыл албайт.

Ал эми Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи Султангазы Касымов соттордун талаш жараткан чечимдери коомчулукта бийликтин бул бутагына ишенимди азайтып жатат деген пикирде:

- Негизи качып, тергөөгө тоскоолдук кылганы анын кылмышынын оорлотчу жагдайлар катары саналышы керек. Мындай учурда ден соолугу начарласа, абактагы ооруканага жаткырууну карашчу эле. Балким адвокаты анын ден соолугу начарлады деп негиздүү жүйө келтирсе керек. Бирок мыйзамды буйлаланган төө катары караган учурлар көп болуп жатат. Ошон үчүн эл арасында сот системасына карата ишеним төмөн.

Ошентип өткөн күздөн тарта коомчулукта кызуу талкууланган Канжар Кадыралиевдин ишинде дагы бир жаңы жагдай жаралгандай. Эми мыйзамга ылайык, Башкы прокуратуранын Кадыралиевди кайрадан камакка алуу боюнча арызын Жогорку Сот бир айдын ичинде карашы керек.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG